Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2017-жылдын 27-июнундагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине тапшырылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Протоколдук тапшырмалары тууралуу ЧЕЧИМИ

10-07-2017 12:28

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2017-жылдын 27-июнундагы

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине тапшырылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Протоколдук тапшырмалары тууралуу

 

ЧЕЧИМИ

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети (мындан ары – Комитет) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-майындагы П №136-VI, 2017-жылдын 25-майындагы П №137-VI, 2017-жылдын 8-июнундагы П №142-VI Протоколдук тапшырмаларынын аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри Ж. Калиловдун жана “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын башкы директору А. Ногойбаевдин маалыматтарын угуп, төмөндөгүлөрдү белгилейт:

 

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 25-майындагы жыйналышында депутат А.М. Султанов тарабынан “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасында жүк ташуучу вагондордун жетишсиздигинен түштүк жергесинде өндүрүшчүлөр товарларын сыртка чыгара албай жатышы тууралуу көтөргөн маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (2017-жылдын 25-майындагы          П №136-VI) протоколдук тапшырмасы боюнча Комитет тарабынан Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигине (№6-3232 и/17 31.05.17-ж.) кат жолдонгон.

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын        8-июнундагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты М.И. Бакиров тарабынан “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы тарабынан 150 вагон сатып алуу үчүн өткөргөн тендер тууралуу көтөргөн маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (2017-жылдын 8-июнундагы             П №142-VI) протоколдук тапшырмасы боюнча Комитет тарабынан Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигине (№6-3655 и/17 15.06.17-ж.) кат жолдонгон.

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри Ж.Калиловдун жогорудагы протоколдук тапшырмалар боюнча маалыматына ылайык бүгүнкү күндө Кыргыз темир жолунун түштүк бөлүмүндө орточо эсеп менен 500 миң тонна көлөмүндөгү көмүрдү ташууну жүргүзүү керек болуп темир жолунун өнүгүү багыттарынын бири универсалдуу вагондорду сатып алуу эсептелерин, долбоордун негизинде Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен насыя келишими 2017-жылдын 15-майында түзүлгөндүгүн жана ушул жылдын 12-апрелинде универсалдуу вагондорду сатып алуу боюнча тендер өткөрүлгөн.

Сынактын толук талаптарына жооп берип, комиссиянын чечими менен АО “ЗИКИСТО” (Казахстан) жеңүүчү болуп аныкталган.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар Департаментинин 2017-жылдын 6-июнундагы №20-3-2/1335 катынын негизинде сатып алуу процедуралары 2017-жылдын 31-майында арыз кароочу көзкарандысыз ведомство аралык комиссия CN «Group International Limited» Кытай компаниясынан келип түшкөн арызды карап чыгуу үчүн токтотулганын билдирди.

 

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 25-майындагы жыйналышында депутат Т.А. Масабиров анын дарегине жеңил өнөр жай багытында иштеген айрым ишкерлердин кайрылуусу келип түшкөндүгүн билдирген.

Чүй проспектиси, 226 (мурдагы “Сетунь” заводунун имараты) 32 тигүүчү цех жайлашып, мамлекеттик төлөмдөрдү төгүп, 1000ге жакын жумушчуну иш менен камсыз кылып, экономикага өз салымдарын кошуп жаткандыктарын бирок ошол имараттын бир нече ээлери аларга тоскоолдук жаратып, цехтердин толук кандуу иштешине жол бербей биринчи кабаттагы лифт менен эшикти жаап кысым көрсөтүлүп жаткандыгы тууралуу билдиришкен.

Бул маселе боюнча коммисия түзүп, кыска убакытта бардык жагдайды иликтеп чыгууну тармактык комитетке тапшырууну сунуш кылган.

Кайрылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (2017-жылдын 25-майындагы П №137-VI) протоколдук тапшырмасына Комитет тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына (№6-3234 и/17 31.05.17-ж.) кат жолдонгон.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Турак жай Кодексинин 22-беренесине ылайык тепкич аянтары, лифтер, коридорлор, техникалык кабаттар, чатырлар жана башка техникалык бөлмөлөр имараттын менчик ээлеринин жалпы менчик үлүштөрү катары пайдаланылары жана мындан тышкары КРнын Жарандык Кодексинин 266-беренесине ылайык эки же бир нече жактардын менчигиндеги мүлк аларга жалпы менчик укугунда тиешелүү экендигин белгилейт.

Жогорудагылардын негизинде КРнын Жарандык Кодексинин 266-беренесине жана КРнын “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө” Мыйзамынын  39-беренесинин негизинде, арыз ээлерине көрсөтүлгөн маселелерди чечүү үчүн Сот органына кайрылууну сунуштайт.

 

Баяндалгандардын негизинде, Комитет төмөнкү чечимге келди:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине тапшырылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Протоколдук тапшырмалары тууралуу (2017-жылдын 25-майындагы П №136-VI, 2017-жылдын 25-майындагы П №137-VI, 2017-жылдын 8-июнундагы П №142-VI) Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри Ж. Калиловдун жана Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын башкы директору А.Б. Ногойбаевдин баяндамалары эске алынсын.

 

 

  1. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.С. Омурбековага жогорудагы Протоколдук тапшырмаларды Комитеттин көзөмөлүнөн алып салуу үчүн жөнөтүлсүн.

 

 

Төрага                                                                                 М.А. Аманкулов

Көрүүлөрдүн саны : 1935