Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Бишкек шаарын жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу боюнча долбоорду даярдоо үчүн грант берүү жөнүндө макулдашуу-катын жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тескемесинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 2017-жылдын 4-апрелиндеги чечими

10-04-2017
10:53

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Бишкек шаарын

жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу боюнча долбоорду даярдоо үчүн грант берүү жөнүндө макулдашуу-катын

жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тескемесинин долбооруна Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеӊешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин

2017-жылдын 4-апрелиндеги

ЧЕЧИМИ

 

 

            Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Бишкек шаарын жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу боюнча долбоорду даярдоо үчүн грант берүү жөнүндө макулдашуу-катын жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тескемесинин долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети төмөнкүлөрдү белгилейт. 

       2015-жылдын 13-майында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеӊештин жыйналышында жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу боюнча «Бишкек жылуулук тармагы» ААК долбоорун ишке ашырууга 25 млн. АКШ долларын бөлүп берүү жөнүндө Дүйнөлүк банкка табыштама берүү маселеси жактырылган.

         Кийин Бүткүл дүйнөлүк банктын эксперттери тарабынан «Бишкек жылуулук тармагы» ААК негизги жабдууларынын жылуулук техникалык абалына баа берилген, ал жылуулук менен камсыздоону реконструкциялоодо жана модернизациялоодо инвестициялардын зарылдыгын ырастады.

         Ушуга байланыштуу Бүткүл дүйнөлүк банк көрсөтүлгөн долбоордук документтерди даярдоо боюнча чыгашаларды жабууга 399 540 АКШ доллары өлчөмүндө гранттык каражаттарды берүүгө даяр экендигин билдирди.

         Тескеменин долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбейт жана коомдук талкуулоо жол-жоболорун өткөрүүнү талап кылбайт, ошондой эле тескеменин долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча чыгашаларды алып келбейт.

         Мында Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу зарылдыгын белгилөө керек.

         Жогоруда баяндалгандын негизинде Комитет төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

        1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Бишкек шаарын жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу боюнча долбоорду даярдоо үчүн грант берүү жөнүндө макулдашуу-катын жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тескемесинин долбоору жактырылсын.

         2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жиберилсин.

 

                  

                     Комитеттин төрагасы                                                                                  К. Рыспаев