Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2016-жылдын 27-июнундагы “Чүй, Нарын жана Ысык-Көл областтарынын тургундарынын кайрылуулары жөнүндө” ЧЕЧИМИ

01-07-2016 12:18

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2016-жылдын 27-июнундагы

 

“Чүй, Нарын жана Ысык-Көл областтарынын тургундарынын кайрылуулары жөнүндө

 

ЧЕЧИМИ

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети 2016-жылдын 20-июнундагы көчмө жыйналыштын жүрүшүндө көтөрүлгөн маселелер, ошондой эле Чүй, Нарын жана Ысык-Көл областтарынын тургундары менен жолугушуунун жүрүшүндөгү кайрылуулар боюнча төмөнкүлөрдү белгилейт.

Суусамыр өрөөнүнүн калкы Тунук айылында Суусамыр дарыясы аркылуу курулушу бүтпөгөн көпүрө жагынан зор тынчсыздануусун билдирет.

Көпүрөнү курууга 32 млн. сом зарыл, жыл сайын бюджеттен 3 млн. сомдон бөлүнөт. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.К. Конушбаевдин айтымы боюнча, финансылоонун ушундай темптери менен жүрүп отурганда көпүрөнүн курулушу 10 жылдан кийин аяктайт. Комитет курулушу бүтпөгөн көпүрөнү тез арада толук аяктоо үчүн зарыл финансылык каражаттарын табуу чараларын көрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма берүү зарылчылыгы жөнүндө пикирин айткан.

Өкмөттүн Нарын областындагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Алыбай Кайыпович менен бирге депутаттар курулуп жаткан “Түндүк-Түштүк” альтернативдүү автомобиль жолунун “Арал – Кызыл Жылдыз” участогун карап чыкты жана жумуштар бекитилген планга ылайык жүргүзүлүп жатканын, графиктен болор-болбос артта калуу орун алганын, мында Транспорт жана коммуникация министрлигинин жетекчилиги жумуштар жакынкы күндөрдө графикке ылайык аткарыла турганына ишендиргенин белгиледи.

Жергиликтүү калк менен жолугушуунун жүрүшүндө куруу процессине тиешелүү бир катар сунуштар айтылды, ошондой эле алар жолду куруу учурунда малды коопсуз айдоо үчүн орундар каралбаганына тынчсыздангандыгын билдирди.

Ушуну менен катар долбоорго жөө кишилер өтүүчү өткөөлдөрдү жана адамдар алда канча көп жерлерде, өзгөчө окуу жайларынын жанында светофорлорду орнотууну долбоорго киргизүүнү өтүндү.

Транспорт жана коммуникация министрлигине ал тарабынан курулуп жана реконструкцияланып жаткан калктуу конуштардагы ички автомобиль жолдорунун сапатынын төмөндүгү жагынан дооматтар айтылды, алар жарым жылдан кийин эле жараксыз болуп калууда.

Ошондой эле “Түндүк-Түштүк” альтернативдүү жолун куруу долбоорун турмушка ашырууда тургундардын алып салынууга тийиш болгон курулуштарын, соода павильондорун, коммуникацияларды жана көрүстөндөрдү компенсациялоо жөнүндө маселелер айтылды. Бардык ушул көтөрүлгөн көйгөйлөргө Инвестициялык долбоорлорду турмушка ашыруу тобунун директору К.А. Мамаев ушулардын баардыгы каралып, эске алынып жана долбоорго киргизилет, ал эми алып салынуучу курулуштарды жана коммуникацияларды компенсациялоо жагынан эксперттин баалоосу (нарктык) жүргүзүлөт жана тиешелүү чаралар көрүлөт деп убада кылды.

Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромду реконструкциялоо менен тааныштыргандан кийин депутаттар жергиликтүү тургундар менен жолугушту, анын жүрүшүндө ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, электр кубаттуулугун жетишсиздиги, ошондой эле канализациялык тармакты куруу менен байланышкан маселелерди көтөрүлдү.

Ушул маселелердин баардыгы бир нече жыл бою чечилбей жатат жана аларды чечүүдө, анын ичинде реконструкцияланып жаткан объекттин долбоордук-сметалык чыгымдарын финансылоодо көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү. Алар ушул өтө маанилүү маселелерди чечүү жайкы сезон мезгилинде туристтерди тартууга шарт түзөт, бул алардын социалдык жана күндөлүк турмушуна түздөн-түз таасир этет деген тынчсыздануусун билдирди.

Өз кезегинде депутаттар алардын билдирүүлөрүн угуп, жергиликтүү бийлик органдарына жана подрядчыларга маселелерди тез арада чечүү жөнүндө кайрылды.

Балыкчы шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары, ошондой эле тургундары менен жолугушууда негизинен Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун каражаттары боюнча тендерлерди өткөрүүгө байланышкан маселелер көтөрүлдү, анткени алар областтык борбордо өткөрүлөт жана тендердин жеңүүчүлөрү өз ишин сапатсыз аткарат жана кээде өздөрү баштаган иштерди бүткөрбөстөн калтырып коёт. Алардын пикири боюнча тендерлерди өткөрүү зор шектенүүнү пайда кылат жана аларды өткөрүүдө ачыктыкты жана калыстыкты, ошондой эле тиешелүү жергиликтүү бийлик органдарынын катышуусун шарттоону өтүндү.

Мындан тышкары ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, шаарда спорт комплексин куруу, канализация, карьерлерде жерди бөлүү (анткени алар жайыттарга кирет), Улуу Ата-Мекендик согуштун ооруктагы эмгекчилеринин күбөлүгү жоктугу, ошондой эле “Балыкчы-Корумду” автомобиль жолун реконструкциялоодо арык тармагын өткөрүү маселелери.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети төмөнкүдөй чечимге келди:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын:

 

- Тунук айылында Суусамыр дарыясы аркылуу курулушу бүтпөгөн көпүрөнү толук аяктоо үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды тез арада бөлүү үчүн мүмкүнчүлүктү тапсын;

 

- Ысык-Көл районунун Бактуу-Доолоноту айылында ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, калкка берилүүчү электрдин кубаттуулугун көбөйтүү, ошондой эле канализациялык тармакты куруу маселелерин чечсин;

 

- Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун бөлүнгөн каражаттары боюнча тендерлерди өткөрүү учурунда ачыктыкты жана калыстыкты, ошондой эле Балыкчы шаарынын тиешелүү жергиликтүү бийлик органдарынын жана кызматтарынын, коомдук уюмдарынын кеңири катышуусун шарттасын.

 

  1. Комитеттин ушул чечими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтүлсүн.

 

3. Бул чечимдин аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине жүктөлсүн.

 

 

 

 

Комитеттин төрагасы                                                        М.А. Аманкулов

 

Көрүүлөрдүн саны : 1819