Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2017-жылдын 5-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин жасаган иштери жана тармактын өнүгүү перспективасы жөнүндө маалыматы тууралуу ЧЕЧИМИ

21-12-2017 10:29

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2017-жылдын 5-декабрындагы

 

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин  жасаган иштери жана тармактын өнүгүү перспективасы жөнүндө маалыматы тууралуу

ЧЕЧИМИ

 

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети (мындан ары – Комитет) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри Ж.К.Калиловдун маалыматын угуп жана министрликте жасалган иштер жана тармактын өнүгүү перспективасы жөнүндө презентация менен таанышып, төмөндөгүлөрдү белгилейт.

         Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун жана Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин Минск шаарындагы жолугушуусунун жүрүшүндө жетишилген келишүүлөрдөн улам кыргыз-казак чек арасы штаттык режимде иштөөгө өттү. Азыркы убакта кыргыз-казак чек арасы толук ачык турат. Казакстан менен контролдук-өткөрмө пункттардын баарында тыгындар жана жүк ташуучу автомобилдердин жыйылуусу жок.

         Ушуну менен катар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында кырдаалды жөнгө салуу боюнча «жол картасынын» долбоорун талкуулоо үчүн казакстандык тарап менен сүйлөшүүлөрдү улантат, анткени Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы татаалдыктарды жөнгө салуу боюнча «жол картасы» өзүндө тышкы соода, бажы иши, салыктык администрациялоо, укук бузууларды жана кылмыштарды айкындоо жана аларга бөгөт коюу, ветеринария, өсүмдүктөр карантини, транспорт жана чек арадагы өз ара аракеттенүү чөйлөрүндөгү иш-чараларды камтыйт.

         Министр Ж.К.Калилов белгилегендей, тармакта ушул убакка чейин автожолдорду паспорттоштуруу (алардын негизги параметрлерин – узундугун, кенендигин, узатасынан жана туурасынан кесилишин ж.б. көрсөтүү менен) боюнча жумуш жүргүзүлбөгөн, ошондой эле жол курууда колдонулуучу курулуш материалдарына (битум, кум, топурак д.у.с.) анализ жүргүзүү үчүн лабораториялар министрликте болгон эмес.

         Тармакты оптималдаштыруу максатында бөлүктөрдүн структурасы кайра каралып чыкты, автомобиль жолдорун паспорттоштуруу үчүн лаборатория жана жабдуулар сатып алынды.

         Автомобиль жолдорун курууга, реконструкциялоого жана иштетүүгө көзөмөл жүргүзүү системасы кайра каралды, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин  (КМКТАУ) илимпоздорун  жана министрликтин адистерин тартуу менен техникалык комитет түзүлдү.

         Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун (ИДИТ) жоопкерчиликтерин аныктоо менен ыйгарым укуктарын жана функциялык милдеттерин тактап бөлүштүрүү жүргүзүлдү, ошондой эле автожолдорду куруу жана реконструкциялоо жумуштарына жергиликтүү (ата мекендик) курулуш компанияларын тартуунун механизми иштелип чыгууда.

         Консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө 40%га чейин төлөөнү, ал эми калган бөлүгүн (60%н) ата мекендик компанияларга бөлүштүрүү укугун министрликке берүүнү кароо менен, Банктар (инвесторлор) тарабынан финансылык каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө жетишүү жагында белгилүү бир жумуштар жасалып жатат.

         Адам факторунун кийлигишүүсүн минималдаштыруу максатында 2018-жылдан тартып жолдордогу постторду электрондук контролдоо системасына өткөрүүгө чоң маани берилүүдө.

         Асфальт-бетон төшөөнүн жаңы технологияларын колдонуу менен автомобиль жолдорун куруу (реконструкциялоо) жагында белгилүү бир кадамдар жасалды. Келечекте автомобиль жолдорун курууну (реконструкциялоону) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде жүргүзүү, автожолдорду акы төлөмө негизге өткөрүү, ошондой эле курула жана реконструкциялана турган бардык автомобиль жолдорун зарыл инфраструктура менен камсыздоо пландалып жатат.

         Жаңы жылдан тартып бүтүндөй транспорт тармагынын ишине карата сунуштарды жана сын-пикирлерди жыйноо максатында атайын сайтты ишке киргизүү пландалууда.

         «Торугарт–Арпа–Көк-Арт–Жалал-Абад» темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.

         Каралып жаткан маселени талкуулоонун жүрүшүндө депутаттар бүтүндөй алганда министрликтин ишинде оң жылыштар бар экендигин белгилешти, КР Транспорт жана жол министринин ишине канааттангандыгын билдиришип, ыраазылыктарын айтышты.

         Комитеттин  төрагасы министрликтин ишиндеги белгилүү бир жетишкендиктерди санап өтүп, Ж.К.Калилов жүргүзүп жаткан багытка жогору баа берди, анын кесипкөйлүгүн жана жумушка болгон иштиктүү мамилесин белгилеп, ак ниеттүү эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

        

Жогоруда баяндалгандардын негизинде  Комитет төмөнкүдөй ч е ч и м кабыл алды:

 

         1. Транспорт жана жол министри Ж.К.Калиловдун министрликте жасалган иштер жана тармактын өнүгүү перспективасы жөнүндө маалыматы  эске алынсын.

        

         2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги төмөндөгүлөр боюнча тийиштүү чараларды көрсүн:

 

- берилип жаткан бюджеттик жана инвестициялык финансылык каражаттарды рационалдуу, максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу боюнча;

 

- автомобиль жолдорун куруу, реконстукциялоо, капиталдык оңдоо боюнча алган милдеттенмелерди өз убагында аткаруу боюнча.

 

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине жөнөтүлсүн.

 

 

 

 

Төрага                                                                                  М.А. Аманкулов       

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 1122