Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин “Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданын реконструкциялоо боюнча иштин жүрүшү жана анын айланасындагы территорияны өнүктүрүүнүн келечектеги планы тууралуу” ЧЕЧИМИ

01-07-2016 12:11

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

 

“Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданын реконструкциялоо боюнча иштин жүрүшү жана анын айланасындагы территорияны өнүктүрүүнүн келечектеги планы тууралуу”

 

ЧЕЧИМИ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети 2016-жылдын 21-июнунда жерине чыгуу менен Кыргыз Республикасына караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетович Мамбетовдун “Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданын реконструкциялоо боюнча иштин жүрүшү тууралуу” жана 2016-жылдын 27-июнундагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акибаев Аскат Акибаевичтин “Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданынын айланасындагы территорияны өнүктүрүүнүн келечектеги планы тууралуу” маалыматын угуп, төмөнкүлөрдү белгилейт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-декабрындагы № 594-т тескемесине ылайык Мамкурулуштун 2015-жылдын 15-декабрындагы №26 буйругу менен “Ысык-Көл областындагы Ысык-Көл районунун Бостери айылдык аймагынын Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданынын реконструкциялоо” объектин долбоорлоо жана реконструкциялоо үчүн башкы ишке чегерүүчүлөрдү аныктоо боюнча ведомстволор аралык сынактык комиссия түзүлүп, ал 2015-жылдын 18-декабрында төмөнкүлөрдү башкы ишке чегерүүчү деп аныктаган:

- объектти долборлоо үчүн – “Гарант-долбоор” ЖЧКсы (2015-жылдын 28-декабрындагы № 58-П-15 келишим);

- объектти куруу үчүн – “YКК-Азат” корпорациясынын “КМБ-3” ЖЧКсы (2015-жылдын 28-декабрындагы № 05/111 келишим).

Мамкурулуштун маалыматынан “Гарант-долбоор” ЖЧКсы тарабынан иштелип чыккан жумушчу долбоор андан долбоорлоо үчүн 2016-жылдын 5-январында аймактык архитектура жана шаар куруу органы менен алдын ала макулдашылган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы №493 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын аймагында объекттерди жарыш долбоорлоо жана куруу жөнүндө” убактылуу жобого ылайык Мамкурулуш тарабынан жарыш долборлоого жана курууга кат (2016-жылдын 5-январындагы № 09/2-2089 кат), уруксат (2016-жылдын 6-январындагы №Р-01-16) жиберилген.

Долбоордун иштеп чыгылган долбоорлоо-сметалык документтери (архитектуралык-курулуштук бөлүк) Мамэкспертизадан өтүп, натыйжада 2016-жылдын 31-майындагы ГЭ-МА-6 оң корутундусу берилген.

Долбоорлоо жана курулуш иштери жумуштардын бекитилген графигине ылайык жүргүзүлүүдө.

Төмөнкү 6 кошумча чегилүүчү уюмдар тартылган:

- аткананы, машиналар туруучу жайды, жолдорду, ирригацияны жайгаштыруу, ыңгайлаштыруу үчүн “Каганат Курулуш” ЖЧКсы;

- батыш трибунаны курууга - “ККБ” ЖЧКсы;

- ичүүчү суу үчүн скважина бургулоого, резервуарды курууга – “Ысык-Көл” курулуш сервис ЖЧКсы;

- ички аянтчалар жумуштарына, суу түтүк жана канализация тутумдарына – “Бектемир” ЖЧКсы;

- жер астындагы ички аянтчалар электр тармактарына – “Сакалай” ЖЧКсы;

- айлампага – “Грегори” фирмасы (Франция) (Тянь-Шань Трэвэл” ЖЧКсы).

Азыркы убакта объектте 516 киши жана объектти уюштуруу 3 сменада (б.а. күнү-түнү) иштейт.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги курулуштун башталышынан тартып 728000,0 миң сом суммадагы каржылоону ачып, алардын ичинен 11000,0 миң сом ДКД даярдоо үчүн долбоорлоочусуна жана 150,0 миң сом автордук көзөмөл үчүн “Гарант-долбоор” ЖЧКсына; 695963,4 миң сом “YКК-Азат” корпорациясынын “КМБ-3” ЖЧКсы ишке чегилүүчү уюмуна, 632, 658 миң сом долбоордун экспертизасы үчүн которулган.

Мында, долбоорлоо документинин толук комплектинин жок болгондугунан суу түтүгүнүн жана канализациянын аянтчалардан тышкаркы сырткы тармактарынын, ошондой эле ички инженердик тармактарынын курулушунун жана шыбап-сырдоо жумуштарынан графиктен артта калып жаткандыгын белгилей кетүү керек.

Комитеттин жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Акибаев Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданынын айланасындагы территорияны өнүктүрүүнүн келечектеги планы тууралуу презентация менен тааныштырды жана бул маселе боюнча чараларды көрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылды.

 

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданын реконструкциялоо боюнча коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткаруу жана анын айланасындагы территорияны өнүктүрүүнүн келечектеги планын иштеп чыгуу максатында Комитет төмөнкү чечимди кабыл алды:

 

1. Кыргыз Республикасына караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетович Мамбетовдун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аскат Акибаевич Акибаевдин “Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданын реконструкциялоо боюнча иштин жүрүшү жана анын айланасындагы территорияны өнүктүрүүнүн келечектеги планы тууралуу” маалыматы эске алынсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданына территориянын келечектеги өнүгүү планын иштеп чыгуу тапшырылсын.

 

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык “Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданынын реконструкциялоону финансы каражаттары менен өз убагында камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.

 

4. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги:

 

- долбоорлоо документтеринин толук комплектин камсыз кылуу жана жогоруда көрсөтүлгөн объекттин жумуштарынын графигин сактоо боюнча ишке чегерилүүчү уюмдарга көмөк көрсөтүү боюнча чараларды көрсүн;

 

- ай сайын Комитетке иштин жүрүшү тууралуу болгон маалыматты берип турсун.

 

5. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча Комитетинин бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

 

 

Комитеттин төрагасы                                                                 М.А. Аманкулов

 

Көрүүлөрдүн саны : 2008