«Түндүк-Түштүк» альтернативалуу жолду куруунун жүрүшү жөнүндө» (Балыкчы-Арал-Казарман участоктору) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин ЧЕЧИМИ

01-07-2016 12:38

«Түндүк-Түштүк» альтернативалуу жолду куруунун жүрүшү жөнүндө»

(Балыкчы-Арал-Казарман участоктору)

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

ЧЕЧИМИ

2016-жылдын 20-21-июну

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети (мындан ары – Комитет) жерине баруу менен «Түндүк-Түштүк» альтернативалуу жолду куруунун жүрүшү жөнүндө» маселени карап чыгып, төмөндөгүнү белгилейт.

«Түндүк-Түштүк» альтернативалуу жолдун долбоорун каржылоо боюнча Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын максаты толугу менен транзиттик ташуулар үчүн шарттарды жакшыртуу болуп саналат.

Ишке ашырылуучу долбоор инфратүзүмдү өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартуу, өлкөнүн аймактарында үзгүлтүксүз транспорттук каттамдарды жана ошондой эле калктын тейлөө жана жумуш рынокторуна аралашуу мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоо максаттарын аркалайт.

Бул жолду өлкөнүн түндүгүндө Казахстандын жана Россиянын жана түштүгүндө – Таджикистандын жолдору менен кошуу, Узбекистан Республикасын айланып өтүүчү, Россия-Казахстан-Кыргызстан-Таджикистан маршруту боюнча өтмө транзитти түзүүгө жол берет, бул болсо Кыргызстандын жана Таджикистандын Бажы Союзуна кирүү аспектинде өзгөчө актуалдуулукка ээ.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы № 293-р буйругу менен Ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн, ал 433 чакырым аралыктагы “Түндүк –Түштүк” альтернативалуу жолдун параметрин 2-чи техникалык категорияга келтирүүсүү жана курулуш иштерин үч этап менен аткарылышы жөнүндө чечим кабыл алды:

  • I Фаза, узундугу 154 чакырым, Кызыл-Жылдыз а.- Арал а. (183-195 чакырым), Казарман а.-Жала-Абад ш. маршруту боюнча өтөт (291-433 чакырым). Бул аралыкта узундугу 3,7 чакырым тоннелдин курулушу каралууда. Жалпы наркы 400 млн. АКШ долларды түзөт. Куруу иштери 2014-жылдын башында башталган.
  • II Фаза, узундугу 96 чакырым, Арал а.-Казарман а. маршруту боюнча өтөт (195-291 чакырым). Бул аралыкта узундугу 0,7 чакырым тоннелдин курулушу каралууда. Жалпы наркы болжол менен 297 млн. АКШ долларын түзөт. Азыркы учурда Макулдашуулар ратификация процесинен өтүп жатат.
  • III Фаза, узундугу 183 чакырым, Балыкчы ш.- Кызыл-Жылдыз а. маршруту боюнча өтөт (0-183 чакырым).

Макулдашуулардын долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 259-р буйругу менен жактырылды жана 2015-жылдын 15-июнунда кол коюлду.

КЭР Өкмөтүнүн каражаты Бул долбоорду каржылоонун булагы болуп саналат, ал жеңилдетилген шартта ШОС катышуучу-өлкөлөрүнүн суроо-талабы боюнча долбоорлорго каржылоону берет. Кытайдын Экспорттук-Импорттук Банкы тарабынан 62 % жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү тарабынан 38 % каржыланат, мындай комбинация боюнча грант-элементинин көрсөткүчү 35,07 % түзөт, бул көрсөткүч жаңы тышкы карыз алуулардын жеңилдүүлүк деңгээли боюнча эң төмөнкү көрсөткүчкө дал келет.

  1. Жеңилдетилген Насялык Макулдашуунун шарттары боюнча:
  • Насыя түрүндө                               185 254 119 АКШ $;
  • Мөөнөтү:                                        20 жыл;
  • Жеңилдетилген мезгили:                         11 жыл;
  • Жылдык үстөгү                              2 % пайыз;
  1. Өкмөттүк концессиялык Макулдашуунун шарттары боюнча:
  • Насыя түрүндө                               697 562 608,76 кытай юаны;

(НБКР курсу, болжол менен                          112,64 млн. АКШ дол)

  • Мөөнөтү:                                        25 жыл;
  • Жеңилдетилген мезгили:                         11 жыл;
  • Жылдык үстөгү                              1,5 % пайыз;

Азыркы убакта КР МТ жана К долбоордун I Фазасынын жана II Фазасынын алкагында курулуш иштерин жүзөгө ашырып жатат.

I Фазаны (Кызыл-Жылдыз-Арал, Казарман-Жала-Абад) ишке ашыруу:

Донор                                                     Кытай Эксимбанкы;

Насыя суммасы                                               400 млн. АКШ доллары;

Подрядчик                                                       Чайна Роуд энд Бридж.Корп.;

Долбоордун консультанты:                            “Кыргызжолтрансдолбоор” ПИИ.

Аткарылган иштердин көлөмү:

Кызыл-Жылдыз а.- Арал а. участогундагы иштин жалпы көлөмүнөн 82%дайы аткарылды. Участоктун бардык аралыгына асфальтбетондун төмөнкү катмарын төшөө аяктады, жолдун айрым жерлерин оңоп-түзөө (чет тосмолорун, парапеттерди орнотуу) жүзөгө ашырылып жатат. Үстүбүздөгү жылы асфальтбетондун үстүнкү катмарын төшөө көп эмес участокко сыноо катары гана жүргүзүлөт.

Казарман а.-Жала-Абад ш. участогундагы иштин жалпы көлөмүнөн 28%дайы аткарылды. Участокто жер, дренаждык, көпүрү иштери, коммуникациялардытартуу боюнча иштер уланууда. Ошондой эле бүгүнкү күндө тоннелдин түндүк жана түштүк порталдарынын өтмөгүндө бургулап жардыруу иштери улантылып жатат.

Азыркы убакка бул долбоор боюнча 120 млн. АКШ доллар чамасындагы суммага иш аткарылды, ал контракттык нарктын 30%ын түзөт.

«Түндүк-Түштүк» альтернативалуу жолдун I Фазасын ишке ашырууну аяктоо 2018-жылга пландалган.

II Фазаны (Арал-Казарман) ишке ашыруу:

Донор                                            Кытай Эксимбанкы жана КЭР Өкмөтү;

Инвестициялардын көлөмү                   298 млн. АКШ дол.;

Долбоордун подрядчиги                      Чайна Роуд энд Бридж.Корп.;

Долбоордун консультанты:                            “Кыргызжолтрансдолбоор” ПИИ.

Бул участокто да узундугу о,7 чакырым тоннелди куруу каралууда.

Аткарылган иштердин көлөмү:

Бүгүнкү күндө подрядчикти участокко тартуу иши жүргүзүлдү. Азыркы убакта курулуш иштерине даярдыктар аяктады, татаал инженердик курулмаларга убактылуу чыкма жолдору камсыздалды. Азыркы учурда жер иштери жүзөгө ашырылып жатат. Аралдан Казарманга карай 32 чакырымга, Казармандан Аралга карай 12 чакырымга жер төшөмү жаткырылды. Бүгүнкү күнгө чейин бул долбоор боюнча 28 млн. АКШ доллар өздөштүрүлдү, ал контракттык нарктын 10%ын түзөт. «Түндүк-Түштүк» альтернативалуу жолдун II Фазасын ишке ашырууну аяктоо 2018-жылга пландалган.

«Түндүк-Түштүк» альтернативалуу жолдун Балыкчы-Арал-Казарман участокторунун курулушунун жүрүшү менен таанышуу максатында Комитеттин мүчөлөрү үстүбүздөгү жылдын 20-июнунда «Арал-Кызыл-Жылдыз» участогуна барышты жана иш планда бекитилгенге ылайык жүрүп жатканын, графиктен кечигүүлөр бар экенин белгилешти, мында МТ жана Кнын жетекчилиги жакынкы күндөрдө иш графикке ылайык аткарыларын ишендиришти.

Жергиликтүү калк менен жолугушуунун жүрүшүндө курулуштун процессине тийиштүү бир катар сунуштар айтылды, алсак, тургундар долбоордо суу каптап кетүү, жер бетинин жып кетүү (көчкү), кыян жүрүү (коркунучу) коопсуздугу боло турган участокторго коопсуздукту (инженердик суу агызуу ыкмалары, кыяндан сактоо жана тосмо курулмалары каралган эмес) камсыз кылуу маселеси ойлонуштурулбаганына көңүл бурууну өтүнүштү, ошондой эле алар жолду курууда малды коопсуз айдап көчүрүү үчүн шарттар каралбаганына кооптонушту.

Аны менен катар эли көбүрөөк жерлерге, айрыкча окуу жайлардын жанынна жөө өтмөлөрдү курууну жана светофорлорду орнотууну долбоорго кошууну өтүнүштү.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине алар тарабынан жарым жылдан кийин жараксыз болуп калган калктуу конуштардын ички автомобиль жолдорун төмөнкү сапатта курганы жана кайра курганы боюнча дооматтар коюлду.

«Түндүк-Түштүк» альтернативалуу жолдун курулушунун долбоорун ишке ашырууда бузулууга жаткан тургундардын курулуштарын, соода павильондорун, коммункацияларды жана мүрзөлөрдү компенсациялоо жөнүндө маселе да иликтенди. Көтөрүлгөн бардык бул проблемаларга Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруучу топтун директору К.А.Мамаевбулардын бары караларын, эске алынарын жана долбоорго кошуларын, ал эми булулуучу курулутардын жана коммуникациялардын компенсацияларына карата эксперттин баалоосу (наркын) жүргүзүлөрүн жана тиешелүү чаралар колдонуларын ынандырды.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Комитет чечим кабыл алды:

1. «Түндүк-Түштүк» альтернативалуу жолду куруунун жүрүшү жөнүндө» (Балыкчы-Арал-Казарман участоктору) КР транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Э.О.Осоевдин маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине:

1. чараларды көрсүн:

- долбоорго жана сапат нормасынын КЧ жана Э ылайык талаптарды кармануу менен «Түндүк-Түштүк» альтернативалуу жолду курууну мөөнөттө аяктоо боюнча;

- жашоочулар тараптан чатактуу кырдаалдардан жана түшүнбөстүктөрдөн качуу үчүн автомобиль жолдорунун пландаштырылган курулушу жөнүндө жергиликтүү калк менен жолугушууну өткөрүүнү уюштуруу боюнча

- курулуш процессине атамекендик подрядчиктерди тартуу боюнча;

- жол курууда малды коопсуз айдап көчүрүү үчүн шарттарды куруу боюнча;

- КР ӨКМ түзүмдүк бөлүмдөрүнүн сунуштарын эске алуу менен суу каптап кетүү, жер бетинин жып кетүү (көчкү), кыян жүрүү (коркунучу) коопсуздугу боло турган участокторго тиешелүү суу агызуу ыкмаларды карап, кыяндан сактоо жана тосмо курулмалар менен камсыз кылуу боюнча;

- калкка өз убагыдакомпенсацияларды төлөп берүү үчүн бузулган курулмаларды жана коммуникацияларды эксперттик баалоо жүргүзүү боюнча;

- каралган финансылык каражаттарды натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу боюнча;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине «Түндүк-Түштүк» альтернативалуу жолду куруунун жүрүшү жөнүндө күнүмдүк маалыматты квартал сайын берип туруу боюнча.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана технологиялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы мыйзамдуу жүктөлгөн ыйгарым укуктарына ылайык «Түндүк-Түштүк» альтернативалуу жолду куруунун жүрүшүнө техникалык көзөмөл жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине маалыматты такай жөнөтүлөт.

4. Комитеттин бул чечими Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана технологиялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына жөнөтүлсүн.

5. Бул чечимдин аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

 

Комитеттин төрагасы                                                        М,А.Аманкулов

Көрүүлөрдүн саны : 2009