Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин
2017-жылдын 25- апрелиндеги «Андаш» алтын-жез кени чыккан жер жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
2011-жылдын 24-июнундагы № 802-V токтому тууралуу
Ч Е Ч И М И
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Д.Т.Зилалиевдин маалыматын угуп, төмөнкүлөрдү тастыктайт:
Камдыгы болжолу менен 20 тонна алтынды жана 70 миң тонна жезди түзгөн Андаш алтын-жез кени 1962-жылы ачылган. Андаш алтын-жез кенин иштетүү боюнча «Андаш Майнинг Компани» компаниясы 2004-жылы Талас областында түзүлгөн, негизги инвестору болуп Австралиялык «Кентор Голд ЛТД» компаниясы эсептелет.
Компания төмөнкүдөй лицензияларга ээ:
А-141-04 геологиялык иликтөө максатында колдонуу мөөнөтү 2011-жылдын 31-декабрына чейин жер казынасын (Андаш кени) пайдалануу укугуна. № 5 лицензиялык келишим мөөнөтү 2011-жылдын 31-декабрына чейин 2011-жылдын 11-майында түзүлгөн;
АЕ 218 иштетүү максатында колдонуу мөөнөтү 2017-жылдын 31-декабрына чейин жер казынасын (Андаш кениндеги № 1 үймөлөктөлгөн кендер) пайдалануу укугуна. № 8 лицензиялык келишим мөөнөтү 2017-жылдын 31-декабрына чейин 2010-жылдын 7-декабрында түзүлгөн.
Бирок айылга 1-1,5 чакырымда фабрика, пульпо өткөргүч, майдалачу комплекси жана коштоочу өндүрүштөр жакын жайгаштырылып калгандыктан жакын жайгашкан калк конуштардын, эң алды менен Талас районунун Көпүрө-Базар айылынын эли каршы маанайда болушту.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети тарабынан Көпүрө-Базар айылынын тургундарынын кайрылуусун текшерүү боюнча депутаттык комиссиянын ишинин натыйжалары боюнча, бардык уюштуруучулук техникалык маселелерди жергиликтүү калк менен макулдашууга чейин Андаш кенин иштетүүсү максатка ылайык эмес экендиги жөнүндө 2011-жылдын 21-июнунда чечим кабыл алынган.
Бирок, «Андаш» алтын-жез кени чыккан жер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 24-июнундагы № 802-V токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр тапшырылган:
- Талас областындагы Андаш кенин иштетүү боюнча бардык жумуштар токтотулуп турсун;
- аталган кенди иштетүү боюнча бардык уруксат берүүчү документтер жокко чыгарылсын жана жер участогун бөлүп берүү боюнча уруксат жоюлсун.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу боюнча күтүүлүчү экологиялык тобокелдиктерди тактоо жана жергиликтүү калк менен диалогду жана өз ара түшүнүүшүнү жаратуу максатында 2012-жылдын июль-сентябрь айларында КЭӨ (коммерциялык эмес өнөктөштүк) «ЭМАС» көз карандысыз экологиялык экспертиза жүргүзүлгөн.
Бардык өндүрүштүк объекттердин ишенимдүүлүгүнө, күтүүлүчү айлана-чөйрөнүн булгоосуна, ошол булгоону азайтуу боюнча чараларга, кендин курулушундагы, эксплуатациясындагы жана рекультивациясындагы этаптарда калкка жана айлана-чөйрөгө таасир этүүсүнө баа берилген.
Экспертизанын негизинде төмөнкүдөй тыянактар жасалган:
- долбоор тарабынан каралган техникалык чечимдерди жана иш-чараларды аткарууда Андаш алтын-жез кендин курулушу жана эксплуатациясы боюнча жумуштардын аткарылышы айлана-чөйрөгө таасир этүүсүн эске алуу менен мүмкүн болот;
- долбоордук документацияда айлана-чөйрөгө каралган таасир этүүлөргө жол берилет.
Азыркы учурда «Андаш Майнинг Компани» ЖЧК лицензиясынын күчү Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан токтотулган.
Республиканын экономикасына Андаш кенинин мааниси зор экендигин, аны иштетүүсү бир топ социалдык-экономикалык пайда берерин, өзгөчө азыркы бюджеттин абалында, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Д.Т.Зилалиевдин 2016-жылдын 12-октябрындагы № 03-4/8649 кайрылуусун эске алып, Комитет түзүлгөн объективдүү жагдайлар боюнча «Андаш» алтын-жез кени чыккан жер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 24-июнундагы №802-V токтомун көзөмөлдөн алып салуу мүмкүн деп эсептейт.
Жогоруда баяндалгандын негизинде Комитет төмөнкүдөй
чечим кабыл алды:
1. «Андаш» алтын-жез кени чыккан жер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 24-июнундагы№ 802-V токтому көзөмөлдөн алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку КеңешининТөрагасынын орун басарыА.С.Өмүрбековадан«Андаш» алтын-жезкени чыккан жер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 24-июнундагы№ 802-V токтомун көзөмөлдөн алып салуу өтүнүлсүн.
3. Ушул чечимдин аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин бөлүмүнө жүктөлсүн.
Комитеттин төрагасы К.Рыспаев