Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2016-жылдын 28-июнундагы “2016-жылдын 31-майындагы жана 7-июнундагы Комитеттин “Ак-Жол” контролдоо-өткөрмө пунктундагы түзүлгөн кырдаал боюнча чечиминин аткарылышы жөнүндө аралык маалымат тууралуу” ЧЕЧИМИ

01-07-2016 12:41

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

 

2016-жылдын 28-июнундагы

 

“2016-жылдын 31-майындагы жана 7-июнундагы Комитеттин “Ак-Жол” контролдоо-өткөрмө пунктундагы түзүлгөн кырдаал боюнча

чечиминин аткарылышы жөнүндө аралык маалымат тууралуу”

 

ЧЕЧИМИ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети (мындан ары – Комитет) 2016-жылдын 28-июнундагы кезектеги жыйынында, 2016-жылдын 31-майындагы жана 7-июнундагы Комитеттин “Ак-Жол” контролдоо-өткөрмө пунктундагы түзүлгөн кырдаал боюнча чечимдеринин 2016-жылдын 28-июнуна карата аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министринин милдетин аткаруучу З.К. Айдаровдун; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана туракжай-коммуналдык чарба мамлекеттик агентигинин директору М.Т. Мамбетовдун; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик  чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Т.К. Усубалиевдин; Кыргыз Республикасынын ИИМнин алдындагы Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ы.К. Саркуловдун маалыматтарын угуп, чечим кабыл алды:

 

1. Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министринин милдетин аткаруучу З.К. Айдаровдун; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана туракжай-коммуналдык чарба мамлекеттик агентигинин директору М.Т. Мамбетовдун; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик  чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Т.К. Усубалиевдин; Кыргыз Республикасынын ИИМнин алдындагы Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ы.К. Саркуловдун 2016-жылдын 28-июнуна карата 2016-жылдын 31-майындагы жана 7-июнундагы Комитеттин “Ак-Жол” контролдоо-өткөрмө пунктундагы түзүлгөн кырдаал боюнча чечимдин аткарылышы жөнүндө берген маалыматтары эске алынсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигине, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына, Кыргыз Республикасынын ИИМнин алдындагы Патрулдук милиция башкы башкармалыгына жана Чүй областынын Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына, “Ак-Жол” контролдоо-өткөрмө пунктундагы түзүлгөн кырдаал боюнча 2016-жылдын 31-майындагы жана 7-июнундагы Комитеттин чечиминин аткарылышын күчөтүү боюнча иш чара  кабыл алсын жана 2016-жылдын 20-сентябрына чейин аткарылган пункттар боюнча Комитетке толук маалымат берилсин.

 

3.  Көптөгөн арыздар жана нааразылыктарга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте Казакстандын чек ара кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын жарандарын тейлөөдөгү этика маселелерин иштеп чыксын.

 

4. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигине, КРӨ караштуу Архитектура, курулуш жана туракжай-коммуналдык чарба мамлекеттик агентигине, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына, Кыргыз Республикасынын ИИМнин алдындагы Патрулдук милиция башкы башкармалыгына жана Чүй областынын Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

 

5. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

 

 Комитеттин төрагасы                                                       М.А. Аманкулов

Көрүүлөрдүн саны : 1614