Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин «2017-жылдын 13-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Борбордук Азияда жол катнаштарын жакшыртуунун сунушталган үчүнчү фазасын (CARs-3) (TFOF4647) даярдоо үчүн Европа жана Борбордук Азия регионунда потенциалды өнүктүрүү боюнча Трасттык фонддун грантын берүү жөнүндө Кат-макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата КОРУТУНДУСУ 24-октябрь, 2017-жыл

01-11-2017 11:55

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

 

«2017-жылдын 13-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы  Борбордук Азияда жол катнаштарын жакшыртуунун сунушталган үчүнчү фазасын (CARs-3) (TFOF4647) даярдоо үчүн Европа жана Борбордук Азия регионунда потенциалды өнүктүрүү боюнча Трасттык фонддун грантын берүү жөнүндө Кат-макулдашууну ратификациялоо  тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата

КОРУТУНДУСУ

24-октябрь, 2017-жыл

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2017-жылдын 9-октябрындагы № 655 токтому менен демилгелеген  «2017-жылдын 13-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы  Борбордук Азияда жол катнаштарын жакшыртуунун сунушталган үчүнчү фазасын (CARs-3) (TFOF4647) даярдоо үчүн Европа жана Борбордук Азия регионунда потенциалды өнүктүрүү боюнча Трасттык фонддун грантын берүү жөнүндө Кат-макулдашууну ратификациялоо  тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун  карап чыгып,    төмөндөгүлөрдү белгилейт.

Борбордук Азияда жол катнаштарын жакшыртуунун сунушталып жаткан Программасынын (БА ЖКЖП-3) максаты Ысык-Көл областынын эл аралык туристтик кызмат көрсөтүүлөрүнүн коңшу өлкөлөргө жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн Ысык-Көл областынын коңшу өлкөлөр менен катнашын өнүктүрүүдө турат.

         2017-жылдын 23-февралында  Европа жана Борбордук Азия регионунда потенциалды өнүктүрүү боюнча Трасттык фонд 530 000 (беш жүз отуз миң) АКШ доллары суммасында гранттык каражаттарды бөлүүнү колдогон. Бул гранттык каражаттар «Каракол» жана «Ысык-Көл» эл аралык аэропортторунун инфраструктурасын модернизациялоо боюнча  техникалык-экономикалык негиздемени жана техникалык долбоорлорду даярдоо үчүн консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү финансылоого багытталат, буга тендердик документтерди даярдоо жана айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө таасир кылууга баа берүү сыяктуу коргоо чаралары боюнча документтерди жеткире даярдоо да кирет.

         Каралып жаткан Кат-макулдашуунун долбоору 2017-жылдын
23-майында  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде макулдашуу жол-жобосунан өткөрүлгөн.

 

Жогоруда баяндалгандардын негзинде Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет төмөнкүдөй корутундуга келди:

 

1. «2017-жылдын 13-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы  Борбордук Азияда жол катнаштарын жакшыртуунун сунушталган үчүнчү фазасын (CARs-3) (TFOF4647) даярдоо үчүн Европа жана Борбордук Азия региондорунда потенциалды өнүктүрүү боюнча Трасттык фонддун грантын берүү жөнүндө Кат-макулдашууну ратификациялоо  тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана аны биринчи окууда кабыл алуу сунушталсын.

        

2. Ушул корутунду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетине ( А.А.Шадиев) жөнөтүлсүн.

 

 

Комитеттин төрагасы                                                                  М.А. Аманкулов

 

Көрүүлөрдүн саны : 852