Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Комитетинин “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-Фаза” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөордү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Макулдашуу-каты жөнүндө чечими

19-05-2017
17:14

“2014-жылдын 26-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган

“Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы

“Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза” долбоору боюнча каржылоо жөнүндөгү Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Макулдашуу-каттын долбоорун жактыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тескемесинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 2017-жылдын 16-майындагы

 

ЧЕЧИМИ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети “2014-жылдын 26-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган “Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза” долбоору боюнча каржылоо жөнүндөгү Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Макулдашуу-каттын долбоорун жактыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тескемесинин долбоорун карап, төмөнкүлөрдү белгилейт:

Азыркы учурда “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза” долбоору айрым иштердин башталган алкактарында колдонулуп жаткан долбоор болуп саналат.

Жогоруда көрсөтүлгөн компоненттин аткаруучу агенттиги Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги (мындан ары – Энергоөнөржай министрлиги) болуп саналат. Азыркы компонентте суроо-талап божомолун 20 жылга чейин камтыган энергетика секторун комплекстүү өнүктүрүүнүн башкы планын, электр энергиясын иштеп чыгуу жана өткөрүп берүү объектилерин куруу жана реконструкциялоо үчүн инвестициялык планды, электр энергиясынын экспорту жана импорту үчүн учурдагы маалыматтар жана келечектеги мүмкүнчүлүктөрдү, 20 жылга капиталдык чыгымдардын планын даярдоо каралган.

Комитет Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө” № 439-VI токтомуна ылайык Энергоөнөржай министрлиги функцияларын Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине өткөрүп берүү менен жоюлган, ал эми Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 22-июнундагы “2016-жылдын 13-апрелиндеги № 439-VI “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” № 745-VI токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнө Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети (мындан ары – мамкомитет) киргизилип, ага энергоөнөржай министрлигинин функциялары өткөрүлүп берилген.

Буга байланыштуу, “Энергетика секторун комплекстүү өнүктүрүүнүн башкы планын даярдоо “компоненти боюнча иштерди уюштуруу жана аткаруу үчүн АБРдин тиешелүү далилдерин берүү аркылуу укук мураскерин тастыктоо зарыл.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аталган тескемесинин долбоору Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтери жана ведомстволору менен белгиленген тартипте макулдашылган.

Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун корутундулары бар.

Жогоруда баяндалгандын негизинде Комитет төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

1. “2014-жылдын 26-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган “Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза” долбоору боюнча каржылоо жөнүндөгү Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Макулдашуу-каттын долбоорун жактыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тескемесинин долбоору жактырылсын.

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жөнөтүлсүн.

 

 

 

 

Комитеттин төрагасы                                                                 К. Рыспаев