Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2017-жылдын 19-июнундагы көчмө жыйынын “Ош областынын Өзгөн районунда болгон өзгөчө кырдаалдар фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 17-майындагы № 1589-VI токтомунун аткарылышы тууралуу ЧЕЧИМИ

13-07-2017 11:43

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2017-жылдын 19-июнундагы көчмө жыйынын

 

Ош областынын Өзгөн районунда болгон өзгөчө кырдаалдар фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 17-майындагы № 1589-VI токтомунун аткарылышы тууралуу

 

ЧЕЧИМИ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Кыргыз Республикасынын ѳзгѳчѳ кырдаалдар министри К.А. Бороновдун “Ош областынын Өзгөн районунда болгон өзгөчө кырдаалдар фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 17-майындагы № 1589-VI токтомунун аткарылышы жөнүндө маалыматын угуп, төмөнкүлөрдү белгилейт:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн берген маалыматы боюнча, жер көчкүнүн кесепетинен жабыркаган калкка материалдык, социалдык, психологиялык жана башка жардам көрсөтүү боюнча, ошондой эле кооптуу зоналарда жашаган адамдар үчүн турак жай курууга жер бөлүү (трансформациялоо) боюнча кечиктирилгис чараларды аткаруу максатында Ош облусунун Өзгөн районунун аймагында жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна таандык болгон 208,5га жерин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-майындагы №310 токтому менен которулуп берилди.

Ушул токтомго ылайык Ош облусунун Өзгөн районунун Чангет, Зергер, Ийри-Суу, Жалпак-Таш, Кара-Таш, Алтын-Булак, Көлдүк, Ак-Жар айыл аймактарында жер көчкүдөн жабыркаган жана жер көчкү кооптуулугу бар аймактарда жашаган жарандарды коопсуз аймактарга көчүрүлмѳкчү.

Бүгүнкү күндө 208,5га жердин генпланы даярдалып, райондук архитектура кызматкерлери тарабынан чектерге бөлүнүп, жабыр тарткан жарандарга берилүүдө. Райондук электр тармактар ишканасынын кызматкерлери жерине барып электр зымдарын тартышууда. Калкты трансформация болгон жерге көчүрүү боюнча тиешелүү иш-чаралар толук кандуу жүрүүдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун негизинде биринчи кезекте каржылоого алынуучу Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында болуп өткөн өзгөчө кырдаалдардан жабыр тарткан социалдык-маданий объекттердин тизмесине ылайык Аюу айылына 275 орундуу мектеп курууга 56,0 млн. сом, Кайрат айылындагы авариялык абалга келген С.Жаныбеков атындагы №23, Алтыбай айылындагы М.Жолдошалиева атындагы №78 мектептердин ордуна 275 орундуу мектеп курууга 65,0 млн. сом, Курбу-Таш айылына 275 орундуу мектепти спорт залы менен курууга 65,0 млн.сом акча каражаты каралган.

Мындан сырткары Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл аймагынын Жийде айылынын суу түтүктөрүн калыбына келтирүүгө 4,0 млн. сом, Ийри-Суу айыл аймагынын Кыргызстан айылынын суу түтүктөрүн калыбына келтирүүгө 10,0 млн. сом акча каражат каралган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 2017-жылдын 29-апрелиндеги Зергер айыл аймагындагы Аюу-Сай айылындагы жер көчкүнүн кооптуулугуна жүргүзгөн мониторингдин корутундусуна ылайык Аюу-Сай айылындагы Б.Тешебаев атындагы орто мектептин имаратын колдонууга тыюу салган жана жаңы салынып жаткан орто мектептин курулуш иштери токтотулган.

Ошондой эле 2017-жылдын 1-майында Жалпак-Таш айыл аймагындагы Курбу-Таш айылындагы жер көчкүнүн кооптуулугун изилдөө иштеринин натыйжасында К.Калмурзаев атындагы орто мектептин имаратын пайдаланууну жана курулуп жаткан спортзалдын курулуш иштерин токтотуу боюнча корутунду берилген.

Акырындык менен жылып жаткан жер көчкүдөн К.Калмурзаев атындагы орто мектептин имаратын сактап калуу максатында министрликтин күч-каражаттарынын жардамы менен мектептин имараты бузулуп, курулуш материалдары көчүрүлүп чыгарылган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-майындагы №155 “Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардан жабыркаган адамдардын жеке менчик турак үй куруусуна жана реконструкциялашына мамлекеттик субсидияларды берүү үчүн мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды чыгаруунун жана бекитүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”-токтомуна ылайык, 2017-жылдын 1-январына чейин өзгөчө кырдаалдардан жабыркагандарга 200,0 миң сомго чейин ссуда түрүндө жардам берилип келген болсо, жаңы “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алууга байланыштуу 2016-жылдын 27-декабрында аталган токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен ссуда берүү токтотулган.

Потенциалдуу кооптуу участоктордо социалдык объектилердин курулушуна (Зергер айылдык округунун Аюу-Сай айылындагы Б.Тешебаев атындагы орто мектеп) жол берилгендиги боюнча кызматтык териштирүүнү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Мамкурулуш агентиги жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен биргеликте күнөөлүү кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүгө тапшырма берилди.

Мындан тышкары, Куршаб-Жалпакташ автоунаа жолунда катуу жааган жаандан сел жана жер көчкү жүрүп, Куршаб-Жалпакташ автоунаа жолунун 7-чакырымында көпүрөнү суу алып, калыбына келтирүү жумуштары аткарылды. Куршаб-Жалпакташ автоунаа жолунун 12,3- чакырымында жер көчкү түшүп, автоунаа жолунун 300 м аралыгын басып калып, азыркы күндө айланып өтүүчү 800 м аралыкта айланма автоунаа жолу салынып, шагыл төшөө жумуштары жүрүп жатат.

Куршаб-Жалпакташ автоунаа жолунун 18-21 чакырым аралыгында түшкөн көчкү улам жылып жаткандыгына байланыштуу тазалоо жумуштары баштала элек.

“Кыргызжолтранс долборлоо” адистери тарабынан Куршаб-Жалпакташ автоунаа жолунун 13-22 чакырым аралына айланып өтүүчү автоунаа жолун изилдөө иштери жүргүзүлүп, азыркы күндө тиешелүү иш кагаздары даярдалууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2017-жылдын 30-апрелиндеги №76 “Өзгөн районунда кооптуу табигый процесстер менен кубулуштар күтүлүүчү жерлерде жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча” корутундусуна ылайык Куршаб-Жалпак-Таш багытындагы унаа жолунун 18-20-чакырымын тосуп, 2 көпүрөнү талкалагандыгы боюнча унаа каттамына чектөө киргизип эскертүүчү жол белгилерин орнотууну жана жер көчкүгө тынымсыз нөөмөт коюлуп, көзөмөлгө алынып, өзгөрүүлөр боюнча маалыматты тиешелүү кызматтарга билдирип туруу сунушталган.

“Кыргызжолтранс долбоору” узундугу 19,7 км жаңы айланма автожолун куруу боюнча долбоорун иштеп чыгууда.

Азыркы учурда табигый кырсыктан жапа чегип көчүп жер которгондор үчүн Куршаб айылынан Жаман-Адыр айылына чейинки узундугу 13 км эски жолду калыбына келтирүүгө 8 млн. сом талап кылынат. 

Мындан тышкары, Ана-Кызыл айылынын жанында Жазы дарыясы аркылуу өтүүчү Өзгөн – Кеңеш – Айгыржал автожолунун 14-кмдеги көпүрөнү калыбына келтирүү үчүн кошумча 12 млн сом талап кылынат.

2017-жылдын 7-8-майында каттуу жааган жамгырдан Мырзаке-Кара-Шоро автожолунун 47-кмдеги жолдун каршы тарабынан көчкү жүрүп Жазы дарыясын тосуп суунун агымын өзгөрткөн, анын кесепетинен узундугу 850 метр, туурасы 8 метр жана бийиктиги 3 метр жол тилкесин жууп кеткен. 10-майда аталган участокко жол-курулуш механизмдери жеткирилип азыркы убакта жер кыртышын жана Жазы дарыясын нугуна салып  калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

2017-жылдын 16-июнунда автотранспорттук каражаттарынын өтүүсүнө жол ачылды. Жолду толук калыбына келтирүүгө 850-900 метр узундукта дамба куруу жана бийиктиги 3.5 метр, туурасы 9 метр топурак, шагыл төшөө керек болот.

Жалпы калыбына келтирүү иштери үчүн 22 млн сом керек болсо, азыркы учурда 8 млн сомдук жумуш аткарылды, дагы 14 млн сомдук жумуш аткаруу керек. Азыркы убакта табигый кырсыктарды калыбына келтирүүгө акча каражаты бөлүнбөй жатат.

Узундугу 6 км, туурасы 6 метр Зергер-Аюу-Сай автожолуна шагыл төшөө иштери үчүн 2,5 млн сом суммасындагы каражат талап кылынат.

 

Жогоруда баяндалгандын негизинде, комитет төмөнкүдөй ч е ч и м г е      к е л д и:

1. Кыргыз Республикасынын ѳзгѳчѳ кырдаалдар министри К.А.Бороновдун “Ош областынын Өзгөн районунда болгон өзгөчө кырдаалдар фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 17-майындагы № 1589-VI токтомунун аткарылышы жөнүндө маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:

- жер көчкүнүн кесепетинен жабыркаган калкка жардам көрсөтүү боюнча иш-чаралар тездетилип, жарандардын турак жайларын жана социалдык объекттердин курулушун жылдын аягына чейин бүтүрүү камсыздандырылсын;

- коркунучтуу жана көчүрүүгө жаткан зоналарда жашаган жарандарга узак мөөнөттөгү жеңилдетилген ссудалар менен камсыз кылуунун суммасын 400,0 миң сомго чейин кылуу жана табият кырсыгынан улам кѳчкүнүн астында калган үйлөрдүн ээлерине кайтарымсыз республикалык бюджеттен финансылык каражаттарды бөлүү маселеси каралсын;

- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын эсебинде топтолгон акча каражаттарды, жер көчкүнүн кесепетинен жабыркаган адамдарга токтоосуз бөлүштүрүү менен курулуш иштерин баштоосу тездетилсин;

- табият кырсыгынан жапа чеккен айылдарда жайгашкан Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айылдык округунун Курбу-Таш айылындагы жана Зергер айылдык округунун Ничке-Сай жана Аюу-Сай айылдарындагы орто мектептердин имараттарын коопсуз аймактагы жерлерге даярдалган жаңы конуштардын генпландарынын негизинде кайрадан ыкчам курулуш иши жүргүзүлүшү жана өзгөчө кырдаалды алдын алуу максатында Алтын-Булак айылдык округунун Кандава айылындагы орто мектептин коопсуз жерге кайрадан курулушу каралсын. Ошондой эле Алтын-Булак айылдык округунун аймагында жайгашкан коркунучтуу абалдагы  жараңка кеткен жерлерди жардыруу маселесин жана ага байланыштуу иштердин жүргүзүлүшүн кѳзѳмѳлгѳ алуу каралсын;

- жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч түзүшү мүмкүн болгон табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда коргонуу ыкмаларына жана зарыл аракеттерине калкты (ошондой эле билим берүү уюмдарында) окутуу боюнча чаралардын комплексин жүргүзүү, жарандардын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн камсыздандыруу зарылчылыгы жөнүндө түшүндүрүү ишин күчөтүү;

- табият кырсыктарынан жапа чеккен айылдарда автоунаа жолдорун жана кѳпүрѳлѳрдү калыбына келтирүү жумуштарына тиешелүү маселерди чечүү тездетилсин;

- Куршаб - Жаман-Адыр, Заргер-Аюу-Сай жана Мырзаке-Кара-Шоро автожолдорун, Жазы дарыясы аркылуу өтүүчү Өзгөн–Кеңеш–Айгыржал автожолундагы көпүрөнү калыбына келтирүү үчүн курулуш иштерине акча каражаттары токтоосуз берилүүсү көзөмөлгө алынсын;

- жабыркаган үй-бүлөлөрдү социалдык колдоо максатында Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык округунун Курбу-Таш айылындагы жана Зергер айылдык округунун Ничке-Сай жана Аюу-Сай айылдарындагы орто мектептердин быйылкы окуу жылында бүтүрүүчүлөрү үчүн жогорку окуу жайларына кабыл алууну жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгына карабастан тапшыруу мүмкүнчүлүгүн жана аталган айылдардын азыркы учурда контрактык (акысын тѳлѳѳ) негизде окуп жаткан жогорку окуу жайларын дагы балдарына жеңилдик берүү маселелери каралсын;

- жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун 2- пунктун акыркы абзацында кѳрсѳтүлгѳн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнѳ берилген тапшырма аткарбагандыгы белгиленсин жана анын аткарылышын ушул жылдын 1-июль айына чейин аткаруусу каралсын.

 

3. Жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 17-майындагы № 1589-VI токтомунун аткарылышына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чабал мамиле кылганы белгиленсин.

4. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна чыгарылсын.

5. Ушул чечимди контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                 М. А. Аманкулов

Көрүүлөрдүн саны : 2762