Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2017-жылдын 27-июнундагы «Автожолдорду реабилитациялоо жана рекосрукциялоо долбоорлорун ишке ашыруу жана унаа түйүндөрүн чечүү, көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды уюштуруу, шаар көчөлөрүн кеңейтүүдө дарактарды жана жашыл бактарды кыюунун негиздүүлүгү жана 2015-17-жылдар үчүн «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын иши боюнча маалымат тууралуу» ЧЕЧИМИ

10-07-2017 12:26

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2017-жылдын 27-июнундагы

 

«Автожолдорду реабилитациялоо жана рекосрукциялоо долбоорлорун ишке ашыруу жана унаа түйүндөрүн чечүү, көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды уюштуруу, шаар көчөлөрүн кеңейтүүдө дарактарды жана жашыл бактарды кыюунун негиздүүлүгү жана 2015-17-жылдар үчүн «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын иши боюнча маалымат тууралуу»

 

ЧЕЧИМИ

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети (мындан ары - Комитет) Бишкек шаарынын вице-мэри Б.О. Дюшембиевдин шаардагы реконструкцияланып жаткан автомобиль жолдорунун абалы жана «2015-17-жылдар үчүн «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын иши жөнүндө» маалыматын угуп, төмөнкүлөрдү белгилейт.

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы Бишкек шаарынын мэриясынын 2007-жылдын 17-январындагы токтому менен түзүлүп, ага ылайык иш алып барат жана Бишкек шаарынын мэриясынын чарбалык эсептүү  түзүмү болуп саналат.

Ишкана өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун, Бишкек шаарынын мэриясынын буйруктарын, ошондой эле ишкананын Уставын жетекчиликке алат.

Ишкана төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

        

  • асфальт-бетон жана бетон аралашмаларын, темир бетон буюмдарын жана конструкцияларын, инерттүү материалдарды ж.б. өндүрүү;
  • шаардын автоунаа жолдорун реконструкциялоо, куруу, оңдоо жана күтүү,
  • жолдордун чуңкурларын оңдоо;
  • жол, тротуар каптамаларын жана башка инфраструктураны капиталдык, күнүмдүк оңдоо
  • оңдоо-калыбына келтирүү жумуштары: майлоо жумуштары, жолдогу бортторду аткаруу, алмаштыруу жана түздөө, жаан-чачындарды агызуу торчолорун жана люктарды алмаштыруу жана орнотуу;
  • жолдорду бойлото металл тосмолорду күтүү жана оңдоо;
  • жолдогу өткөргүчтөрдү, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жайларды, көпүрөлөрдү, коомдук транспорт аялдамаларын күтүү жана оңдоо;
  • жолдорду бойлото ирригациялык тарамдын лотокторун алмаштыруу боюнча жумуштарды аткаруу;
  • билим берүү объекттерин жанында «жаткырылган полицияларды» орнотуу;
  • тротуарларда, аянттарда, скверлерде, парктарда, бульварларда таманташтарды орнотуу жана оңдоо;
  • жөө жүргүнчүлөр тосмолорун орнотуу;
  • түз келишимдер боюнча жер алдындагы коммуникацияларды ондогондон кийин асфальт-бетон каптамасын калыбына келтирүү;
  • жол белгилерин термопластик менен түшүрүү, шаардын жолдорундагы жол белгилерин жаңылоо жана аны жыл бою талаптагыдай абалда күтүү (өзгөчө жолдордун кесилишинде, мектептердин, ооруканалардын жанында);
  • курулуш материалдарынын сапатын лабораториялык контролдоо жана жумуштарды аткаруу;
  • жолдорду текшерүүдө катышуу;
  • ишканаларга жана уюмдарга, жеке жактарга жана фирмаларга жол-курулуш материалдарын жеткирүү маселелеринде кызматтарды көрсөтүү;
  • жер жумуштарын жүргүзүү;
  • Кыргыз Республикасында да жана анын чегинен тышкары да подрядчы уюмдар менен асфальт-бетон аралашмасын жеткирүүгө жана жолдорду курууга жана капиталдык оңдоо жүргүзүүгө келишимдерди түзүү;
  • жаңы оңдолгон шаардык жолдорду күтүүгө (реконструкциялоодон же капиталдык оңдоодон кийин) жана аткарылган жумуштардын сапатын аларды баланска кабыл алгандан кийин өткөрүп берилген жолдорду күтүү жана сапаты үчүн жоопкерчилик алуу менен курулуштун кепилдик мөөнөтүнөн кийин гана кабыл алуу;
  • кайра казууларды жүргүзүү менен асфальт-бетон каптамасын сыйрууга уруксаттарды кийин Ишкана өзү асфальт-бетон каптамасын оңдоо-калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү менен уруксаттарды берүү;
  • транспорт кызматтарын көрсөтүү, короолорду жана аянттарды асфальттоо;
  • жолдордогу белгилерди орнотуу;
  • Ишкана илимдин жана техниканын жетишкендиктеринин, колдонулчу ресурстардын бардык түрлөрүн үнөмдөөнүн жана өндүрүштүк кубаттуулукту толугу менен колдонуунун  негизинде жолдорду оңдоо боюнча төмөнкү подряддык жумуштарды аткарууну камсыз кылат. 2011-жылдын 11-июлундагы лицензия, серия КРЦ-1-2 № 03940

 

  1. II деңгээлдеги жоопкерчиликтин объекттеринде курулуш-монтаждоо жумуштарын аткаруу;
  2. Башкы подрядчынын функциясын жүзөгө ашыруу;
  3. Долбоорлордун атайын бөлүмдөрүн иштеп чыгуу. Сметалар.
  • Ишкана Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынбаган кандай гана болбосун иш менен алектенет, аларга Кыргыз Республикасынын тийиштүү министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана ведомстволору тарабынан берилүүчү атайын уруксаттар талап кылынат.

2017-жылдын 1-июлундагы абалга карата «Бишкекасфальтсервис» МИсинин туруктуу негизде кызматкерлеринин жалпы саны 355 адамды түзөт.

Кирешени түзүүнүн негизги булагы болуп – төмөнкү киреше саналат:

         - асфальт-бетон аралашмасын сатуудан;

         - жолдорду оңдоодон жана куруудан;

         - башка операциялык эмес кирешелер.

.

 

Төмөнкүдөй жол-курулуш иштери жүргүзүлдү:

Жумуштардын аталышы

Чен бир

диги

2015-жыл

2016-жыл

2017-жыл

Аткарыл

ган жум.

сумма миң сом

Атк.

жум.

Сумма миң сом

Жум. оператив.атк.

(09.06.17-ж.)

2017 -ж. кирг. сум

миң сом

1

Жолдордун асфальт-бетон каптамасын күнүмдүк күтүү

 (чуңкурларды оңдоо)

кв.м

38467

30000

60490

45000

13695

40000

2

Жолдорду капиталдык куруу

км

 

 

53

645000

 2,0

609000

3

Жол белг.орнотуу

даана

1039

5000

2747

7000

1128

6000

4

Тосмолорду орнотуу (9,62х1,2)м, (3,1х0,8)м.

п.м

 

 

1941

4500

1413

4000

5

асф.капт.жаракаларды куюу

п.м

 

 

238152

10000

30706,5

13000

6

Жол белг. хол.пластик м-н түшүрүү

кв.м

 

 

8031

10000

4261

10000

7

Пайдубалдын жөлөк алдындагы блогун орнотуу

даана

 

 

681

500

 6

5000

8

Жол.белг. термопластик м-н түшүрүү

кв.м

 

 

15292

10000

2952

10000

9

Жол белг.сыр менен түшүрүү

кв.м

 

 

30113

10000

10500

10000

10

Ирригациялык тарамды кабылына келтирүү жана оңдоо

п.м

 

 

15044

60000

14499

 

11

Чектегичтерди орнотуу

даана

 

 

268

500

70

2000

12

Коомдук транспорт аялдамасын орнотуу

даана

 

 

20

2500

28

2000

13

Тротуарларды капитал.оңдоо

кв.м

 

 

27034

50000

3510,4

55000

14

Т/б парапет орнотуу

даана

 

 

879

500

874

10000

15

Бордюрларды орнотуу

п.м

 

 

 2253

500

 15600

1500

16

Шаардын түштүк бөлүгүндө веложолун жайлаштыруу

км

 

 

1474

6500

 

 

17

Жаан-чачын акчу торлорду орнотуу

даана

 

 

 211

500

110

1500

18

Газон орнотуу

даана

 

 

 

 

266

11000

19

Кесилиштерди реконстукциялоо

кв.м

 

 

 

 

1330

5000

 

Жыйынтыгы:

 

 

35000

 

863000

 

795000

 

Муну менен катар, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.С. Омурбекова унаа түйүндөрүн чечүү, көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды уюштуруу, шаар көчөлөрүн кеңейтүүдө дарактарды жана жашыл бактарды кыюунун негиздүүлүгү маселелерин кароо өтүнүчү менен Комитетке кайрылган (2017-жылдын 20-июнундагы кир.№ 6-14318/17). КСДП фракциясынын лидери И.Ш. Омуркулов Комитетке парламенттик контролдоонун алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын автожолдорду реабилитациялоо жана реконструкциялоо долбоорлорун жүзөгө ашыруу боюнча иштердин мыйзамдуулугун текшерүү өтүнүчү менен «Шаардык демилгелер» коомдук фондунун кайрылуусун (2017-жылдын 7-июнундагы кир.№ 12-12825/17) жиберген.

Бул маселени талкуулоонун жүрүшүндө «БАС» МИнин ишмердүүлүгү боюнча КРнын ЖКнын депутаттары тарабынан бир катар сын-пикирлер айтылды. Ушуга байланыштуу, депутата У.З. Ормонов тарабынан 2015-жылдан 2017-жылдын биринчи жарымына чейинки «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн изилдөө боюнча жумушчу топ түзүү, ошондой эле Эсептөө палатасына көрсөтүлгөн мөөнөттөгү мекеменин финансы-чарбалык ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүү тапшырмасын берүү сунушталды. Ошондой эле, депутат А.М. Эргешов тарабынан кыймылдын жыштыгын жана автожолдордун тыгындарын азайтуу үчүн Түштүк магистралын Алыкулов (ТЭЦ 2 р-ну) көчөсүнө чейин узартуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маселе көтөрүлдү.

 

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Комитет төмөнкүдөй ч е ч и м кабыл алды:

 

1. Бишкек шаарынын вице-мэри Б.О. Дюшембиевдин шаардагы реконструкцияланып жаткан автомобиль жолдорунун абалы жана «2015-17-жылдар үчүн «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын иши жөнүндө» маалыматы эске алынсын.

 

2. 2015-жылдан 2017-жылдын биринчи жарымына чейинки «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн изилдөө боюнча жумушчу топ түзүлсүн

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.С. Омурбекованын жана «Шаардык демилгелер» коомдук фондунун кайрылууларындагы маселелер, ошондой эле Бишкек шаарындагы автожолдорду реабилитациялоо жана реконструкциялоо долбоорлорун жүзөгө ашыруу боюнча толук жана кенен маалымат даярдасын жана мыйзамдарда көрсөтүлгөн мөөнөттө Комитетке жөнөтсүн.

 

4. Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигине, Бишкек шаарынын мэриясына жана КР Өкмөтүнүн Чүй областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Аппаратына Түштүк магистралын Алыкулов (ТЭЦ 2 р-ну) көчөсү менен туташтыра турган түштүк айланып өтүүчү жолун долбоорлоону жана курууну (узартууну) кароо тапшырылсын.

 

5. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына жана Бишкек шаарынын мэриясына жөнөтүлсүн.

 

6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Комитеттин бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                 М.А. Аманкулов

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 2782