Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету боюнча 2017-жылдын 18-апрелиндеги чечими

21-04-2017
11:49

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин

Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы иши жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету боюнча

2017-жылдын 18-апрелиндеги

ЧЕЧИМИ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети (мындан ары – Комитет) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушталган отчетун карап чыгып, төмөндөгүлөрдү белгилейт. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз иш-аракетинде макроэкономикалык жана социалдык стабилдүүлүктү сактоо жана 2013 – 2017-жылдардагы мезгилде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук Стратегиясында аныкталган стратегиялык артыкчылыктарга жана багыттарга жетишүү үчүн чараларды көрдү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отчетунда 2016-жылдын жыйынтыктары боюнча өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн негизги параметрлери жана экономиканын ар түрдүү тармактарын өзүнчө алгандагы өнүгүү тенденцияларынын мүнөздөмөсү көйгөйлөрдү жана жетишкендиктерди көрсөтүү менен чагылдырылган.

2016-жылдын башкы натыйжасы болуп экономикалык өсүштүн оӊ динамикасынын сакталып калгандыгы болду.

Өлкөбүздүн экономикалык өнүгүшүнө таасир тийгизген факторлор  биздин негизги соода өнөктөштөрүбүз болгон өлкөлөрдө экономикалык өсүштүн төмөндөшү/акырындашы болду – Россия Федерациясында -  99,8 %, Казакстан Республикасында - 101,0 %. Бул болсо соода каналдары жана өлкөбүзгө акча которуулардын агымынын көлөмү аркылуу ата мекендик экономикага таасир кылбай койгон жок.

2016-жылдын жыйынтыктары боюнча ички дүӊ өнүмдүн (мындан ары – ИДӨ) 458 млрд сом суммасында болду, реалдуу өсүш темпи 103,8 %ды түздү (2015-жылы реалдуу өсүш 103,9 %ды түзгөн). ИДӨнүн дефлятору 102,5 %  деӊгээлинде калыптанды.

Кумтөр кенин иштетүүчү ишканаларды эсепке албаганда ИДӨнүн өсүш темпи 103,7 %ды түздү, ал эми 2015-жылы бул көрсөткүч 104,9 %ды түзгөн.

Экономикалык өсүш экономиканын бардык секторлорунда камсыз болду, анын ичинде: айыл чарбасында көлөмдөр 3,0 %га, кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө - 3,0 %га, курулушта - 7,4 %га жана өнөр жайда - 5,2 %га реалдуу өстү.

Экономикалык өсүштүн 2016-жылга болжолдонгон деӊгээлине жетишилди  жана факт боюнча андан 1,1 пайыздык пунктка ашты.

Экономикада түзүлгөн тенденциялардын натыйжасында улуттук ИДӨнүн структурасында товарларды чыгаруучу тармактардын үлүшү 2015-жылдын деӊгээлинде калды жана 39,2 %ды түздү, кызматтарды көрсөтүүчү тармактардын үлүшү 0,7 пайыздык пунктка көбөйдү жана 49,8 %ды түздү.

 

                Реалдуу сектордун өнүгүшү (Өнөр жай)

 

2016-жылы өнөр жай ишканалары 205,3 млрд сом суммасында өндүрүм чыгарды. Өндүрүштүн физикалык көлөмүнүн индекси 2015-жылдын деӊгээлине карата 104,9 %ды түздү, Кумтөр кенин иштетүүчү ишканаларды эсепке албаганда  108 млрд суммасында өндүрүм чыгарылып, 2015-жылга салыштырмалуу 4,8 %га көбөйдү.

2016-жылы өнөр жай өндүрүмүнүн көлөмдөрүнүн өсүшү металл рудаларды казып алуунун көбөйүшүнүн (2,3 эсеге), тазаланган мунайлык заттарды өндүрүүнүн (44,4 %га), тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн  (16,7 %га), асыл металлдарды чыгаруунун (5,0 %га) эсебинен камсыз кылынды.

ИДӨнүн калыптанышына өнөр жай өндүрүшү тарабынан кошулган оӊ салым Кумтөр кенин иштетүүчү ишканаларды  (оӊ салымы 0,44 пайыздык пункт) кошо алганда 0,9 пайыздык пункт деӊгээлинде бааланат, ИДӨ чыгаруунун структурасында өнөр жайдын салыштырма салмагы 17,5 %ды түздү.

 

Мамлекеттик бюджеттин аткарылышы

 

             Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы

 

2016-жылы республикалык бюджетке ресурстардын келип түшүүсү 124 115,9 млн сомду түздү, бул болсо 2015-жылга салыштырганда  9 033,7 млн сомго же 7,8 %га көп.

Республикалык бюджеттин кирешелери 2016-жылы 100 825,6 млн сомду түздү, бул болсо 2015-жылдын көрсөткүчүнө салыштырганда 129,3 млн сомго көп.

Салыктык келип түшүүлөрдүн жалпы көлөмү 81 485,6 млн сомду түздү. 2015-жылдын фактысына салыштырмалуу кирешелердин көрсөткүчтөрү 9 156,1 млн сомго көбөйдү. Кирешелердин көлөмүндө салыктык келип түшүүлөрдүн үлүшү 80,8 %ды түздү.

Алынган расмий трансферттер 6 473,3 млн сомду түздү, бул болсо өткөн жылдын көрсөткүчүнө караганда  1 204,4 млн сомго аз. Мунун себеби 2016-жылга караганда 2015-жылы гранттык каражаттардын көп келип түшкөндүгүнө байланышкан.

Республикалык бюджетке салыктык эмес келип түшүүлөр 12 795,7 млн сомду түздү. Өткөн жылдын деӊгээлине карата алганда салыктык эмес келип түшүүлөр 7 893,4 млн сомго азайды. Мунун себеби 2015-жылы Жерүйдөн 5 111,6 млн сом жана Тереккан-Перевальноеден 1 364,1 млн сом суммасында каражат келип түшкөндүгүнө байланышкан.

 

Республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы

 

2016-жылы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин чыгаша бөлүгү 131 262,4 млн сом суммасында аткарылды. 2015-жылга салыштырганда жалпы чыгашалар 18 399,9 млн сомго  же 16,3 %га көбөйдү.

Корголгон беренелер боюнча республикалык бюджеттин аткарылышы  84 236,4 млн сомду түздү. Өткөн жылга салыштырганда корголгон беренелер боюнча чыгымдар 7 577,3 млн сомго же 9,9 %га көбөйдү.

Бюджеттик мекемелердин корголбогон беренелер боюнча чыгымдары республикалык бюджеттен 10 638,5 млн сом көлөмүндө аткарылды. 2015-жылдын ушундай эле көрсөткүчүнө салыштырмалуу бул көрсөткүч  827,4 млн сомго же 8,4 % пайызга көп.

Финансылык эмес активдерди сатып алууга чыгымдар 16 981,1 млн сомду түздү жана өткөн жылга салыштырмалуу 4 252,4 млн сомго же
33,4 %га көбөйдү.

Финансылык активдерди сатып алууга чыгымдар  3 833,2 млн сомду түздү жана өткөн жылга салыштырмалуу 436,8 млн сомго же 12,9 %га көбөйдү.

Милдеттенмелерди төлөөгө чыгымдар 15 573,2 млн сом түздү, өткөн жылга салыштырганда көбөйүү 5 305,8 млн сомду же  51,7 %ды түздү.

 

Мамлекеттик карыз: тышкы жана ички карызды тейлөө

 

2016-жылдын 31-декабрына карата мамлекеттик карыздын өлчөмү (тышкы + ички) 4 065,4 млн АКШ долларын (281 450,9 млн сом, бул ИДӨгө карата 56,6 %) түздү, анын ичинен:

- 3 742,7 млн АКШ доллары (259 110,5 млн сом) мамлекеттик тышкы карыз;

- 322,7 млн АКШ доллары (22 340,4 млн сом) мамлекеттик ички карыз.

Республикада жетиштүү даражада жакшы чалгындалган алтын кендери, таш көмүр жана күрөӊ көмүр кендери, калай, молибден, сурьма жана сымап, мунай жана газ кендери, жер астындагы суулар, кен байлыктардын башка түрлөрү бар.

Кен байлыктарды чыгарып алууну жана кайра иштетүүнү акыл-эстүү уюштурганда тоо-кен тармагы республиканын экономикалык өнүгүшүнүн  «локомотиви» боло алмак.

“Макмал алтын” комбинаты Макмал алтын кенинин базасында түзүлгөн, бул кен 1969 – 1977-жылдарда ачылган жана чалгындалган, 1986-жылы ишке киргизилген. Анын салыктык чегерүүлөрү Тогуз-Торо районун бюжетинин 95%н түзөт. 1986 - 1996-жылдары Макмал кени ачык (жер үстүндөгү) ыкма менен иштетилген. 2003-жылы комбинат кенди ачык иштетүүнү аягына чыгарган. Комбинаттын иштөө мөөнөтүн узаруу максатында кендин запастарын 2500 м горизонттон төмөн жер астынан алуу ыкмасы менен аягына дейре иштетүүгө жумушчу долбоорду түзүү тууралуу чечим кабыл алынган. Көрүлгөн чаралар комбинаттын өнөр жай өндүрүштүк мөөнөтүн бүгүнкү күнгө чейин узартууга мүмкүндүк берди. Азыркы убакта Макмал кениндеги кендин запасы түгөндү жана комбинат жабылуу чегинде турат. Демек, ишкананын минералдык-чийкизаттык базасын толуктоо маселеси курч болуп жатат. 

Беш жылдан ашуун убактан бери «Кыргызалтын» ААК Кылдоо кенине чалгындоо жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн уруксатын күтүүдө. Болжол менен анда 6 тоннага жакын алтын бар. Бирок бул жер Саймалуу-Таш жаратылыш сактоо зонасына киргизилгендигине байланыштуу маселе келип чыгууда. Көмүр запастары бар Миң-Теке кени да ушул жаратылыш сактоо зонасына киргизилген.

2013-жылдын июлунда Кылдоо участогунда кошумча изилдөөлөр жүргүзүлдү, аларга Улуттук илимдер академиясынын Биология-кыртыш институтунун жана Археология жана тарых институтунун адистери катышты. Изилдөөлөрдүн натыйжалары боюнча 2013-жылдын 7-августунда  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү сактоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги Кылдоо кени боюнча жерди которуунун мүмкүндүгү жөнүндө оӊ экологиялык корутунду чыгарды.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги 2015-жылдын июлунда “Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунун аймагында жайгашкан 100 га аянттагы жерлерди «Саймалуу-Таш» мамлекеттик жаратылыш паркынан чыгаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун талкуулоого чыгарган, бирок Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жерлерди которуу (трансформациялоо) маселесин бүгүнкү күнгө чейин чечкен жок.

  

Тоо-кен тармагында дагы бир маселе бар – бул Нарын областындагы Кара-Кече көмүр бассейнин өздөштүрүү. Аталган кен өлкөбүздөгү эӊ ири көмүр кени болуп эсептелет – анын запасы абдан минималдуу баалоолор боюнча 400 миллион тоннага барабар, бирок көмүрдүн запасы бир  миллиард тоннага жетет деген да маалыматтар бар. 

2010-жылдын июнунда эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көмүр өнөр жайын өнүктүрүү, Кара-Кече көмүр кениндеги  кырдаалды жакшыртуу жана ар жылдык жылытуу маалына даярданууда казып алынган көмүрдү талаптагыдай эсепке алууну уюштуруу максатында ««Кара-Кече» көмүр кенинин борбордук участогун иштетүүнү мамлекеттик колдоо жөнүндө» токтом кабыл алган.

Андан кийинки жылдарда «Кыргызкөмүр» МИ-нда бир катар структуралык кайра куруулар жүзөгө ашырылды, Бишкек шаарындагы ЖЭБ-н жана республиканын түндүк региондорун  Кара-Кече  кенинин көмүрү менен камсыздоо боюнча бир катар иш-чаралар иштелип чыкты. Бирок Өкмөт белгилеген көптөгөн пландар кагазда калып кетти.

 2016-жылдын мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кара-Кече кенине инвестициялык конкурс жарыялады. Анын жеӊүүчүсү менен Өкмөт  Кара-Кече жана Мин-Куш («Ак-Улак» участогу) күрөӊ көмүр кендерин иштетүү, 1200 МВт кубаттуулуктагы «Кара-Кече» жылуулук электр станциясын (ЖЭС) жана  Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолун куруу боюнча комплекстүү долбоорду жүзөгө ашырууга концессиялык келишимди жана инвестициялык макулдашууну түзүүгө тийиш болгон.

2016-жылдын 1-мартында жарыяланган, Кара-Кече менен Балыкчыны байланыштыруучу темир жолду курууга, ЖЭСти курууга жана көмүр казып алууну модернизациялоого арналган конкурс өтпөй калды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү конкурсту даярдоо жана өткөрүү үчүн  консалтинг компаниясын тартууну зарыл деп чечти. Кара-Кече кенине кайрадан конкурсту 2017-жылдын экинчи жарымында жарыялоону пландап жатышат.

 

Комитет энергиялык компанияларда да, анын ичинде Энергия ресурстарын контролдоонун жана эсепке алуунун автоматташтырылган системасын (ЭКЭАС) киргизүүдө олуттуу кемчиликтер бар экендигин белгилейт.

“Электр станциялары” ААКнун бөлүмдөрүндө ЭКЭАСн киргизүү азыркы убакта пландалган да эмес. Компаниянын Комитетке берген маалыматында анын ишинин өзгөчөлүгүнө байланыштуу ЭКЭАСн киргизүүнүн зарылдыгы жок деп билдирилген.

Бүткүл дүйнө жүзүндө ЭКЭАС электр энергиясын иштеп чыгуунун, берүүнүн жана бөлүштүрүүнүн бардык стадияларында киргизилип жаткандыгын белгилөө керек. Мисалы, Россиянын тажрыйбасы муну күбөлөйт, анда 2000-жылдарда эле электр энергиясын генерациялоочу ишканаларда ЭКЭАС киргизилген. Азыркы убакта бөлүштүрүүчү компаниялар эсептегичтерди орнотуу менен гана алек болуп жатат, б.а. ЭКЭАСнын төмөнкү (биринчи) деӊгээлиндеги жумушту аткарууда.

Бирок бул жумуш да, б.а. эсептегичтерди орнотуу да бөлүштүрүүчү компанияларда жай темп менен жүзөгө ашырылууда.

Республика боюнча 1 млн. 250 миӊге жакын электр энергиясын керектөөчү абоненттер бар. 

“Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКнун маалыматтары боюнча 2012-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин бардыгы болуп ЭКЭАС-нын 172 861 электр эсептегич орнотулду, бул электр эсептегичтердин жалпы санынын 13,8 %н түзөт же жылына 3,4 %на орнотулат.

Мындай темпте эсептегичтерди орнотуу 29 жылдан кийин гана бүткөрүлөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөнүн энергетика системасында ЭКЭАС-н киргизүү боюнча программаны кабыл алышы, б.а. бул маселени туруктуу контролго алышы зарыл.

 

«Газпром» ААК 2008-жылдын февралында республиканын түштүгүндөгү бир кыйла келечектүү эки газ кенине – Көгарт аянтына жана Чыгыш Майлуу-Суу-IV участогуна лицензия алган жана ээлеген.

Лицензиялык макулдашууларга ылайык,  «Газпром» ААК геологиялык-чалгындоо жумуштарын төмөндөгүлөргө карата жүргүзүү үчүн инвестицияларды салышы керек эле:

- «Көгарт» участогу боюнча 2009 – 2014-жылдарда жалпы суммасы  77,7 млн. АКШ долларын (№ 1636 НП Лицензия, 2008-жылдын 20-февралы);

- Чыгыш Майлуу-Суу-IV  участогу боюнча 2009 – 2014-жылдарда жалпы суммасы 67,7 млн. АКШ долларын (№ 1638 НП Лицензия,
2008-жылдын 20-февралы)
.

«Газпром» ААК геологиялык иликтөө максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды алган учурдан бери 9 жылдан ашуун убакыт өттү.

Инвестициялар салынган жок, кендер өздөштүрүлбөй жатат. Бирок бул эки лицензия 2016-жылы Энергетика, өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет тарабынан 2019-жылдын 12-октябрына чейин узартылган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган кендерди өздөштүрүү боюнча иштиктүү чараларды көрүүсү зарыл.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Баткен областынын аймагында жайгашкан жана Өзбекстандын «Узбекнефтегаз» улуттук холдинг компаниясы иштетип жаткан “Түндүк Сох” жер астындагы газ сактоочу жайды, “Түндүк Сох” жана “Чонгара-Галча” газ-мунай кендерин Кыргыз Республикасынын  юрисдикциясына кайтарып алуу боюнча чараларды көргөн жок.

 

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Комитет төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин токтомунун долбооруна төмөнкүдөй чараларды киргизүү сунушталсын:

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

 

- Кылдоо  жана Миң-Теке кендери боюнча жерлерди которууга байланышкан маселени кыска мөөнөттө чечсин;

 

- Макмал алтын кенин жана Кара-Кече көмүр бассейнин өздөштүрүүгө өз каражаттарын салууга каалоосун билдире турган инвесторлорду издөө жана тартуу боюнча иш жүргүзсүн жана аларга бардык зарыл шарттарды түзсүн;

 

- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы  жер казынасын катуу эсепке алууну жана аны  сактоого контролду, республикада кен байлыктарын иштетүүчү компаниялар тарабынан кен жумуштарынын планын сакталышына контролду жүзөгө ашырсын;

 

- республиканын түштүгүндөгү Көгарт аянтындагы жана Чыгыш Майлуу-Суу-IV  участогундагы газ кендерин өздөштүрүү боюнча чараларды көрсүн;

 

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2011-жылдын 13-майындагы  № 428-V “Баткен областынын аймагында жайгашкан жана Өзбекстандын «Узбекнефтегаз» улуттук холдинг компаниясы иштетип жаткан “Түндүк Сох” жер астындагы газ сактоочу жайды, “Түндүк Сох” жана “Чонгара-Галча” газ-мунай кендерин Кыргыз Республикасынын  юрисдикциясына кайтарып алуу жөнүндө токтомун аткаруу боюнча чараларды көрсүн.

 

3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин кароосуна киргизилүүчү токтомдун долбооруна сунуштарды кошуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеӊештин Регламенти боюнча комитетине  жөнөтүлсүн.

 

 

                   Комитеттин төрагасы                                                                               К. Рыспаев