Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2017-жылдын 13-июнундагы «2017-жылдын 17-майында Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Түндүк-Түштүк автожолун реконструкциялоо долбоору (Балыкчы-Жалал-Абад альтернативдүү автожолу) боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата КОРУТУНДУСУ

22-06-2017 12:58

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2017-жылдын 13-июнундагы

 

«2017-жылдын 17-майында Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Түндүк-Түштүк автожолун реконструкциялоо долбоору (Балыкчы-Жалал-Абад альтернативдүү автожолу) боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата

 

КОРУТУНДУСУ

        

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети (мындан ары - Комитет) 2017-жылдын 12-июнунда Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн №359–токтому менен жактырылган жана “2017-жылдын 17-майында Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Түндүк-Түштүк автожолун реконструкциялоо долбоору (Балыкчы-Жалал-Абад альтернативдүү автожолу) боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейбиз.

Бул мыйзам долбоорунун максаты өлкөнүн Түндүк жана Түштүк менен үзгүлтүксүз транспорттук (альтернативдик) байланышын камсыздоо болуп саналат.

Долбоорду ишке ашыруу техникалык абалын жогорулатуу, товарларды жана кызматтарды сатуу рыногуна кирүү мүмкүндүктөрүн кеңейтүү, Ош жана Бишкек шаарларынын ортосундагы транспорттук жолун 300 кмге кыскартуу, жыйынтыгында Баткен, Ош жана Жалал-Абад областарынан Нарын, Ысык-Көл жана Чүй областарына жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга чыгымдарды кыскартуу, өлкөнүн түндүгү менен түштүгүнүн ортосундагы үзгүлтүксүз жана туруктуу автотранспорттук каттамдарды камсыз кылуучу, керектүү кургак жол маршруту болуп саналган Бишкек-Ош автожолунун учурдагы транспорт агымынын өсүшүн жеңилдетүү максаттарына ылайык келет.

Бул мыйзам долбоорун ратификациялоо приоритеттүү инвестициялык долбоор катары, Кыргыз Республикасынын 2013-2017-ж.ж. туруктуу ѳнүгүү улуттук стратегиясына киргизилген жана Түндүк-Түштүк  альтернативдик автожолун “Дыйкан – Кызыл-Жылдыз (159-183 км)” участогун реконструкциялоого тийиштүү.

2014-жылдын 31-октябрында Бишкекте Араб координациялык тобунун (АКТ) «тегерек столдун» жыйыны болуп өткөн, анда АКТ фонду тарабынан каржылоону кароого “Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолун куруу, 159-183 км” долбоору берилген.

«Тегерек столдун» жыйынтыгы менен Араб координациялык тобу менен Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн ортосунда жыйналыштын Протоколуна кол коюлган, Араб координациялык тобунун делегациясы «Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолун куруу, 159-183 км» долбооруна катышуусуна даярдыгын билдирди.

Кыргыз Республикасына «Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолун куруу, 159-183 км» долбоору балоо, аны андан аркы ИƟБнын жумушчу программасына киргизүү жана ИƟБ жана СƟФ тарабынан биргелешип каржылоо үчүн 2015-жылы 10-мартынан 14-мартына чейин Ислам өнүктүрүү банкы менен Сауд өнүктүрүү фондунун биргелешкен миссиясы болуп өткөн.

Сауд өнүктүрүү фонду менен болгон Насыялык макулдашуу 2017-жылдын 17-майында Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган.

2016-жылдын 17-июлунда Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан бул долбоор үчүн 75 000 000 сауд риалы (болжол менен 20.00 млн. АКШ.долларына эквиваленттүү)  өлчөмүндө кредит жактырылган.

Насыялык макулдашуунун долбоорунун шарттарына ылайык Сауд өнүктүрүү фонду 75 000 000 сауд риалы же 20.00 млн. АКШ доллар  өлчөмүндө насыяны төмөнкү шарттарда берүүдө: төлөө жылдык пайызы – 1%; насыянын төлөө мөөнөтү – 25 жыл, 5-жылдык жеңилдетилген мөөнөтү менен.

Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолунун 159-183 км (Дыйкан - Кызыл-Жылдыз участогу) долбоорунун жалпы баасы 33,8 млн. АКШ долларын түзөт (ИѲБ насыясы – 12,0 млн. АКШ.долл,  СƟФ насыясы – 20,0 млн. АКШ долл. жана Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн үлүшү – 1,8 млн. АКШ долл.).

Насыя ар жылы, жарым жылда бир жолу 15-мартта жана 15-сентябрда, 2023-жылдан 2042-жылдары тѳлѳнүп баштайт жана мамлекеттик бюджетке кыйынчылык туудурбайт.

Макулдашуу жалпысынан Конституциянын нормаларына ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.

2017-жылдын 17-майында Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Түндүк-Түштүк  автожолун реконструкциялоо долбоору (Балыкчы-Жалал-Абад альтернативдүү автожолу) боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору жана ага тиркелүүчү документтер Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн сайтына 2017-жылдын 31-майында коомдук талкуулоого  жайгаштырылган. Бүгүнкү күнгө бул мыйзам долбоору боюнча сунуштар жана сын пикирлер жок.

Бул мыйзам долбооруна жөнгө салуучу таасирин талдоо талап кылынбайт.

Аталган КР Мыйзамынын долбоору социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс мүнѳздѳргѳ ээ эмес. Долбоор тарабынан геотехникалык жана экологиялык иш чаралар каралган. Подряддык компанияны тандап алуу иштери ИѲБ товар жана тейлѳѳлѳрдү сатып алуу боюнча колдонмосуна ылайык жүргүзүлөт. Укуктук, укук коргоочу жана гендердик кыймылдарды мыйзам долбоору тарабынан күтүлбѳйт.

«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдер жѳнүндѳгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7 жана 8-беренелерине ылайык, Макулдашуу кол коюуга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин  профилдик комитеттери тарабынан жактырылган (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин корутундусу - 2017-жылдын 28-февралы; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана каржы комитетинин корутундусу - 2017-жылдын 27-февралы; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин корутундусу - 2017-жылдын 28-февралы).

Насыялык макулдашууну ратификациялоо донорлор тарабынын колдонулуучу стандарттык шарттарына ылайык долбоорду ишке ашыруу үчүн, анын ичинде консультациялык жана подрядчыны тандоодо эл аралык конкурстук тендерди өткөрүү, жер бөлүктөрүн жана карьерлерди подрядчыга берүү, салыктардан, пошлиналардан жана башка төлөмдөрдөн бошотуу үчүн, ошондой эле бул долбоорду ишке ашыруу боюнча Карыз алуучу менен Фонддун ортосундагы башка милдеттерди аткаруу үчүн зарыл.

Комитет, каралып жаткан мыйзам долбоорунун актуалдуулугун жана маанилүүлүгүн көңүлгө алып, ошондой эле бул мыйзам долбооруна жооптуу Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети болуп аныкталганын эске алып, аны 3 окуудан кабыл алууну сунуштоону суранып кайрылат жана төмөнкүдөй корутундуга келди:

 

1. «2017-жылдын 17-майында Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Түндүк-Түштүк  автожолун реконструкциялоо долбоору (Балыкчы-Жалал-Абад альтернативдүү автожолу) боюнча Насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Комитеттин ушул корутундусун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Эл аралык, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жана Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигине жөнөтүлсүн.

 

 

Төрага                                                                                           М.А. Аманкулов

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 1299