Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2016-жылдын 22-сентябрындагы П № 87-VI протоколдук тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Отун–энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 2016-жылдын 22-ноябрындагы чечими

29-11-2016
17:35

Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеӊешинин  2016-жылдын

22-сентябрындагы П № 87-VI протоколдук тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Отун–энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин

2016-жылдын  22-ноябрындагы

 

ЧЕЧИМИ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Отун–энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты П.Р.Тулендыбаевдин турак жай массивдерди газдаштыруу маселелеси боюнча кайрылуусун карап чыгып, төмөндөгүнү белгилейт:

Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети төмөндөгүнү белгилегендей, Кыргыз Республикасынын газ менен жабдуу жана газдаштыруунун 2030-жылга Генералдык схемасы 2015-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кеӊейтилген жыйналышында каралып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30-январындагы № 22-р тескемеси менен кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин 2015-жылдын 3-февралындагы буйругу менен Генералдык схемасы макулдашылган.

Генералдык схемага ылайык Кыргыз Республикасынын бардык областтарында  газдаштыруу пландаштырылган, так айтсак, Бишкек шаарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош областтарында  жана Ош шаарында негизги ыкма болуп газдаштыруу саналат, ал эми Ысык-Көл, Нарын жана Баткен областтарында жаратылыш суюлтулган газды пайдалануу менен автономдук газдаштыруу каралган, аны менен камсыз кылууга суюлтулган орнотмолор жана тийиштүү инфратүзүмдөр түзүлөт.

2016-жылы Бишкек шаарындагы  турак жай  массивдерди газдаштыруу боюнча толук масштабдуу курулуш-куроо жумуштары башталган. Жылдын аягына чейин жалпы узундугу 47 км түзгөн Бишкек шаарынын жана Чүй областынын Мыкан айылындагы 9 турак жай массивдеринде  2500 үй чарбасынан ашык ишенимдүү газ жабдуусу менен камсыз кылып, бөлүштүрүүчү тарамдардын курулушунун бүтүрүлүшү пландаштырылган.

2017-жылы  узундугу 260 км түзгөн Бишкек шаарынын 7 турак жай массивдеринде жана Чүй областынын 5 калктуу конуштарында жалпы узундугу 200 км түзгөн курулуш-куроо жумуштары пландаштырылган.

 

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Комитет төмөндөгүдөй чечим кабыл алды: 

 

 1. Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маалыматы эске алынсын.

2. Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары А.Өмүрбекова Жогорку Кеӊештин 2016-жылдын 22-сентябрындагы П № 87-VI протоколдук тапшырмасын контролдон алып салсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жаратылыш газдын жоготуу ченемдери жөнүндө маалымат берсин жана келерки жылдарга карата  ченемдерди бекитүүдө жоготууларды азайтуу боюнча такай иш алып барсын.  

4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Отун–энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине жүктөлсүн.

 

 

         

Комитеттин төрагасы                                                                 К.Рыспаев