Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Эсептелген төгүмдөр боюнча карыздарды жабуу үчүн төлөмдөрдүн планы жөнүндө Өнөр жайлык өнүгүү боюнча Бириккен Улуттар Уюму менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу долбоорун жактыруу жөнүндө буйругунун долбоорун жактыруу жөнүндө

21-12-2016
10:04

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Эсептелген төгүмдөр боюнча карыздарды жабуу үчүн төлөмдөрдүн планы жөнүндө Өнөр жайлык өнүгүү боюнча Бириккен Улуттар Уюму менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу долбоорун жактыруу жөнүндө буйругунун долбоорун жактыруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын

пайдалануу боюнча комитетинин

2016-жылдын 20-декабрындагы

 

ЧЕЧИМИ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Эсептелген төгүмдөр боюнча карыздарды жабуу үчүн төлөмдөрдүн планы жөнүндө Өнөр жайлык өнүгүү боюнча Бириккен Улуттар Уюму менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу долбоорун жактыруу жөнүндө буйругунун долбоорун жактыруу жөнүндө долбоорун карап чыгып, төмөндөгүлөрдү белгилейт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Эсептелген төгүмдөр боюнча карыздарды жабуу үчүн төлөмдөрдүн планы жөнүндө Өнөр жайлык өнүгүү боюнча Бириккен улуттар уюму менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу долбоорун жактыруу жөнүндө буйругунун долбоору Өнөр жайлык өнүгүү боюнча Бириккен улуттар уюмунун (мындан ары “ЮНИДО”) эсептелген төгүмдөрүн этаптык төлөө максатында даярдалган.

Ошентип азыркы күнү“ЮНИДОго” болгон карыздардын жалпы суммасы 383 041 (үч жүз сексен үч миң кырк бир) еврону түзөт. Көрсөтүлгөн сумманы тиркелген макулдашуу кабыл алынган күндөн тартып беш жылдын ичинде узартуу жолу менен төлөө каралып жатат.

Муну менен бирге бул буйруктун долбоорун кабыл алуу учурунда алгачкы төгүм 80000 АКШ доллар өлчөмүндө Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин (мындан ары Мамкомитет) атайын каражаттарынын эсебинен тиркелген макулдашууга кол коюлгандан кийин төлөнөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан республиканын өнөр жай секторун өнүктүрүү үчүн натыйжалуу иш-чараларды иштеп чыгуу боюнча ЮНИДО менен кызматташуу боюнча активдүү иш жүргүзүлүп жатат, ошондой эле ЮНИДО менен жолугушуунун маанилүүлүгү жана актуалдуулугу белгиленет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2016-жылдын аягына чейин 75 287, 03 еврону төлөп берет. Жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  76 938, 49 еврону төлөп турат. Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги тарабынан 2016-жылдын 14-июлундагы каржылоо тапшырмасы аркылуу мүчөлүк төгүм  2 156 евро төлөнүп берилген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ЮНИДОнун колдоосу менен Кыргызстандагы берилип жана туруктуу өнөр жайлык өнүгүүгө жетишүү үчүн Өлкөлүк өнөктөштүк боюнча программаларды иштеп чыгууга, ошондой эле бул долбоордун алкагында 2017-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнөр жайлык өнүктүрүү боюнча программаларды иштеп чыгууга техникалык жардам көрсөтүүгө кызыкдар.

ЮНИДО 2017-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнөр жайлык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууга тийиштүү акыркы чечимди кабыл алуу үчүн Россия Федерациясы тарабынан 500 000 АКШ доллары суммасында финансылык  каражаттар бөлүндү. ЮНИДО бул каражаттарды жогоруда аталган программаларды иштеп чыгууга техникалык жардам көрсөтүү үчүн жөнөтөт.

Министрликтердин жана ведомстволордун корутундулары бар. Кредиттик макулдашуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбейт, кандайдыр бир социалдык, укуктук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерди алып келбейт.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Комитет төмөндөгүдөй чечим кабыл алды:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Эсептелген төгүмдөр боюнча карыздарды жабуу үчүн төлөмдөрдүн планы жөнүндө Өнөр жайлык өнүгүү боюнча Бириккен Улуттар Уюму менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу долбоорун жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун долбоору жактырылсын.

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине жөнөтүлсүн.

 

 

Комитеттин төрагасы                                                                 К. Рыспаев