«2017-жылдын 17-майында Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Мамлекеттик мектептердин курулушу боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2017-жылдын 21-июнундагы КОРУТУНДУСУ

22-06-2017 14:06

«2017-жылдын 17-майында Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Мамлекеттик мектептердин курулушу боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2017-жылдын 21-июнундагы

КОРУТУНДУСУ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети (мындан ары - Комитет) кароого Өкмөттүн 2017-жылдын 14-июнундагы №370 токтому менен киргизилген «2017-жылдын 17-майында Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Мамлекеттик мектептердин курулушу боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып жана талкуулап, төмөнкүлөрдү белгилейт.

Сунушталган долбоорду ишке ашыруу 112,0 млн сауд риалы өлчөмүндөгү жылдык пайызы 1% түзгөн жана 5 жылдык жеңилдетилген мөөнөтү менен 25 жылдык кредиттин эсебинен менен Кыргыз Республикасынын жаңы мамлекеттик жалпы билим берүү мектептерин куруу жолу аркылуу билим берүү мекемелеринин санын көбөйтүүгө мүмкүндүк берүүгө багытталган.

            Жогоруда баяндалгандын негизинде, Комитет төмөнкүдөй корутундуга  келди:

 

  1. Кароого Өкмөттүн 2017-жылдын 14-июнундагы №370 токтому менен киргизилген «2017-жылдын 17-майында Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Мамлекеттик мектептердин курулушу боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
  2. Ушул корутунду  Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жөнөтүлсүн.

 

 

Төрага                                                                                  М.А. Аманкулов

Көрүүлөрдүн саны : 2555