Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2016-жылдын 27-июнундагы «Ысык-Көл кемечилиги» Мамлекеттик ишканасындагы иштердин абалы жөнүндө» ЧЕЧИМИ

01-07-2016 12:14

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2016-жылдын 27-июнундагы

 

«Ысык-Көл кемечилиги» Мамлекеттик ишканасындагы

иштердин абалы жөнүндө»

 

ЧЕЧИМИ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети 2016-жылдын 21-июнунда көчмө жыйындын жүрүшүндө «Ысык-Көл кемечилиги» Мамлекеттик ишканасындагы иштердин абалы жөнүндө» маселе боюнча таанышып жана «Ысык-Көл кемечилиги» Мамлекеттик ишканасынын директору Т.К. Мукашевдин маалыматын угуп, төмөндөгүнү тастыктайт.

Ысык-Көл кемечилиги суу транспорту менен жүктөрдү ташуу жаатында монополист болуп саналат. Жыл сайын ишкана жылына муктаждыгы 30,0 миң тоннага чейинки жүктү түзгөн Каракол шаарынын жылуулук менен тейлөө ишканасы үчүн көмүр ташууну жүзөгө ашырат. Ошондой эле, Балыкчы шаарынын портторунун аймагынан Бишкек ЖЭБ үчүн Кара-Кече көмүрүн топтоштуруу жана андан ары темир жол менен жөнөтүү иши жүргүзүлөт.

Комитет 2013-жылы өзүнүн жыйынында «Ысык-Көл кемечилиги» Мамлекеттик ишканасын өнүктүрүүнүн абалы жана келечеги жөнүндө” деген маселени караган, кабыл алынган чечимде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, тиешелүү министрликтерге жана ведомстволорго ишканага көмөк көрсөтүү сунушталган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында мекеменин абалын турукташтыруу жана финансы-экономикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртууларга жетишилди.

2013-жылы 22,2 миң тонна жүк ташылды, ал 2012-жылга караганда 2 эсеге көп, 1,4 млн. сомго пайда алынды. Буга Комитеттин сунушу менен «Кыргызтуракжайкоммунбирлик» Мамлекеттик ишканасынын Каракол шаарынын пристанына чейин көмүрдү суу транспорту менен жеткиргенинин эсебинен жетишилди.

Бирок кийинки жылдарда көмүр жеткирүү менен алектенген фирмалар ташууну автомобиль транспорттору менен жүзөгө ашыра баштады, ал кемечиликтин экономикалык абалына терс таасирин тийгизди.

Бул төмөнкү себептер боюнча максатка ылайыксыз экендигин белгилөө зарыл:

Биринчиден, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча агенттиги менен макулдашуу боюнча 2014-жылдын 8-августан «Балыкчы» портунан «Пржевальск» портуна чейин порттордогу жүктөө жана түшүрүү иштерин жана салыктарды эсепке алуу менен, 1 тонна жүктү ташуу тарифи 471,0 сом суммасына бекитилген, ал автомобиль транспорттору менен ташуу (980 сом) тарифине караганда 2-2.5 эсеге аздыгы.

Экинчиден, суу транспорту транспорттун эң бир арзан жана экологиялык таза түрү болуп саналат. Жүк көтөрүмдүүлүгү 1000 тонна болгон баржа менен жүк ташуу жолдордун жана жол курулмаларынын сакталышына, ошондой эле автотранспорттун кыймылынын интенсивдүүлүгүн төмөндөтүүгө жана курорттук аймактагы автожолдордун жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга оң таасир этет.

Бул абдан маанилүү, анткени азыркы убакта автомобиль жолдорун реконструкциялоо жүрүп жатат жана автомобиль транспорту менен көмүрдү ташуудан баш тартуу жолду пайдалануунун мөөнөтүн узартат.

Автомобиль транспортуна салыштырмалуу сүйрөөчү-теплоходдун  күйүчүү-майлоочу материалдарын  аз чыгымдашына байланыштуу, автомобиль транспортуна караганда теплоходдун кыймылдаткычынын иштешинен атмосферага чыккан зыяндуу заттардын саны 4-5 эсеге аз. Мында теплоходдун сүзгөн жолу көлдүн жээгинен жана калктуу конуштардан алыс, ал курорттук аймакка зыяндуу заттарды түшүрбөйт жана абаны булгабайт.

Андан сырткары, көлдүн чыгыш жээгинде жашаган калкты тейлөөнү жакшыртуу үчүн Каракол шаарынын пристанына соода-которуп жөнөтүү базасын түзүү зарыл.

 

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Комитет төмөнкүдөй чечимге келди:

 

1. «Ысык-Көл кемечилиги» Мамлекеттик ишканасындагы иштердин абалы жөнүндө» мекеменин директору Т.К. Мукашевдин маалыматы эске алынсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:

 

- Каракол шаарына чейин көмүрдү жеткирүү боюнча тендер өткөрүүдө, аны жүзөгө ашыруучу фирмаларга суу транспорту менен гана деген пунктту кошуу «Кыргызтуракжайкоммунбирлик» Мамлекеттик ишканасына милдеттендирилсин.

 

- көмүр сатып алуу боюнча көлдүн чыгыш жээгинде жашаган калкты тейлөөнү жакшыртуу үчүн Каракол шаарынын пристанына соода-которуп жөнөтүү базасы уюштурулсун.

 

3. «Ысык-Көл кемечилиги» Мамлекеттик ишканасы транспорттук каражаттардын техникалык абалын жакшыртуу жана жүк ташууну үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.

 

4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Комитеттин төрагасы                                                                 М.А. Аманкулов

Көрүүлөрдүн саны : 1619