«Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун» техникалык регламенти» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин КОРУТУНДУСУ

18-09-2017 15:58

«Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун» техникалык регламенти» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 385-токтому менен жактырылган «Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун» техникалык регламенти» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.

Бул мыйзам долбоордун концепциясы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык иштеринин бирдиктүү Товардык номенклатурасынын жана Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинин жаңы редакцияларына шайкеш келтирүүгө багытталган.

Мыйзам долбоор колдонуудагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында иштелип чыкты, ал Евразия экономикалык бирлигинин тийешелүү Техникалык регламенттери Кыргыз Республикасынын аймагында күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулат.

Бүгүнкү күндө Евразия экономикалык биримдигинин алкагында Евразия экономикалык биримдигинин «Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун» Техникалык регламентинин долбоору иштелип жатат. Бул ченемдик-техникалык документацияны иштеп чыгуу боюнча мүчө-мамлекеттердин карама-каршылыктары болгондугун эске алуу менен «Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун» техникалык регламенти» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонуудагы редакциясына өзгөртүү киргизүү максатка ылайык.

Мыйзам долбоордун концепциясы боюнча Комитеттин сын-пикирлери жана сунуштары жок

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Комитет төмөнкүдөй корутундуга келет:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 385-токтому менен жактырылган «Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун» техникалык регламенти» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун концепциясы жактыруу жана аны биринчи окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын.

2. Бул корутунду Кыргыз Республикасынын Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жөнөтүлсүн.

 

 

Комитеттин төрагасы                                           М.А. Аманкулов

 

Көрүүлөрдүн саны : 996