Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2017-жылдын 27-июнундагы “Автомобилдик жолдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата КОРУТУНДУСУ

10-07-2017 09:54

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт,

коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2017-жылдын 27-июнундагы

 

“Автомобилдик жолдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата

 

КОРУТУНДУСУ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары Д.Д.Бекешев, М.А.Аманкулов, А.Ш.Осмонова, Т.З.Зулпукаров, А.М.Нурбаев, Э.Т.Токтошев жана М.К.Жеенчороев тарабынан киргизилген “Автомобилдик жолдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун (кир. 2017-ж. 15-июнь № 6-13694/17) карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт:

Кыргыз Республикасында 96%га чейин жүк жана 98%га чейин жүргүнчүлөрдү ташуу автомобилдик жолдор боюнча жүзөгө ашырылат.

Республиканын жол тарамдарынын жалпы узундугу болжолу менен 34000 км түзөт, анын ичинен 18585 км Транспорт жана жол министрлигинин жол бөлүмчөлөрү менен тейлөөчү жалпы пайдалануудагы жолдор, 15 190 км – шаарлардын, айылдардын, айыл чарбалык, өнөр жай жана башка ишканалардын жолдорун түзөт.

Жалпы пайдалануудагы автомобилдик жолдор өзүнүн чарбалык жана административдик мааниси боюнча эл аралык (4100 км), мамлекеттик (5335 км) жана жергиликтүү маанидеги автомобилдик жолдорго бөлүнөт.

Жалпы пайдалануудагы таманы каттуу заттар менен төшөлгөн 7580 км, анын ичинде 10 км цемент-бетон менен төшөлгөн, 5698 км асфальт-бетон менен төшөлгөн жана 1871 кара гравий менен төшөлгөн жолдор түзөт. Гравий менен төшөлгөн жолдор 9388 км түзөт, ошондой эле дагы 1617 км топурак кыртыштуу жолдор бар.

Көз карандысыздыкты алган жылдардын ичинде жалпы пайдалануудагы автомобилдик жолдордун курулушуна жана реконструкциясына биздин мамлекетибизде республикалык бюджеттен олуттуу финансылык каражаттар бөлүнүп берилген, ошондой эле транспорттук коридорлорду калыбына келтирүүгө эл аралык финансылык институттардын аз эмес инвестициялары тартылган, бирок буга карабастан Комитетке канаттандыраарлык эмес автомобилдик жолдордун абалына нааразы болгон шайлоочулардан да, жергиликтүү кеӊештин жана Жогорку Кеӊештин депутаттарынан да көптөгөн оозеки жана жазуу жүзүндөгү кайрылуулар келип түшүүдө.

Ушул Мыйзам долбоору автомобилдик жолдордун жана жол курулмаларын куруунун, кармоонун жана иштетүүнүн сапатын жакшырутуу үчүн иш-чараларын ишке ашыруу, ошондой эле автомобилдик жолдорду долбоорлоо, куруу жана реконстркуциялоо чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында иштелип чыккан жана жана автомобилдик жолдорду курууда порядчиктердин жоопкерчиликтерин күчөтүүгө жана жолдорду өз убагында тейлөөдө кепилдик берүүнү камсыз кылууга багытталган.

Колдонуудагы Мыйзамдын 39-4-статьясынын 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык “Автомобиль жолдорун куруу, оңдоп куруу жана оңдоо боюнча жол иштерин жүргүзүүгө келишимди аткарууну кепилдик жактан камсыз кылуунун милдеттүү шарты жана объектти эксплуатациялоонун кепилдик мөөнөтүн көрсөтүү менен түзүлөт.

Кепилдик мөөнөт курулушу бүткөрүлгөн жаңы автомобиль жолдору буюртмачыга өткөрүлгөн учурдан тартып эсептелинет жана эки жылдан кем эмес, ал эми кайра оңдолгон жана оңдолгон автомобиль жолдору үчүн бир жылдан кем эмес мөөнөттү түзөт.”.

         Бирок, тажрыйба көрсөткөндөй, биздин өлкөдө жаӊы салынган жана реконструкцияланган жолдордун кызмат кылуусу эки-үч жылдан ашпайт жана көп учурда оӊдолгон (калыбына келтирилген) жана /же жаӊы курулган автомобилдик жолдор бир жыл иштеткенден кийин керекке жарабай калууда.

“Автомобилдик жолдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-3-статьясынын негизинде Туруктуу техникалык көзөмөлдөө жүргүзүү жана буюртмачынын, көтөрмөчүнүн жана кеңешчи-инженердин өз ара мамилелери жөнүндө жобо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

“Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында курулчу объекттер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктачу тартипте автордук, техникалык жана мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөлгө алынууга тийиш.

Курулушка автордук көзөмөл эксплуатацияга киргизилчү курулуш объекттеринин архитектуралык-курулуштук, технологиялык же башка техникалык чечилиштери долбоордук чечимдерге ылайык келишин камсыздоо максатында ишке ашырылат.

Курулуш жумуштарынын аткарылышына техникалык көзөмөл архитектуралык-курулуштук, технологиялык же башка техникалык чечилиштердин ылайык келишин камсыздоо максатында ишке ашырылат.

Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл курулуш процессинде аткарылуучу жумуштардын техникалык регламенттердин жана долбоордук документтердин талаптарына ылайыктыгын текшерүү максатында ишке ашырылат.

         Биздин республикада бардык автомобилдик жолдор мыйзамдарда аныкталган көзөмөлдөрдү өтпөстөн эле иштетүүгө берилгендей сезилет.

Ушуга байланыштуу, кепилдик милдеттенмелер боюнча жана аткаруучу жумуштарына жоопкерчиликти күчөтүү үчүн долбоорчулардын жана подрядчиктердин милдеттенмелерин аткарууга кепилдик берүүчү тутумду түзүү үчүн мыйзам долбоорунда жаӊы авттомобилдик жолдор үчүн кепилдик мөөнөтү беш жылдан кем эмес жана реконструкцияланган жана оӊдолгон автомобилдик жолдордун кепилдик мөөнөтү үч жылдан кем эмес белгилөөнү сунуштайт.

Подрядчиктердин жоопкерчилигин жогорулатуу максатында азыркы учурда жаӊы салынган, реконструкцияланган жана оӊдолгон жолдордун сапатына жана кепилдигине талаптар келишим түзүүдө документацияларда жазылат. Мындай чаралар кылынуучу талаптарга тийиштүү болгон талаптагыдай сапатты камсыз кылууга багытталган. Бирок Кыргыз Республикасында жолдордун эскиришинин ылдамдыгы жана даражасы бүгүнкү күндө көптөгөн подрядчиктер тарабынан жолдорду жана жол курулмаларын куруу же оӊдоо боюнча өздөрүнүн милдеттерине шалакылык менен мамиле жасагандыгын күбөлөндүрөт.

Ушул Мыйзам чыгаруу демилгеси подрядчикти өзүнүн жумушун максималдуу сапаттуу аткарууга жүйөлөштүрөт. Анктени, анда объект боюнча катачылыктарды оӊдоого, урдоого жана башка кемчиликтерди жоюуга ар жылы салым кошпостон, бюджетти аныкталган. Тескеринче, кепилдик мөөнөтүн жогорулатпаганда, мамлекет жаӊы салынган жана реконструкцияланган жолдорду тейлөө боюнча кошумча жүктү өзүнө алат, бул өлкөнүн бюджетти чектелген шарттарында эч кандай акылга сыйбайт.

Коомдук талкуулоону жүргүзүү максатында Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин сайтында 2017-жылдын 14-апрелинде жайгаштырылган. Анын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Ө.Т. Бабановдон сунуштары келип түшкөн, алар киргизилүүчү Мыйзам долбоорунун концепциясына ылайык келбегендигине байланыштуу кабыл алынган жок.

Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы терс укуктук, укук коргоо, экономикалык, гендердик, экологиялык, социалдык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.

Ушуну менен бирге, Комитет ченем жаратуучу техникасын бузуудан качуу максатында аталган Мыйзам долбоорунун 1-беренесин төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуш кылат:

 “ 1-берене

“Автомобилдик жолдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Ведомосттору, 1998, № 9, ст. 322) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Мыйзамдын 39-4-статьясынын 2-бөлүгүнө “эки жыл” деген сөздөр “беш жыл” деген сөздөр менен алмаштырылсын, ал эми “ бир жылга”деген сөздөр “ үч жылга” деген сөздөр менен алмаштырылсын.”.

Бул мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары мыйзам долбоорунун демилгечилеринен болууга даярдыгын жана тизмеге кошулууга каалоосун билдиришти, анткени алар дагы бул идеянын жактоочулары экендигин чакырылыштын башталышынан бери билдирип жүрүшкөн. Ошону менен бирге, депутаттар Т.К. Конушбаев жана У.З. Ормонов да “көп эмес” деген сөздү алып, кепилдик мөөнөтүнүн белгиленген жылын көрсөтүүнү сунушташты. Депутат К.М. Жумалиев Парламенттик угууларды өткөрүүнү сунуштады.

Мыйзам долбоору башка мыйзамдар ченемдерине карама-каршы келүүчү ченемдерди камтыбайт. Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы, мамлекеттик бюджеттен кошумча каражаттардын бөлүнүшүн талап кылбайт.

 

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Комитет төмөнкүдөй корутундуга  келди:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары Д.Д.Бекешев, М.А. Аманкулов, А.Ш. Осмонова, Т.З. Зулпукаров, А.М.Нурбаев, Э.Т. Токтошев жана М.К. Жеенчороев тарабынан киргизилген “Автомобилдик жолдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун (кир. 2017-ж. 15-июнь № 6-13694/17) концепциясы негизинен жактырылсын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин кароосуна киргизилсин жана Комитетин сын-пикирин эске алуу менен аны биринчи окууда кабыл алууну сунуштайт.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жыйналышында Мыйзам долбоорун кароодо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Д.Д. Бекешев баяндамачы болуп аныкталсын.

 

Төрага                                                                                 М.А. Аманкулов

Көрүүлөрдүн саны : 1520