Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин «Ишкердик субъектилерди текшерүүнү жүргүзүү тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна КОРУТУНДУСУ 2017-жыл 24-октябрь

01-11-2017 11:52

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

«Ишкердик субъектилерди текшерүүнү жүргүзүү тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

 

КОРУТУНДУСУ

2017-жыл 24-октябрь

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилген (2017-жылдын 3-августундагы №461-токтом) «Ишкердик субъектилерди текшерүүнү жүргүзүү тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап жана талкуулап, төмөнкүлөрдү белгилейт.

Аталган мыйзам долбоору ишкердик субъектилеринин ишине мыйзамсыз кийлигишүүлөрдөн коргоо, учуулардын коопсуздугун сактоо максатында авиатранспорт ишканаларын текшерүүлөр «Ишкердик субъектилерди текшерүүнү жүргүзүү тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын принциптерине туура келбей тургандыгынан улам киргизилип жатат.

Бирок, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы №68-токтомуна ылайык, мамлекеттик бийликтин аткаруу органдарынын түзүмүнө жүргүзүлүп жаткан оптимизациялоонун чегинде, унаа коопсуздугу чөйрөсүндө контролдук-күзөмөл функцияларын жүргүзүү үчүн Мамэкотехинспекцияга кошумча 33 штаттык бирдик берилген.

Ушуга байланыштуу, келечекте киргизилип жаткан мыйзам долбоорун ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аталган токтом менен дал келбөөчүлүк ыктымалдуулугу пайда болот.

 

Жогоруда баяндалгандын негизинде Комитет төмөнкүдөй корутундуга келди:

  1.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилген (№ 461-токтом, 2017-жылдын 3-августу) «Ишкердик субъектилерди текшерүүнү жүргүзүү тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун концепциясы жактырылсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилүү менен аны биринчи окууда кабыл алуу сунушталсын.

 

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, ушул мыйзам долбоорунун киргизилишине байланыштуу, өзүнүн ченемдик-укуктук актыларын ылайык келтирсин.

 

  1. Ушул Корутунду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча (Макеев Н.К.) комитетине жөнөтүлсүн.

 

Төрага                                                                                 М.А. Аманкулов

 

Көрүүлөрдүн саны : 913