Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2017-жылдын 12-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө ЧЕЧИМИ

18-09-2017 14:26

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2017-жылдын 12-сентябрындагы

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө

 

ЧЕЧИМИ

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын атына Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары А.И. Жусубалиевден “Кыргызжолтрансдолбоор” долборлоо жана изилдөө институтунун Комплекстик жол бөлүмүнүн башкы адиси Ашымбеков Талайбек Нурлановичти жана Институттун башкы инженери Солтобаев Талантбек Осмонбековичти көп жылдык жана үзүрлүү эмгеги үчүн “Кыргызжолтрансдолбоор” долборлоо жана изилдөө институтунун 50 жылдык мааракесине карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо тууралуу кайрылуусу (23- июль 2017-ж., кир. № 6-14858/17) келип түшкөн.

 

Комитет бул кайрылууну карап чыгып, ч е ч т и:

 

  1. Ашымбеков Талайбек Нурланович жана Солтобаев Талантбек Осмонбековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А. Турсунбековго сунушталсын.

 

  1. Комитеттин чечими Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кароосуна  жиберилсин.

 

 

Төрага                                                                                  М.А. Аманкулов

 

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 1511