Сыдыков Данияр Сабиллаевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 2016-жылдын 13-декабрындагы
ЧЕЧИМИ
Ош райондук электр тармактарынын “Ошэлектро” ААКынын жетекчиси Сыдыков Данияр Сабиллаевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө сунуштаманы карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети төмөнкүлөрдү белгилейт:
Сыдыков Данияр Сабиллаевич 1968-жылдын 8-июнунда Ош областынын Кара-Суу районунда туулган. 1995-жылы Ош техникалык университетин инженер-механик адистиги боюнча бүтүргөн. 1997-жылы университетти “Электр энергиясы менен камсыз кылуу” адистиги боюнча аяктаган жана инженер-электрик квалификациясы ыйгарылган.
Өз эмгек жолун 1995-жылы энергетика чөйрөсүндө баштаган.
2013-жылдан азыркы мезгилге чейин Ош райондук электр тармактарынын “Ошэлектро” ААКынын жетекчиси. Энергетикалык тармакты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Д.С. Сыдыков Ош шаарынын шаардык кеңешинин, мэриянын жана Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланган.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде комитет төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
Комитеттин төрагасы К.Рыспаев.