Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин «Айдаров Замирбек Казакбаевичтин талапкерлигин Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри кызматына жана Шаршембиев Бакыт Нурджановичтин талапкерлигин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы кызматына дайындоону жактыруу тууралуу» ЧЕЧИМИ

01-07-2016 12:42

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

 

«Айдаров Замирбек Казакбаевичтин талапкерлигин Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри кызматына

жана

Шаршембиев Бакыт Нурджановичтин талапкерлигин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы кызматына дайындоону жактыруу тууралуу»

 

ЧЕЧИМИ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети (мындан ары-Комитет) Кыргыз Республикасынын Премьер-министри                     С.Ш. Жээнбековдун Айдаров Замирбек Казакбаевичтин талапкерлигин Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигине жана  Шаршембиев Бакыт Нурджановичтин талапкерлигин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагалыгына дайындоону жактыруу жөнүндө сунуштамаларын (2016-жылдын 25-июнундагы № 12-2422 жана № 12-2421) карап чыгып, чечим кабыл алды:

 

1. Айдаров Замирбек Казакбаевичтин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри кызматына дайындоо жактырылсын.

 

  1. Шаршембиев Бакыт Нурджановичтин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы кызматына дайындоо жактырылсын.

 

3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча Комитетине жөнөтүлсүн.

 

 

Комитеттин төрагасы                                                                 М.А. Аманкулов

Көрүүлөрдүн саны : 1600