“Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация тармагындагы иштердин абалы жөнүндө” ЧЕЧИМИ

01-07-2016 12:13

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш

боюнча комитетинин

 

“Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация

тармагындагы иштердин абалы жөнүндө”

 

ЧЕЧИМИ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын жарандык авиация тармагындагы иштердин абалы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучусу З.К.Айдаровдун маалыматын угуп жана талкуулап, төмөнкүлөрдү белгилейт.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги, ошондой эле бул министрликтин алдындагы Жарандык авиация агенттиги жарандык авиациянын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы катары, учуулардын коопсуздугу жана авиациялык коопсуздук үчүн тармакты өнүктүрүү, зарыл жабдуу жана техника менен жабдуу, көзөмөлдү камсыз кылуу, калктын авиациялык учууларга муктаждыктарын бир кыйла толук камсыздандыруу боюнча айрым иштерди жүргүзүп жатат.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасында авиациялык тармагын Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги, “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасы, “Манас” эл аралык аэропорту” ААК республиканын аймагында катталган 10 аэропортту жана 22 авиакомпанияны билдирет.

28 мамлекет менен өз ара аба каттамдарын жүзөгө ашыруу жөнүндө келишим ратификацияланган, азыркы учурда 9 өлкө менен туруктуу авиа рейстер жолго коюлган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында айрым оң натыйжаларга жетишилди.

Соңку 2 жылдын ичинде эл аралык авиа линияларында 7 жаңы авиа маршрут ачылды, анын ичинде өткөн жылы: Бишкек-Дели, Бишкек-Самара, Бишкек-Душанбе эл аралык аба линиялары боюнча авиа рейстери ачылды. Бишкек-Үрүмчү, Бишкек-Новосибирск, Бишкек-Екатеринбург, Бишкек-Душанбе маршруттарына рейстердин саны көбөйдү.

2015-жылга эл аралык авиа маршруттар боюнча 2014-жылга салыштырганда 328 авиа рейс көбүрөөк аткарылды жана өткөн жылга салыштырганда 66091 жүргүнчү көбүрөөк ташылды. Өткөн жылы “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын кирешелери 3 млрд. сомдон ашты. Бул 2014-жылдын көрсөткүчүнөн 696 млн. сомго көп, 1,3 млрд. сом өлчөмүндөгү пайда алынды.

Соңку 3 жылдын ичинде “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын, ошондой эле башка аэропорттордун негизги өндүрүштүк фонддорун реконструкциялоого, өркүндөтүүгө, курууга, көбөйтүүгө 2 млрд. сомдон ашык каражат жумшалды.

“Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасы аба кемелерин жана жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын негизги аэропортторун аба кыймылын тейлөөнүн системаларын заманбап радиотехникалык комплекстер жана учууларды метеорологиялык камсыз кылуу системалары менен жабдуу, жогорку аба мейкиндигинде аба кыймылын бирдиктүү борбордон уюштуруу жана камсыз кылууну тейлөө боюнча милдеттери чечүү жагынан иш жүргүзүп жатат.

АКШнын Коргоо министрлигинин каражаттарынын эсебинен курулган аэронавигациялык секи азыркы учурда тестирлөөдөн өттү жана кайталоо режиминде иштеп жатат.

Жарандык авиация агенттиги учуулардын коопсуздугун камсыз кылууга туруктуу көзөмөлдү жүргүзөт. Жарандык авиацияда кадрдык потенциалды чыңдоо жана алардын эмгегине акы төлөөнү жогорулатуу боюнча максатка багытталган ишти жүргүзүп жатат. 2008-жылы Жарандык авиация агенттигинин кызматкерлерине Эмгек акы фонду көбөйтүлдү. Агенттиктин инспекторлорунун квалификациясын жогорулатуу жана аларды кайра даярдоо курстарында ТРАСЕКА линиясы боюнча – 75 сертификат жана башка долбоорлор боюнча 30 сертификат алынды.

ИКАО аудитинин натыйжалары боюнча 2006-жылдын октябрында Кыргыз Республикасында катталган бардык авиакомпаниялар Евросоюздун “кара тизмесине” киргенин эске алып, андан чыгуу боюнча иш жүргүзүлүп жатат.

2016-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 6-августунда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Аба кодекси күчүнө кирди. Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелер жана жарандык авиациянын ишин жөнгө салган башка ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын Аба кодексине ылайык жүргүзүлүп жатат.

Ошону менен бирге, республиканын жарандык авиация тармагындагы иштердин абалы тынчсызданууну пайда кылат, аны өнүктүрүү маселелеринде каталар жана кемчиликтер орун алган, колдо болгон потенциал толук көлөмдө колдонулбай жатат.

Азыркы учурга чейин авиакомпаниялар Евросоюздун “кара тизмесинде” жүрөт. ИКАОнун аудиторлорунун инспекциясынын жүрүшүндө дагы көп сандаган сын-пикирлер айтылып жатат.

Үстүбүздөгү жылдын январь-февралында болуп өткөн соңку текшерүүнүн натыйжасында эле алар тармактын ишиндеги зарыл талаптарга 128 шайкеш эместикти белгилеген.

Комитет Өкмөткө көңүл бурууну бир нече жолу сунуштаган ИКАОнун негизги талаптарынын бири – бул Жарандык авиация агенттигин жана биринчи кезекте инспектордук курамды финансылоонун начардыгы. Ушул себептен улам Жарандык авиация агенттигинин иштеп жаткан инспекторлоруна аудиттин натыйжалары боюнча 2016-жылдын февралында кезектеги терс баа берилген.

Колдо болгон аба кемелеринин паркын жаңылоо боюнча максатка багытталган иш жүргүзүлбөй жатат. Кыргыз Республикасынын авиация ишканалары колдонуп жаткан аба кемелеринин паркы моралдык жактан жана иш жүзүндө эскирди жана тез арада жаңылоону жана эл аралык талаптарга жооп берген заманбап, жаңы аба кемелери менен алмаштырууну талап кылат.

Кыргыз Республикасында катталган авиакомпанияларда 1971-1975 жана 1978-жылдардагы чыгарылган кемелер бар. “Манас Эйрвейс” авиакомпаниясынын балансында жүргүнчүлөрдү ташууга арналган, 1971-жылы чыгарылган Ан-2 аба кемеси бар. Жүктөрдү ташыган “Sky Way Air” авиакомпаниясында 1981-жылы чыгарылган Ан-26 аба кемеси бар. “Air KG” авиа компаниясында ЯК-40 аба кемеси бар, аны пайдалануу мөөнөтү 40 жылдан ашкан.

Кыргыз Республикасынын жарандык кемелер Реестринде бардыгы болуп 43 аба кемеси бар, анын ичинде 26 аба кемесинин учууга жарактуулук сертификаты жок, 28си советтик өндүрүштөн чыккан.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин реестринде ар кандай модификациядагы 12 МИ-8 вертолёту бар, алардын бардыгынын учууга жарактуулук сертификаты жок.

Бюджеттик уюм катары Жарандык авиация агенттиги ишкананын финансылык абалын жакшыртуу боюнча тиешелүү чараларды көрбөй жатат, бүгүнкү күндө кредитордук карызынын суммасы 13 млн. сомдон ашыкты түзөт, анын негизги бөлүгү 2008-жылдан бери тындырыла элек.

Бүгүнкү күндө ИКАОго карата мүчөлүк төгүмдөр боюнча Кыргыз Республикасынын карызы 101 739 канадалык долларды жана 104 016 АКШ долларын түзөт.

Бүгүнкү күндө Эл аралык авиациялык комитетке (ЭАК) Кыргыз Республикасынын карызы 381 000 АКШ долларын түзөт.

Агенттик тарабынан тарифтик саясатты жүзөгө ашырууга тиешелүү контролдук жүргүзүлбөйт, бул алардын жогорку наркына калктын нааразылыгын пайда кылууда.

“МАМ” ААКнын бардык аэропортторунда пайдалануунун узак мөөнөтүн эске алуу менен аэродромдун жасалма кыртышы жагынан көйгөйлөр бар. Аэропорттордун объекттери жана курулуштары реконструкциялоого муктаж. Төмөнкү аэропорттордун ишке киргизилүү жана колдонуу жылы төмөнкүлөрдү түзөт: “Манас” аэропорту -1979, “Ош” -1962, “Жалал-Абад” -1972, “Кербен” 1975, “Исфана” -1974, “Баткен” - 1984, “Каракол” -1978, “Нарын” 1974, “Казарман” 1984, “Талас” – 1979.

“МАМ” ААКнын финансы каражаттарынын эсебинен жыл сайын жасалма кыртышына ремонт жүргүзүлүп турат, бирок реконструкциялоо үчүн бир кыйла финансылык салымдар зарыл.

“Манас” аэропорту экинчи учуучу – конуучу тилкени куруу, ошондой эле ILS конуу инструменталдык системасын, DME алыстан кабыл алуучу радиомаякты сатып алуу маселесин чечүүгө тийиш. Колдо болгон учуу-конуу тилкеси баштан аяк оңдоону, эскирген перрондук механизация каражаттары (ленталык конвейер, жер үстүндөгү электр булактарын модернизациялоо, авиакыймылдаткычтарды от алдыруу орнотмолору) жаңылоону жана модернизациялоону талап кылат.

Ош шаарынын аэропортунун учуу-конуу тилкеси оңдоону жана массасы боюнча чектөөсүз аба кемелерин кабыл алуу үчүн күчөтүүнү талап кылат.

Ошондой эле аба кемелерин техникалык жана коммерциялык тейлөө үчүн жабдууларды (сүйрөткүчтөр, автотраптар, ассенизациялык техника, аба кемесинин кыймылдаткычтарын жана салонун перрондук жылыткыч, жүктү жүктөө – түшүрүү үчүн машиналар жана башкалар) сатып алуу, учуучу-конуучу тилкени узартуу, жүк терминалын куруу жана жүктөрдү иштетүү боюнча жабдууларды сатып алуу зарыл.

“Баткен”, “Исфана”, “Жалал-Абад”. “Караван”, “Нарын”, “Талас” ички аба линияларынын аэропортторунун техникалык абалы баштан аяк оңдоону талап кылат, анын үстүнө учуучу-конуучу тилкелердин кыртышы, бурулуучу жолдор жана перрондор эскирген, радиотехникалык жана метеорологиялык жабдуулар моралдык жактан жана иш жүзүндө эскирген, текшерүүчү жабдуу ресурсун иштеп бүткөн же жок, бардык катталган аэропорттордо зарыл атайын техника жок.

Аэропорттордун ушундай техникалык абалынын учурунда жакынкы учурда айрым аэропортторду пайдалануу мөөнөттөрүн узартуу мүмкүн эмес.

Республиканын бардык аэропортторунда колдо болгон аэронавигациялык жабдууну, анын ичинде “Манас” эл аралык аэропортун” жаңылоо жана өркүндөтүү маселелерин чечүү тездетүүнү талап кылат.

Азыркы учурда аэронавигациялык системаларды жана аба кыймылын башкаруу (АКБ) системаларын өркүндөтүү Кыргыз Республикасы үчүн эң жогорку артыкчылык болуп саналат, өлкөнүн аба кыймылынын коопсуздугу ушуга түздөн-түз байланыштуу.

Кыргыз Республикасынын аэропортторунда орнотулган аба кемелерин тейлөө үчүн колдонулган, Кыргыз Республикасынын аба мейкиндиги аркылуу учууларды аткарган радиолокациялык, навигациялык, байланышуучу жана метео жабдуулардын 60%нын абалы иш жүзүндө жана моралдык жактан эскирген, ошондой эле өзүнүн ресурсун иштеп бүткөн.

“2014-2017-жылдарга жана 2020-жылдарга чейин “Кыргызаэронавигация” МИнин аба кыймылын тейлөө системаларын өнүктүрүү жана өркүндөтүү программасына” ылайык бүткүл аэронавигациялык системаны өркүндөтүү үчүн 24,1 млн. АКШ долларына жакын каражат талап кылынат. Бул финансылык каражаттар аэронавигациялык жаңы заманбап каражаттарды орнотуу үчүн гана керек.

Ишкананын ар жылдагы кирешеси 500,0 млн. сом болгон учурда бул көйгөйдү чечүү мүмкүн эмес.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бул маселени чечүүдө тиешелүү финансылык колдоо көрсөтүлбөй жатат.

Андан да жаманы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-апрелиндеги №265 токтому менен “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасына аэронавигациялык жабдууну өркүндөтүүгө 140,0 млн. сом өлчөмүндөгү акча каражаттары бөлүнгөн, алар ишканага жеткен эмес.

Азыркы учурда Өкмөт Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бул каражаттардын эмне болгонуна кызыккан эмес, күнөөлүү адамдар жоопкерчиликке тартылган жок.

Өкмөт жарандык авиация тармагында бирдиктүү координациялоо жана бүтүндүк жок экендигине көңүл бурушу зарыл.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги транспорт, анын ичинде аба транспорту жагынан мамлекеттик саясатты ишке ашырат. Министрликтин түзүмүндө Жарандык авиация агенттиги бар, ал жарандык авиация жагынан жөнгө салууну ишке ашырат.

Мындан тышкары, “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасы бар, анын милдеттерине аба кыймылын жана учууларды метеорологиялык жактан камсыз кылуу системаларын тейлөө, жогорку аба мейкиндигинде аба кыймылын бирдиктүү борбордон уюштурууну жана тейлөөнү камсыз кылуу кирет.

Ошондой эле, “Манас” эл аралык аэропорту” ААК иштеп жатат, ал менчигинин формасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлк фондусуна отчёт берет, ал эми иши боюнча анын кимге отчёт бере тургандыгы түшүнүксүз.

Көпчүлүк өлкөлөрдө бардык субъектилер же тиешелүү министрликтердин же жарандык авиация агенттигинин карамагында болот, бул алардын ишин, өзгөчө финансылоо же бирдиктүү координациялоо маселелеринде ишин алда канча жеңилдетет.

 

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Комитети төмөнкүдөй чечимге келди:

 

1. “Кыргыз Республикасынын жарандык авиация тармагындагы иштердин абалы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин милдетин аткаруучусу С.К. Айдаровдун маалыматы эске алынсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунуш кылынсын:

 

  • Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 12-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарын кынтыксыз аткаруу маселесин иштеп чыгуу;

 

- ИКАО жана МАКга мүчөлүк төгүмдөрдү тындырууда Кыргыз Республикасынын карызын жоюу үчүн жарандык авиация агенттигин финансылоо процессин тездетүү;

 

- жарандык авиация тармагынын ишин ылайыкташтыруу үчүн тиешелүү түзүмгө өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн максатка ылайыктуулугунун маселесин карап чыгуу;

 

- Өкмөттүн 2009-жылдын 28-апрелиндеги № 265 токтомунун негизинде аэронавигациялык жабдууну өркүндөтүү үчүн “Кыргызаэронавигация” МИ үчүн бөлүнгөн 140,0 млн. сомду кызматтык тергөөнү жүргүзүү;

 

- “кара тизмеден” чыгуу процессин тездетүү жана ИКАОнун чечилбеген 13 пунктун оң чечүү үчүн жарандык авиация агенттигинин инспекторлорунун штаттык санын көбөйтүү жана алардын эмгек акысын жогорулатуу маселесин кароо, ошондой эле мыйзамдык базаны алардын талаптарына ылайык келтирүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү.

 

3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги, ушул министрликтин алдындагы жарандык авиация агенттиги төмөнкүлөр боюнча чаралар көрсүн:

 

- жарандык авиация агенттигинин жамаатында моралдык-психологиялык абалды жандандыруу;

 

- ташуучулардын муктаждыгына ийкем аракет кылуу менен Кыргызстандын аба мейкиндигин максималдуу натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуучу аба трассасынын тармагын кеңейтүү;

 

- абадан тейлөөдөгү улуттук системаны өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө багытталган илимий-изилдөөчүлүк иштердин узак мөөнөттүү комплекстүү программасын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;

 

  • Кыргыз Республикасынын аба кыймылын уюштуруу, бекитилген аэропортторду өнүктүрүү, аларды реконструкциялоого жана техникалык жактан кайра жабдууга финансылык каражаттардын зарыл санын жөнөтүү системасын өркүндөтүүнүн жана техникалык жактан кайра жабдуунун программаларын ишке ашыруу учурунда бирдиктүү техникалык жана уюштуруу саясатын жүзөгө ашыруу;

 

- КМШга мүчө өлкөлөрдүн жана чектеш мамлекеттердин ушундай системалары менен аэронавигациялык системаларды шайкеш жана ылайык келтирүү;

 

- даярдоонун чет өлкөлүк борборлорунда, аба кыймылынын башкаруунун борборлорунда жана жабдууларды берүүчү фирмаларда жогорку квалификациялуу адистерди окутууну уюштуруу;

 

- колдо болгон аба кемелеринин техникалык паркын жаңылоо;

 

2016-жылдын 20-сентябрына чейин жарандык авиация агенттигинин ар бир кызматкерине ээлеген кызматынын квалификациялык талабына ылайыктуулугу боюнча аудит жүргүзүү.

 

4. “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коому:

 

- келечекте экинчи учуучу-конуучу тилкени куруу маселесин карап чыксын;

 

  • Жарандык авиация агенттигине инспекторлордун кадрдык потенциалын жогорулатуу, Кыргызстанды “кара тизмеден” чыгаруу, ошондой эле эмгек акыны көтөрүү үчүн эл аралык аба каттамдары боюнча учкан жүргүнчүлөрдөн түшкөн төлөмдөрдүн бөлүгүн, финансылык каражаттарды бөлүп берүү тууралуу маселени карасын.

 

5. Бул чечимдин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине 2016-жылдын 20-сентябрына чейин маалымдасын.

 

 

Комитеттин төрагасы                                                        М.А. Аманкулов

Көрүүлөрдүн саны : 2639