Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 2017-жылдын 24-январындагы “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААК-нын энергетикалык компанияларында электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун (ЭКЭАТ) киргизүүнүн абалы жөнүндө чечими

25-01-2017
14:51

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин

2017-жылдын 24-январындагы

 “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААК-нын энергетикалык компанияларында электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун (ЭКЭАТ) киргизүүнүн абалы жөнүндө

ЧЕЧИМИ

 

Электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутуму (ЭКЭАТ) – бул, электр тармактарындагы энергетикалык агымдар жөнүндө маалыматтарды аралыктан жыйноону, сактоону жана иштеп чыгууну камсыз кылуучу аппараттык жана программалык каражаттардын комплекси. ЭКЭАТ-ын милдети керектелген жана берилген энергиянын санын коюлган параметрлерди жана тарифтерди эсепке алуу менен так өлчөөдө, ошондой эле технологиялык маалыматтарды талдоо үчүн ыӊгайлуу формага автоматтык түрдө келтирүүдө турат.

ЭКЭАТ контролдоо-өлчөө аппаратурасынын, маалыматтарды берүү тармактарынын, компьютерлердин (серверлердин) жана программалык камсыздаманын жыйындысы болуп саналат. ЭКЭАТ-ын схематикалык структурасы 4 деӊгээлди камтыйт:

  • төмөнкү деӊгээлде баштапкы өлчөөчү приборлор (эсептегичтер) эсептөө чекиттеринде электр энергиясынын санын өлчөйт;
  • экинчи деӊгээлде маалыматтарды жыйноо жана даярдоо түзүлүштөрү (МЖДТ) – адистешкен өлчөө системалары же көп функциялуу программалануучу кайра түзгүчтөр энергияны эсепке алуунун программалык камсыздамасы (ПК) менен кошо жайгашат. МЖДТ аймактык бөлүштүрүлгөн эсептегичтерден өлчөө маалыматтарын сутка бою чогултууну, бул маалыматтарды топтоону, иштеп чыгууну жана жогорку деӊгээлине өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырат;
  • ЭКЭАТ-ын үчүнчү деӊгээли – бул, ар кайсы МЖДТ-дөн маалыматтарды жыйноо жана иштеп чыгуу борборунун (МЖКБ) персоналдык компьютери же сервери, ал маалыматтарды жыйынтыктап иштеп чыгууну жана талдоо жана башкаруу үчүн ыӊгайлуу формага айлантууну жүзөгө ашырат;
  • системанын жогорку деӊгээлинде үчүнчү деӊгээлдеги түйүндөрдөн  маалыматтарды жыйноо, кошумча структуралаштыруу, архивдештирүү, пайдаланылган электр энергиясы үчүн өз ара эсептешүүгө документтерди түзүү жүргүзүлөт.

ЭКЭАТ-ы киргизүүнүн артыкчылыктары талашсыз.

Азыркы убакта ЭКЭАТ “Кыргызстандын УЭТ” ААК-нда ийгиликтүү киргизилип жатат, аны Азия Өнүктүрүү Банкы финансылоодо.

Ошону менен бирге энергетикалык компанияларда ЭКЭАТ-ы киргизүүдө олуттуу кемчиликтер бар.

“Электр станциялары” ААК-нун бөлүктөрүндө ЭКЭАТ-ы киргизүү азыркы убакта пландалган да эмес. Компаниянын Комитетке берген маалыматында анын ишинин өзгөчөлүгүнө байланыштуу ЭКЭАТ-ы киргизүүнүн зарылдыгы жок деп билдирилген.

Бүткүл дүйнө жүзүндө ЭКЭАТ электр энергиясын иштеп чыгуунун, берүүнүн жана бөлүштүрүүнүн бардык стадияларында киргизилип жаткандыгын белгилөө керек.

Мисалы,  Россиянын тажрыйбасы муну күбөлөйт, анда 2000-жылдарда эле электр энергиясын генерациялоочу ишканаларда ЭКЭАТ киргизилген.

Азыркы убакта бөлүштүрүүчү компаниялар электрондук эсептегичтерди орнотуу менен гана алек болуп жатат, б.а. ЭКЭАТ-н төмөнкү (биринчи) деӊгээлиндеги жумушту аткарууда.

Бирок бул жумуш да, б.а. электрондук эсептегичтерди орнотуу да бөлүштүрүүчү компанияларда жай темп менен жүзөгө ашырылууда.

Электр энергиясын турмуш-тиричилик керектөөчүлөрүнө 1 млн.                    250 миӊдей электр эсептегичтер орнотулган. 

“Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААК-нын (мындан ары – Улутэнергохолдинг) маалыматы боюнча 2012-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин бардыгы болуп ЭКЭАТ-н 172 861 электр эсептегичи орнотулду, бул электр эсептегичтердин жалпы санынын 13,8 %н түзөт же жылына 3,4 % орнотулат. Анын ичинен: “Түндүкэлектр” ААК-нда - 164 200 даана, “Чыгышэлектр” ААК-нда - 2 464 даана, “Ошэлектр” ААК-нда - 3 044 даана, “Жалалабатэлектр” ААК-нда - 3 153 даана.

Электрондук эсептегичтерди мындай темпте орнотуу 29 жылдан кийин гана бүткөрүлөт.

Энергетикалык компаниялар тарабынан электр эсептегичтерди сатып алууда бирдиктүү стандарт колдонулбайт.

Электрондук эсептегичтин негизги борбору болуп микроконтроллер саналат, ага иш жүзүндө бардык функцияларды аткаруу жүктөлөт.

Бул функциялардын ар түрдүүлүгү микроконтроллердин программалык камсыздамасынан турат, ал электр энергиясын заманбап электрондук эсептегичтердин ажырагыс атрибуту болуп саналат.

Ошондуктан сервистик функциялардын жана аткарылуучу милдеттердин ар түрдүүлүгү  программисттин алдына кандай техникалык тапшырма коюлгандыгына жараша болот.

Эреже катары, ар бир жеткирип берүүчү электр эсептегичтерди белгилүү бир функциялар жана программалык камсыздама менен чыгарат, алар бардык эле учурларда башка жеткирип берүүчүлөрдүн электр эсептегичтеринин функцияларына дал келе бербейт, бул болсо кийин ЭКЭАТ-ы киргизүүдө олуттуу көйгөйдү жаратышы мүмкүн.

Улутэнергохолдингдин маалыматынан көрүнүп тургандай, электр эсептегичтер ар кайсы жеткирип берүүчүлөрдөн сатып алынат. Алар: SC «ADD-Production» SRL (Молдавия), Ningbo sanxing electric CO LTD (КЭР), Shenzhen inhemeter Co, Ltd (КЭР), Hexing electrical Co.Ltd (КЭР), Эльстер метроника (Россия), NIK (Украина), Ak-Ay Electric (Түркия), ТОО Смарт Инжиниринг Групп (Казакстан), «ENERKOM» ЖЧК (Бишкек ш.) жана «Элтехника»  ЖЧК (Бишкек ш.).

Энергетикалык компанияларда ЭКЭАТ-ы киргизүүнү унификациялаш үчүн электрондук эсептегичтерди сатып алууда бирдиктүү стандарттарды колдонуу жөнүндөгү буйрукту Улутэнерхолдинг 2016-жылдын ноябрында гана чыгарган.

Электр эсептегичтерди сатып алууда баа саясатында да бирдиктүү стандарт жок (төм. табл. кара).

 

Электр бөлүштүрүүчү компаниялар (ЭБК)

Сатып алуу датасы

Берүүчү

Саны, даана

Баасы, сом

«Түндүкэлектр» ААК

2013ж.

SC «ADD-Production» SRL (Молдавия)

115 000

182,6 евро

17.02.2016.

Нигбо Сансинг Медикал (Кытай)

38 405

7 290

2016ж.

Хенсинг (Кытай)

20 000

100 долл.

«Ошэлектр» ААК

07.12.2015.

ТОО Смарт Инжиниринг Групп (Казакстан)

300

3ф – 19 615

03.01.2016.

То же

200

3ф – 20 299

04.10.2016.

Нигбо Сансинг Медикал (Кытай)

2 360

3ф   100А

10 482,9

04.10.2016.

Нигбо Сансинг Медикал (Кытай)

100

3ф    7,5А

12 472,125

10.10.2016.

Нигбо Сансинг Медикал (Кытай)

500

1ф – 6 264

18.11.2016.

Нигбо Сансинг Медикал (Кытай)

40

3ф   100А

10 118

«Жалалабатэлектр» ААК

01.12.2015.

«ENERKOM» ЖЧК

Бишкек ш.

2 389

3ф – 14 350

1ф – 8 400

«Чыгышэлектр» ААК

17.05.2016.

ОсОО «Eltechnica»,

Бишкек ш.

2 000

200

9 090,85

9 621,95

 

Таблицадан көрүнүп тургандай, сатып алынган электр эсептегичтер техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча болжол менен бирдей болсо да, баасы боюнча орчундуу ажырымданат.

Мындан тышкары, Комитетке Жалалабат областынын ишкерлер бирлигинин мүчөлөрү арыз менен кайрылган, анда “Жалалабатэлектр” ААК аларды электр эсептегичтерди базардан сатып алууга мажбурлап жаткандыгы айтылат (арыз тиркелет). Бул жерде “Жалалабатэлектр” ААК сатып алган электр эсептегичтер кайда? деген суроо табигый түрдө келип чыгат. Эгерде “Жалалабатэлектр” ААК эсептегичтерди 14 350 сомдон сатып алса,  эмнеликтен электр эсептегичтердин баасы базарда 16 000 сом болуп жатат?

ЭКЭАТ-ы киргизүүгө системалуу мамиле жасалган жок.

Бөлүштүрүүчү компанияларда ЭКЭАТ-н жогоруда айтылган башка үч деӊгээлин киргизүү боюнча тийиштүү чаралар көрүлбөй жатат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бөлүштүрүүчү компаниялардын алдына электр энергиясынын жоготууларын 12 %га чейин түшүрүү милдетин койгон. Экономикасы өнүккөн өлкөлөрдө бул көрсөткүч орточо 6 - 7%ды түзөрүн белгилөө зарыл.

Ушуга байланыштуу Улутэнергохолдинг “Кыргыз Республикасынын аймагында ЭКЭАТ-ы жергиликтүү өндүрүүнү өнүктүрүү” долбоорун демилгеледи.  

Бул долбоордун алкагында Улутэнергохолдинг, кыргыз-орус өнүктүрүү фонду каржылоосу аркылуу, 200 миӊ электрондук эсептегичти сатып алууну караштырууда.

Улутэнергохолдинг электрондук эсептегичтерди орнотуунун эсебинен бөлүштүрүүчү компанияларындагы электр энергиясынын жалпы жоготууларын 12 %га чейин түшүрүүгө ниеттенүүдө, бул жылына  150 млн. кВт саатты түзөт.

Бирок, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Физикалык-техникалык проблемалар жана материал таануу институтунун “Адаптациялык жана интеллектуалдык тутумдар” лабораториясынын башчысы, техникалык илимдердин доктору, Кыргыз Республикасынын  Улуттук  Илимдер Академиясынын (мындан ары КР УИА, т.и.д.)  корреспондент мүчөсү Т.Т. Оморовдун пикиринде электр энергиясынын жоготууларын азайтуу маселесин чечүү боюнча мындай божомол жана мамиле жасоо ката болуп саналат.

Ал электр эсептегичтерин орнотуу менен эле жогоруда көрсөтүлгөн долбоордо келтирилген натыйжаларга жетишүүгө мүмкүн эмес, анткени эсептегичтер өздөрү эле бөлүштүрүүчү электр тармактарынын симметриялуу эмес иштеши, электр энергиясынын санкциясыз алынуусу (уурдалуусу), линиялардын эскириши жана тармактан токтун кетиши сыяктуу түйүндүү бузуучу факторлорду четтете албайт деп белгилейт.

“Акылдуу” эсептегичтердин негизги функциясы зарыл параметрлерди өлчөө (электр энергиясынын, керектелүүчү кубаттуулуктун, токтун жана чыӊалуунун саны) жана тармактын абоненттеринин керектөөсүнүн               зарыл деӊгээлин белгилөө менен гана чектелет. Алар коммерциялык жоготуулардын адам фактору (контролер менен тармак абонентинин сүйлөшүп алуусу) менен шартталган бөлүгүн гана азайтууга мүмкүндүк берет. Мында  электр энергиясынын симметриялуу эместиги жана уурдалуусу менен шартталган техникалык жана коммерциялык жоготууларды ЭКЭАТ-н курамында атайын чараларды көрбөстөн азайтууга мүмкүн эмес.

Окумуштуунун пикиринде жогоруда айтылган долбоордо пландалган натыйжаларга реалдуу жетишүү үчүн маселелерди комплекстүү чечүү максатка ылайыктуу болот. Ал билдиргендей, жогоруда аталган институт азыркы убакта Россия Федерациясынын Омск шаарындагы «МИР» Илимий-техникалык бирикмеси менен бирдикте ЭКЭАТ-н жаӊы функциялык милдеттерин чечүү үчүн алгоритмдик жана атайын программалык камсыздаманы түзүү жагында иш жүргүзүп жатат (анын бул маселе боюнча сунуштары тиркелет). 

ЭКЭАТ-ы киргизүүдө олуттуу көйгөй «Түндүкэлектр» ААК-нда түзүлдү. Белгисиз себептер  менен ZTE Корпорациясынан (КЭР) № 112д/448 жана                   № 112д/448  31.12.2010-ж. келишимдери аркылуу «Түндүкэлектр» ААК-сы сатып алган, жалпы суммасы  6 млн. АКШ долларын түзгөн ЭКЭАТ байланыш системасынын жабдууларын монтаждоо жана иштетүүгө киргизүү  жүзөгө ашырылбай жатат.

«Түндүкэлектр» ААК 2011-жылдын аягында жабдуулардын жалпы наркынын 20 %н - 1 млн. 128 миӊ АКШ долларын төлөгөн. Калган сумманы келишимге ылайык, товарды алгандан кийин төлөөгө тийиш эле. ZTE Корпорациясы 2011 – 2013-жылдарда жабдууларды «Түндүкэлектр» ААК-на берүүнү толук аяктаган.

«Түндүкэлектр» ААК жеткирип берүүчүгө  калган сумманы төлөй элек жана кымбат жана керектүү жабдууларды монтаждоону жүзөгө ашырган жок. Жабдуулар бир нече жылдан бери кампада турат жана адистердин айтуусунда аларды сөздүн тике маанисинде чычкандар кемирип жатат.

«Түндүкэлектр» ААК-нун жетекчилигинин:

- кандай максатта баалуу жабдууларды кампада кармап турганы?

- мындан ары бул жабдууларды эмне кылууга ниеттенгени? тууралуу позициясы айкын эмес.

«Түндүкэлектр» ААК бул жабдууларды жеткирип берүүчүгө кайра кайтарып бере албайт. «Түндүкэлектр» ААК-нун юридикалык бөлүмү өзүнүн корутундусунда төмөндөгүлөрдү тастыктаган:

- “Түндүкэлектр” ААК-нун жана ZTE Корпорациясынын ортосундагы келишимдер өткрүлгөн тендердин натыйжасында кол коюлган;

- Келишимдерде каралган пункттардын бири да «Түндүкэлектр» ААК-на келишимди оӊой-олтоӊ токтотууга же бузууга мүмкүндүк бербейт. Бул кырдаал контрагент келишимдер боюнча жабдууларды берүүнү аяктаганына байланыштуу күчөдү, алынган жабдуулардын наркы 5 млн. АКШ долларына жакын.

- ZTE Корпорациясы менен бул келишимдер боюнча соттук териштирүүлөр болгон учурда «Түндүкэлектр» ААК үчүн оӊ чечилиши өтө күмөндүү.

Бул жабдууларды орнотуу пайда алып келе башташы шексиз болучу. Мунун ордуна «Түндүкэлектр» ААК азыркы убакта чыгашага учурап жатат, анткени жабдууларды сактоо үчүн эле 2012-жылдан бери айына 67 000 сом төлөөдө.

Комитеттин пикиринде:

- Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы «Түндүкэлектр» ААК-нун жогоруда айтылган байланыш системасынын жабдууларын сатып алышынан улам мамлекетке келтирилген зыянды текшерүүсү зарыл;

- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы «Түндүкэлектр» ААКZTE Корпорациясына төлөгөн1 млн. 128 миӊ АКШ доллары өлчөмүндөгү сумманын электр энергиясына тарифтерди бекитүүгө байланышкан сарптоолорго кошулган-кошулбагандыгын текшерүүсү зарыл.

Адистер ырастагандай, иш туура уюштурулганда жабдууларды монтаждоону жана ишке киргизүүнү 6 айдын ичинде бүткөрүүгө болот. 

Бирок, өтүп кеткен убакытта жаӊы олуттуу маселе келип чыкты. Кытайлык компания окуткан 8 адистин кээ бирлерин “Түндүкэлектр” ААК-нун жетекчилиги жумуштан бошотту, кээ бирлери өздөрү кетип калышты. 

ZTE Корпорациясы “Түндүкэлектр” ААК-ун кызматкерлеринин суроолоруна төмөнкүдөй жооп берген:

- Бул жабдуулардын стандарты телекоммуникациянын эл аралык нормаларынын бардык талаптарына жооп берет.

- GSM cтандарттан айырмаланып  СДМА cтандартынын бул тиби  жолтоо болуулардан жана ыктымалдуу кибер чабуулдардан бекемиреек корголгон тип болуп саналат. Бул байланыш технологиясы адегенде аскердик максаттарда пайдаланууга арналган, демек бул байланыш каналына карата талаптар адаттагы жарандык байланыш технологияларына караганда башынан эле жогору болучу.

- Система 2 млн. ашуун абоненттерди тейлөөгө эсептелген, б.а. бул байланыш каналы “Түндүкэлектр” ААК-нун гана эмес, бүткүл республиканын электр энергия керектөөчүлөрүн камтыганга мүмкүнчүлүгү бар.

Комитеттин пикиринде иштеги мындай олуттуу кемчиликтерге жол бергендиги үчүн “Түндүкэлектр” ААК-нун жетекчилиги толук жоопкерчилик тартууга тийиш.

ЭКЭАТ-ы окумуштуулардын пикирлерин эсепке алуу менен, бардык стандарттарды жана илимий талаптарды сактап киргизүү зарыл.

Окумуштуулардын пикиринде Улутэнергохолдингдин бардык энергетикалык компаниялары, анын ичинде “Электр станциялары” ААК, “Кыргызстандын УЭТ” ААК, бөлүштүрүүчү компаниялар: “Түндүкэлектр” ААК, “Ошэлектр” ААК, “Жалалабатэлектр” ААК, “Чыгышэлектр” ААК жана чакан ГЭСтер да бирдиктүү ЭКЭАТ-на бириктирилиши керек, бул болсо электр энергиясын жоготуулардын деӊгээлин экономикасы өнүккөн өлкөлөрдүн деӊгээлине чейин түшүрүүгө мүмкүндүк берет, бардык эсептегичтерден көрсөткүчтөрдү керек болгон учурда бир убакытта алууга мүмкүн болот, энергиянын агымдары ачык-айкын болуп калат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөнүн энергетика системасында ЭКЭАТ-ы киргизүү боюнча Программаны кабыл алышы, б.а. бул маселени туруктуу контролго алышы зарыл. Мунсуз бул маселе чечилбейт. Башка өлкөлөр 15 жылдан ашык убакыттан мурда эле ЭКЭАТ-ы киргизип жана аны менен иштеп жаткандыгына карабастан, биздин энергетиктер эски ыкмалар менен иштөөнү улантып жана “иштин өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу ЭКЭАТ-ы киргизүүнүн зарылдыгы жок” деп айта беришет.

 

Улутэнергохолдингдин башкармалыгынын Төрагасынын орун басарыН. М. Садыковдун маалыматын угуп жана талкуулап, Комитет төмөнкүдөй чечимге келди:

 

  1. Улутэнергохолдингдин энергетикалык компанияларда ЭКЭАТ-ы киргизүү боюнча иши жетишеерлик эмес деп эсептелсин.

 

  1. Бул маселе Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин кароосуна киргизилсин.

 

 

               Комитеттин төрагасы                                                             К. Рыспаев