Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

«Теплые ключи» дарылоо-ден соолукту чыңдоо комплексин «Мүлк» Мамлекеттик ишканага өткөрүп берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 2017-жылдын 28-мартындагы чечими

30-03-2017
10:11

 

 

 

 «Теплые ключи» дарылоо-ден соолукту чыңдоо комплексин «Мүлк» Мамлекеттик ишканага өткөрүп берүү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин

2017-жылдын 28-мартындагы

ЧЕЧИМИ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети «Теплые ключи» дарылоо-ден соолукту чыңдоо комплексин (ДДчК) «Мүлк» Мамлекеттик ишкананын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Энергетика жана электротехника өнөр жай кызматкерлеринин профсоюзунун республикалык комитетинин төрагасы Ш.Осмоновдун кайрылуусун карап чыгып, төмөндөгүнү белгилейт.

«Теплые ключи» ДДчК Кыргыз ССР Энергетика жана электрофикация башкы өндүрүштүк башкармалыгынын кызматкерлеринин ооруларын алдын алуу, дарылоо жана эс алуусу үчүн 1977-жылы курулган жана пайдаланууга берилген болчу. Анда заказчик Бишкек ш. ЖЭБ болгон, андан соң бул объект анын балансына өткөрүлүп берилген. Кыргыз Республикасынын энергетикалык тармактарын мамлекеттен ажыратууда жана менчиктештирүүдө Өкмөттүн 1998-жылдын 5-июнундагы № 333 токтому менен «Кыргызэнерго» акционердик коомун мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программасы» жактырылган, ал 4 этапка бөлүнгөн. Бул программанын экинчи этабынын 6-пунктунда «Кыргызэнерго» АКнын жумушчуларын өндүрүштүн зыяндуу шарттарынан, ошондой эле табигый-климаттык шарттары оор бийик тоолуу райондордо иштөөгө байланыштуу калыбына келтирүү үчүн «Кыргызэнерго» АКга түздөн-түз арналышына ылайык пайдалануу максатында белгиленген тартипте төмөндөгү социалдык-маданий объекттер өткөрүп берилет: «Теплые ключи» профилакторийи, «Энергетик» пансионаты жана Ысык-Көлдөгү балдар лагери деп көрсөтүлгөн.

Ушуга байланыштуу «Теплые ключи» ДДчК азыркы убакка чейин «Кыргызэнерго» АКнын укук улантуучунун бири катары «Электр станциялары» ААКнын балансында турат.

Ошол эле кезде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду (мындан ары - фонд) бул маселе боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет:

Мамлекеттик мүлк фондунун 1997-жылдын 23-майындагы № 72 «Кыргызмамэнергохолдингди» кайра уюштуруу жөнүндө» токтомунун 5-пунктуна ылайык бул объект мамлекеттик менчикте калат жана тикелей арналышта пайдалануу үчүн өткөрүлүп берилет деген аныктамасы менен «Теплые ключи» ДДчК «Кыргызэнерго» АКга өткөрүлүп берилген.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тикелей инвестицияларды тартуу боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик комитетинин (азыркы ММБФ) 2002-жылдын 28-октябрындагы № 92-т. тескемеси менен «Теплые ключи» ДДчК «Электр станциялары» ААКнын жооптуу сактоосуна өткөрүлүп берилген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 134 токтомунда бекитилген Фонд жөнүндө жобого ылайык Фонддун укуктарына төмөнкүлөр, анын ичинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ыкчам башкарууга жана чарбалык карамагына берүү боюнча чечим кабыл алуу кирет.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Комитет төмөнкүдөй чечимди кабыл алды:

  1. Төмөнкүлөр сунушталсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна «Теплые ключи» ДДчКны «Электр станциялары» ААКнын балансында калтыруу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө «Теплые ключи» ДДчКны «Электр станциялары» ААКга менчикке өткөрүп берүү жөнүндө маселени кароо.

  1. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Комитетинин бөлүмүнө калтырылсын.

 

 

          Комитеттин төрагасы                                                                                    К. Рыспаев