Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2017-жылдын 31-октябрындагы “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна КОРУТУНДУСУ

09-11-2017 09:34

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт,

коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2017-жылдын 31-октябрындагы

 

“Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

 

КОРУТУНДУСУ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д.Бекешев, М.А.Аманкулов, А.Ш.Осмонова, Т.З.Зулпукаров, А.М.Нурбаев, Э.Т.Токтошев, М.К.Жеенчороев, М.Э. Мавлянова, Д.Б.Аттокуров, К.Ш.Баймуратов, С.М.Джураев, К.М.Жумалиев, Адыл Жунус уулу, Алтынбек Жунус уулу, Т.К.Конушбаев, Б.У.Сыдыков, У.З.Ормонов, Н.К.Алимбеков, А.М.Эргешов жана Р.Ч.Момбековдор тарабынан демилгеленген (2017-ж. 15-июнундагы кир.№ 6-13694/17) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 29-июнундагы № 1821-VI токтому менен жактырылган “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт:

Кыргыз Республикасында 96%га чейин жүк жана 98%га чейин жүргүнчүлөрдү ташуу автомобилдик жолдор боюнча жүзөгө ашырылат.

Республиканын жол тарамдарынын жалпы узундугу болжол менен 34000 км түзөт, анын ичинен 18585 км Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин (КР ТжЖМ) жол бөлүмчөлөрү тарабынан тейлөнүүчү жалпы пайдалануудагы жолдор, 15 190 км – шаарлардын, айылдардын, айыл чарбалык, өнөр жай жана башка ишканалардын жолдорун түзөт.

Жалпы пайдалануудагы автомобилдик жолдор өзүнүн чарбалык жана административдик мааниси боюнча эл аралык (4100 км), мамлекеттик (5335 км) жана жергиликтүү (149 км) маанидеги автомобилдик жолдорго бөлүнөт.

Жалпы пайдалануудагы 7580 км таманы каттуу заттар менен төшөлгөн, анын ичинде 10 км цемент-бетон менен төшөлгөн, 5698 км асфальт-бетон менен төшөлгөн жана 1871 кара гравий менен төшөлгөн жолдор түзөт. Шагыл төшөлгөн жолдор 9388 км., ошондой эле эч нерсе төшөлбөгөн 1617км кара жолдор да бар.

Көз карандысыздыкты алган жылдардын ичинде жалпы пайдалануудагы автомобилдик жолдордун курулушуна жана реконструкциясына биздин мамлекетибизде республикалык бюджеттен олуттуу финансылык каражаттар бөлүнүп берилген, ошондой эле транспорттук коридорлорду калыбына келтирүүгө эл аралык финансылык институттардын аз эмес инвестициялары тартылган, бирок ага карабастан Комитетке автомобиль жолдорунун канаттандыраарлык эмес абалына нааразы болгон шайлоочулардан да, жергиликтүү кеңештин жана Жогорку Кеңештин депутаттарынан да көптөгөн оозеки жана жазуу жүзүндөгү кайрылуулар келип түшүүдө.

Ушул Мыйзам долбоору автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын куруунун, күтүүнүн жана пайдалануунун сапатын жакшыртуу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу, ошондой эле автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконстркуциялоо чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында иштелип чыкты жана автомобиль жолдорун курууда порядчиктердин жоопкерчиликтерин күчөтүүгө жана жолдорду өз убагында тейлөө боюнча кепилдик берүүнү камсыз кылууга багытталган.

Колдонуудагы “Автомобиль жолдору жөнүндө” Мыйзамдын 39-4-статьясынын 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык “Автомобиль жолдорун куруу, оңдоп куруу жана оңдоо боюнча жол иштерин жүргүзүүгө келишим келишимди аткарууну кепилдик жактан камсыз кылуунун милдеттүү шарты жана объектти эксплуатациялоонун кепилдик мөөнөтүн көрсөтүү менен түзүлөт.

Кепилдик мөөнөт курулушу бүткөрүлгөн жаңы автомобиль жолдору буюртмачыга өткөрүлгөн учурдан тартып эсептелинет жана эки жылдан кем эмес, ал эми кайра оңдолгон жана оңдолгон автомобиль жолдору үчүн бир жылдан кем эмес мөөнөттү түзөт.”.

Бирок, тажрыйба көрсөткөндөй, биздин өлкөдө жаңы салынган жана реконструкцияланган автомобиль жолдорунун кызмат кылуусу эки-үч жылдан ашпайт жана көп учурда оңдолгон (калыбына келтирилген) жана /же жаңы курулган автомобиль жолдору бир жыл пайдаланылгандан кийин керекке жарабай калууда.

“Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-3-статьясынын негизинде Туруктуу техникалык көзөмөлдөө жүргүзүү жана буюртмачынын, көтөрмөчүнүн жана кеңешчи-инженердин өз ара мамилелери жөнүндө жобо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

“Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында курулчу объекттер автордук, техникалык жана мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөлгө алынууга тийиш.

Курулушка автордук көзөмөл эксплуатацияга киргизилчү курулуш объекттеринин архитектуралык-курулуштук, технологиялык же башка техникалык чечилиштери долбоордук чечимдерге ылайык келишин камсыздоо максатында ишке ашырылат.

Курулуш жумуштарынын аткарылышына техникалык көзөмөл архитектуралык-курулуштук, технологиялык же башка техникалык чечилиштердин ылайык келишин камсыздоо максатында ишке ашырылат.

Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл курулуш процессинде аткарылуучу жумуштардын техникалык регламенттердин жана долбоордук документтердин талаптарына ылайыктыгын текшерүү максатында ишке ашырылат.

Биздин республикадагы автомобиль жолдору мыйзамдарда аныкталган көзөмөлдөрдүн бардык түрлөрүн кыя өтүү менен пайдаланууга берилип жаткандай пикир туудурат.

Ушуга байланыштуу, кепилдик милдеттенмелер жана аткаруучу жумуштарына жоопкерчиликти күчөтүү боюнча долбоорчулардын жана подрядчиктердин милдеттенмелерин аткарууга кепилдик берүүчү тутумду түзүү үчүн мыйзам долбоор менен жаңы автомобилдик жолдор үчүн кепилдик мөөнөтүн беш жылдан кем эмес жана реконструкцияланган жана оңдолгон автомобиль жолдорун кепилдик мөөнөтүн үч жылдан кем эмес белгилөө сунушталат.

Подрядчиктердин жоопкерчилигин жогорулатуу максатында азыркы учурда жаңы салынган, реконструкцияланган жана оңдолгон жолдордун сапатына жана кепилдигине талаптар келишим түзүүдө документацияларда жазылат. Мындай чаралар сунушталуучу талаптарга тиешелүү болгон талаптагыдай сапатты камсыз кылууга багытталган. Бирок бүгүнкү күндөгү Кыргыз Республикасындагы жолдордун эскиришинин ылдамдыгы жана деңгээли жолдорду жана жол курулмаларын куруу же оңдоо боюнча көптөгөн подрядчиктер өздөрүнүн милдеттерине шалакылык менен мамиле жасашкандыктарын күбөлөйт.

Ушул Мыйзам чыгаруу демилгеси подрядчикти өзүнүн жумушун максималдуу сапаттуу аткарууга жүйөлөштүрөт, анткени анын белгиленген бюджети бар, буга катачылыктарды оңдоого, урдоого жана башка кемчиликтерди жоюуга ар жылдык кошуулар жүргүзүлбөйт. Тескеринче, эгерде кепилдик мөөнөттү узартпаса, мамлекет жаңы салынган жана реконструкцияланган жолдорду тейлөө боюнча кошумча жүктү өзүнө алат, ал өлкөнүн бюджетинин чектелген шартында акылга сыйбас иш.

Коомдук талкуулоону жүргүзүү үчүн Мыйзам долбоор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сайтына 2017-жылдын 14-апрелинде жарыяланган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Бабановдон сунуштар келип түшкөн, ал киргизилүүчү Мыйзам долбоорунун концепциясына ылайык келбегендигине байланыштуу кабыл алынган эмес.

Мыйзам долбоордун кабыл алынышы терс укуктук, укук коргоочулук, экономикалык, гендердик, экологиялык, социалдык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.

Мыйзам долбоорго башка кандайдыр-бир карама-каршы келүүчү нормаларды Мыйзам долбоор камтыбайт. Долбоорду кабыл алган учурда мамлекеттик бюджеттен кошумча каражаттарды бөлүүнү талап кылбайт.

Мыйзам долбоордун демилгечиси тарабынан 2017-жылдын 22-июнунда (чыг.№ 6-3818 жана/17) бул мыйзамдолбоорго корутунду берүү өтүнүчү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кат жолдогон болчу, ага биринчи вице-премьер-министр М.Д.Абулгазиевден аны кабыл алууда бир катар тобокелдиктер болорун эскертүү менен (2017-жылдын 14-августундагы чыг.№ 23-24726) жооп алынган. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 676-статьясына ылайык подрядык иштерге кепилденген мөөнөт, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача эскертилбесе 10 жылдан кем эмести түзөт, “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормаларына ылайык кепилденген мөөнөт жаңыдан кургандар үчүн 2 жылдан кем эмес жана капиталдык оңдоолор үчүн 1 жылдан кем эмес белгиленген, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги заказчы катары мыйзамдарга өзгөртүүсүз подряддык иштерге кол коюучу келишимдерге мөөнөттү көрсөтүү менен кепилденген мөөнөттү көбөйтүүгө укуктуу.

Жогоруда көрсөтүлгөндөрдү негиздөө менен каралып жаткан мыйзамдолбоорго конкреттүү сунуштарды киргизбестен биринчи вице-премьер-министр М.Д.Абулгазиев башында турган Өкмөт “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун демилгечилери - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д.Бекешев, М.А.Аманкулов, А.Ш.Осмонова, Т.З.Зулпукаров, А.М.Нурбаев, Э.Т.Токтошев жана М.К.Жеенчороевдер (2017-ж. 15-июнундагы кир.№ 6-13694/17) менен бирдикте, мында Транспорт жана жол министрлиги тарабынан “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору даярдалганын билдирүү менен, аны жылдыруу боюнча мүмкүн болуучу тобокелдиктер жана натыйжалар жөнүндө маселелерди талкуулоону сунуш кылат, ага ылайык кепилденген мөөнөттүн мезгили Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат жана пайдалануу нормаларына жолдорду күтүүнү ылайык келтирүүдө кепилденген мөөнөттүн колдонуу шарттары тууралуу норма алып салынат, ал кепилденген мөөнөттүн мезгилинде жолдорду күтүү укугу подрядчикте каларын аныктайт (бекитет).

Бирок 2017-жылдын 18-октябрындагы абал боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги тарабынан даярдалган “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине келип түшпөгөнүн Комитет белгилейт.

Комитет “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Укуктук экспертиза бөлүмүнүн сунушу менен таанышып, 2-берененин биринчи абзацына карата автомобиль жолдорун куруу жана реконструкциялоо үчүн подрядчиктерди тартуу процесси жарым-жартылай ишкердик иштерге байланыштуу экенин эске алуу менен, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Укуктук экспертиза бөлүмүнүн сунушу менен макул болду жана мыйзамдолбоордун 2-беренесинин биринчи абзацындагы “10” деген цифраны “15” деген цифра менен алмаштырууну сунуш кылат.

Жогоруда баяндалгандарды көңүлгө алуу менен, ошондой эле 2017-жылдын 18-октябрындагы абал боюнча Комитетке мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъекттери тараптан кандайдыр-бир башка сунуштар жана сын-пикирлер келип түшпөгөнүн эске алуу менен ченем жаратуучу техниканын бузулушунан качуу максатында сунушталган мыйзамдолбоорду төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуш кылат:

«1-берене

«Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998, № 9, 322-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

39-4-статьясынын 2-бөлүгүндөгү “эки жыл” деген сөздөр “беш жыл” деген сөздөр менен алмаштырылсын, ал эми “ бир жылга”деген сөздөр “ үч жылга” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.».

 

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Комитет төмөнкүдөй корутундуга  келди:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д.Бекешев, М.А.Аманкулов, А.Ш.Осмонова, Т.З.Зулпукаров, А.М.Нурбаев, Э.Т.Токтошев, М.К.Жеенчороев, М.Э.Мавлянова, Д.Б.Аттокуров, К.Ш.Баймуратов, С.М.Джураев, К.М.Жумалиев, Адыл Жунус уулу, Алтынбек Жунус уулу, Т.К.Конушбаев, Б.У.Сыдыков, У.З.Ормонов, Н.К.Алимбеков, А.М.Эргешов жана Р.Ч.Момбековдор тарабынан демилгеленген (2017-ж. 15-июнундагы кир.№ 6-13694/17) “Автомобилдик жолдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Комитетин сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен аны экинчи окууда кабыл алуу сунушталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жыйналышында кароодо баяндамачы болуп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А. Аманкулов, тең баяндамачы болуп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д. Бекешев аныкталсын.

 

Төрага                                                                                 М.А. Аманкулов

Көрүүлөрдүн саны : 1169