«Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын жетекчилиги тарабынан ишкананы, ошондой эле аймактык аэропортторду өнүктүрүү боюнча жасалып жаткан иштер жөнүндө маалымат тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин ЧЕЧИМИ 2017-жыл 28-ноябрь

22-12-2017 12:09

«Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын жетекчилиги тарабынан ишкананы, ошондой эле аймактык аэропортторду өнүктүрүү боюнча жасалып жаткан иштер жөнүндө маалымат тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

 

ЧЕЧИМИ

2017-жыл 28-ноябрь

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети “Манас” Эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун президенти Э.М. Чукуевдин маалыматын угуп, “Манас” Эл аралык аэропорту” ААК жетекчилиги тарабынан “Манас” аэропортунун, ошондой эле анын балансында турган республиканын калктуу конуштарындагы аэропорттордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тийиштүү иштер аткарылып жаткандыгын белгилейт.

2016-жыл үчүн туунду ишканаларды эсепке алганда “ЭМА” ААКнын финансылык-экономикалык ишинин жыйынтыктары боюнча 1 млрд. 629 млн. 739 миң сом өлчөмүндө таза пайда алынган. 2015-жыл менен салыштырганда өскөн таза пайданын көлөмү 262 млн. 677 миң сом суммасын түзөт. 2016-жылы “ЭМА” ААК туунду ишканаларын кошпогондо 1 млрд. 545 млн. 652 миң сом өлчөмүндө таза пайда алган. 2015-жыл менен салыштырганда таза пайданын өлчөмүн жогорулатуу 215 млн. 358 миң сом суммасын түзгөн.

Операциялык кирешелер 2015-жылга салыштырмалуу алганда 23,4% жогорулоо менен 4 млрд. 162 млн. сом суммасын түзгөн.

2016-жылы операциялык киреше 1 млрд. 810 сом млн. сом суммасын түзгөн. 2015-жылдын жыйынтыгына келгенде мындай көрсөткүчтүн жогорулашы 41% же 530 млн. 017 миң сомду түзгөн. 2017-жылдын 9 айынын аралыгында “ЭМА” ААКнын финансылык-экономикалык ишинин жыйынтыктары боюнча накта пайданын өлчөмү 1 млрд. 515 млн. сомду түзгөн.

2016-жылы “ЭМА” ААКнын өндүрүштүк иштеринин жыйынтыктары боюнча 28629 рейсти тейлөө жүргүзүлгөн (учуп келүү/учуп кетүү), бул 2015-жылдагы көрсөткүчтөрдөн 111 рейске же 0,4% көптүк кылат.

Отчеттук мезгилде эл аралык багыттар боюнча тейленген рейстердин саны 19623 рейсти түзгөн (учуп келүү/учуп кетүү), бул 2015-жылга салыштырмалуу алганда 390 рейске же 2% көптүк кылат.

2016-жылы ички багыттар боюнча авиаташуулардын көлөмү 9006 рейсти (келип конуу/учуп кетүү) түзгөн. Ички багыттар боюнча рейстердин көлөмүнүн төмөндөшү 2015-жыл менен салыштырганда 3% же 279 рейсти түзгөн.

Жалпысынан соңку 5 жылда өндүрүштүк көрсөткүчтөр боюнча оң тенденция байкалат.

2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча “ЭМА” ААК боюнча аткарылган рейстердин жалпы көлөмү 23796 рейсти (учуп келүү/учуп кетүү) түзгөн, бул 2016-жылдагы ошол мезгилдин көрсөткүчүнөн 3248 рейске же 15,8% көп.

2016-жылдын жыйынтыгы боюнча “ЭМА” ААК боюнча жүргүнчүлөрдүн саны 3082931 жүргүнчү болгон (учуп келүү/учуп кетүү), 2015-жыл менен салыштырганда жүргүнчүлөрдүн 40539 жүргүнчүгө же 3,1% көбөйгөн.

Эл аралык багыттар боюнча жүргүнчүлөрдүн саны 2073493 жүргүнчүнү түзгөн. Бул 2015-жылдагы көрсөткүчтөн 49812 жүргүнчүгө же 2,5% жогору болгон.

Ички багыттар боюнча жүргүнчүлөрдүн саны 1009438 жүргүнчүнү түзгөн, бул 2015-жылга салыштырганда 9273 жүргүнчүгө аздык кылат.

Соңку 5 жылда жүргүнчүлөрдүн саны 63% көбөйгөн.

2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча “ЭМА” ААК аэропортторунда 22836,4 тонна жүк иштелип чыккан, алардын ичинен 22523,7 тоннасы эл аралык рейстер боюнча, 312,7 тоннасы ички рейстер боюнча аткарылган.

2016-жылга карата 2017-жылдын 9 айындагы жүк ташуу 29,8% же 5238,7 тоннаны түзгөн.

Өлкөнүн алыскы аймактарында жайгашкан аэропортторду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. 2017-жылы “ЭМА” ААКнын өздүк каражаттарынын эсебинен “Баткен” эл аралык аэропортунун аэровокзалынын колдонуудагы имараты реконструкцияланган. Азыркы учурда реконструкцияланган аэровокзал пайдаланууга берилди.

Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында “Жалал-Абад” аэропортунун аэровокзалынын имаратын реконструкциялоо жана кеңейтүү боюнча иштер башталды. Долбоорду жүзөгө ашырууну аяктоо 2018-жылга пландаштырылган.

“ЭМА” ААКнын өздүк каражаттарынын эсебинен “Ош” Эл аралык аэропортунда инфратүзүмдүк долбоор аякталды. “Ош” Эл аралык аэропортунун учуп-конуучу тилкесин 400 метрге узартуу боюнча курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. Долбоорду жүзөгө ашыруу аяктагандан кийин “Ош” аэропортунун учуучу-конуучу тилкесинин жалпы узундугу 3214 метрди түзөт.

2016-жылдын мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан “Манас” Эл аралык аэропортунун жабдууларын жакшыртуу” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Эл аралык кызматташуу агенттигинин (JICA) ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору кабыл алынган.

Ушул макулдашуунун негизинде Япониянын өкмөтү “Манас” аэропорту үчүн авиациялык техникаларды жана атайын жабдууларды пайдалануу үчүн 1,6 млрд. япон йени (16 млн. АКШ долларына жакын) бөлүнгөн.

Ошону менен бирге “Манас” Эл аралык аэропорту ААКнын иштеринде ишкананын натыйжалуулугун жогорулатуу жана анын түзүмүнө кирген аймактарындагы аэропортторду өнүктүрүү боюнча белгиленген программаларды ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн кечеңдетилген бир катар факторлор бар.

Биринчи кезекте мамлекеттик сатып алуулар – толук түрдө же жарым-жартылай мамлекеттик каражаттардын эсебинен каржылануучу, ушул Мыйзамда белгиленген ар кандай усулдар менен сатып алуучу уюм тарабынан товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну белгилеген “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормалары мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун жана алардын туунду ишканаларынын чарбалык маселелерин ыкчам чечүүдө кошумча кыйынчылыктарды жана тоскоолдуктарды жаратып, аларды башка жеке компанияларга карата тең эмес абалда калтырып, мындай коомдорду рыноктук мамилелерден четтетип, кошумча чыгымдарды жаратууда.

Акционердик коомдордун сатып алууларды ачык, айкын жана мыйзамдуу жүргүзүүсү тийиштүү деңгээлде “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат жана коомдун ички документтери менен кошумча түрдө бекемделиши мүмкүн.

Мындан тышкары, мындай норма Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1, 2, 223 жана 224 -беренелерине карама-каршы келет.

Комитет мамлекет тарабынан ишкердик ишке обужок кысым көрсөтүүнү жана жөнгө салууну четтетүү максатында “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жана “мамлекеттик каражаттар” деген түшүнүктөн мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун каражаттарын ажыратып бөлүүнү максатка ылайыктуу деп эсептейт. Мыйзамга мындай түзөтүүлөрдү киргизүү “Манас” Эл аралык аэропорту” ААКга жаралган көйгөйлүү маселелерди ыкчам чечип, ыңгайлуу баада жана кыйла сапаттуу жабдууларды сатып алууга мүмкүнчүлүк берет.

Аймактардагы аэропорттордун ийгиликтүү иштеп турушу жана алардын натыйжалуулугу боюнча көптөгөн маселелер бар.

Жергиликтүү бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүнүн жоктугу дээрлик бардык аэропорттордун курч проблемаларынан болуп саналат, ушунун кесепетинен жергиликтүү бийлик органдарынын күнөөсү боюнча колдонулуп жаткан аэропорттордун инфратүзүмдөрү бузулуп, аэропортко жакын жайгашкан аймактарда курулуштарды чектөөнүн нормалары бузулуп, бул өз кезегинде учуулардын коопсуздугуна коркунуч келтирип жатат.

Маселен, Ош шаарынын аэропорту боюнча түндүк-батыш капталында учуп конуучу тилкелерден “Ош” аэродромунун тосмолорунан аралыгы 5-10 метр болгон макулдашылбаган курулуш бар.

Мындан тышкары, түштүк-чыгыш жагында учуп-конуучу тилкелерден “Ош” аэродромунун тосмолорунан аралыгы 3-5 м. болгон макулдашылган эмес курулуш бар.

Ошондой эле түштүк-чыгыш жана түндүк-батыш жактарындагы учуучу-конуучу тилкелердеги бак-дарактарды маркировкалоо жана учуу үчүн тоскоолдуктарды жаратып жатат. Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 95-беренесинин 3-пунктуна ылайык учуу коопсуздугуна коркунуч келтирген бөгөттөр жылдырылууга же алынып салынууга жатат, ал эми учуулардын коопсуздугуна таасирин тийгизген бөгөттөр маркировкаланууга тийиш, күндүзгү жана түнкү мезгилде же көрүүсү чектелген шарттарда белги коюлууга жатат.

Кара-Суу районунун Нариман жана Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жана Кара-Суу районунун мамлекеттик райондук администрациясы коопсуздук зонасына кирип калган бак дарактарды көчүрүү же кыюу жана бул зоналарда ар түрдүү багыттагы курулуштарды курууга жол бербөө боюнча жергиликтүү калк менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү зарыл.

Иликтөөнүн жүрүшүндө белгилөө болгон турак жай имараттары жана курулмалары Кыргыз Республикасынын жарандык авиациянын органында макулдашуудан өткөн эмес.

“Исфана” аэропорту боюнча жер участогу 2013-жылы калктуу конуштардын жери категориясына трансформацияланган. 21,2 га аянттагы бул жер участогу 226 жеке турак жай курулууга тийиш болгон. Ушул жер участогунун тургундарынын жер участокторуна жеке менчик укугу жөнүндө колдорунда мамлекеттик актысы бар. Бул аталган укукту аныктоочу жана уруксат берүүчү документтер жарандык авиация агенттиги менен макулдашпастан берилген.

“Баткен” аэропортунун жалпы аянты 66,0 га түзөт. Аэропорт 1958-жылдан бери иштеп жаткандыгына карабастан, ал 1983 жана 2006-жылдарда иштелип чыккан Баткен шаарынын генералдык планына киргизилген эмес, мына ушундай жагдай колдонулуп жаткан аэропорттун айланасына иретсиз курулуштардын курулушунун себептеринен болгон.

“Баткен” аэропортунун аймагынын айланасында конуучу-учуучу тилкеден 150 метр алыстыкта бийиктиги 10 м. келген турак үйлөр курулуп, тосмолорду бойлото 0,4 кВ электр берүүчү аба линиялары курулган.

Ал эми батыш тарабындагы аэродромдун тосмосуна бойлото “Туура-Таш” турак жай массивин куруу башталган, анын генералдык планы жарандык авиациянын агенттиги менен макулдашылган эмес.

“Баткен” аэропортунун чыгыш тарабында көп кабаттуу имарат курулган.

Жалал-Абад шаарындагы аэропорттун жалпы аянты 78,9 га түзөт. Аэропорт 1974-жылдан бери иштеп жаткандыгына карабастан, ал Жалал-Абад шаарынын генералдык планына киргизилген эмес, бул аэропорттун тегерегинде баш аламан курулуштарды курууга себеп болгон. Ал эми “Жалал-Абад” аэропортунун санитардык-коргоо зонасы белгиленген эмес.

Жалал-Абад аэропортунун күн батыш жагында учуу тилкесинен 75 м. аралыкта турак жайлардын бийиктигинин нормаларын бузуу менен эки кабаттуу турак жайды (бийиктиги 10 м.) куруу башталган. Бул турак жай конушун курууда жарандык авиациянын агенттиги менен макулдашуу жүргүзүлгөндө турак жайлардын максималдуу бийиктиги 6 метрге чейин макулдашылган. “Жалал-Абад” аэропортунун түндүк жагындагы конуучу зонада да жаңы курулуп жаткан объектилер бар.

Чыгыш жагындагы учуучу тилкеден 440 метр алыстыкта 5 кабаттуу турак жайын куруу башталган, бул курулуштун колдо бар документтерин иликтей келгенде, объект санитардык нормалар эске алынбай Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлигине караштуу жарандык авиация агенттиги менен макулдашпай туруп, Жалал-Абад шаардык архитектурасы тарабынан бекитилген 24.08.2016-жылдагы № 669 архитектуралык пландоо шарттарынын негизинде курулууда.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Комитет төмөндөгүдөй чечимге келет:

1. Ишкананы, ошондой эле аймактардагы аэропортторду өнүктүрүү боюнча “Манас” Эл аралык аэропорту” ААК жетекчилиги жүргүзүп жаткан иштер жөнүндө “Манас” Эл аралык аэропорту” ААКнын президенти Э.М. Чукуевдин маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөндөгүлөр сунуш кылынсын:

- “Манас” Эл аралык аэропорту” ААКнын жана аймактардагы аэропорттордун натыйжалуулугун жогорулатуу жана өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин;

- курулуштарды чектеген зоналарды сактоо жана аэродромдорго чектеш аймактарда объектилерди жана курулмаларды курууга уруксат алуунун эрежелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо үчүн жергиликтүү бийлик органдарына контролду күчөтсүн;

- аба кемелеринин учуу коопсуздугуна бөгөт катары таасир этүүчү аэродромдордун аймактарында же анын чет жакаларында объектилерди, курулмаларды куруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жарандык авиациянын органдарынан уруксат алгандан кийин жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен макулдашуу жол-жоболорунан өткөндөн кийин жүзөгө ашырыла тургандыгын жөнгө салган Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин талаптарын кыйшаюусуз аткарууга жетишилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу жарандык авиация агенттиги:

- аймактардагы аэропорттордун инфратүзүмдөрүн өнүктүрүү, аэродромдордун райондорунда имараттарды, курулмаларды же башка объектилерди куруу, жайгаштыруу, орнотуу же пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо маселесинде туруктуу контролду ишке ашырсын жана жергиликтүү мамлекеттик органдар менен тыгыз өз ара аракеттерди жүргүзсүн.

4. “Манас” Эл аралык аэропорту ААК:

- аймактарда жайгашкан аэропорттордун туруктуу иштеп турушу үчүн реконструкцияларды жүргүзүү максатында, улуттук кызыкчылыктарга жана ишкананын кызыкчылыгына ылайык келген инвестициялык өнөктөштөрдү кызматташууга тартуу боюнча ишти активдештирсин;

- келечекти эске алуу менен жана жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну көбөйтүү максатында “Манас” аэропортунун экинчи учуучу-конуучу тилкесинин курулушунун долбоорун каржылоо маселесин карасын.

 

 

 

 

Комитеттин төрагасы                                                М.А. Аманкулов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Долбоор

 

 

“Ишкананы, ошондой эле аймактардагы аэропортторду өнүктүрүү боюнча “Манас” Эл аралык аэропорту” ААК жетекчилиги жүргүзүп жаткан иштер жөнүндө “Манас” Эл аралык аэропорту” ААКнын президенти Э.М. Чукуевдин маалыматы тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

 

ЧЕЧИМИ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети “Манас” Эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун президенти Э.М. Чукуевдин маалыматын угуп, “Манас” Эл аралык аэропорту” ААК жетекчилиги тарабынан “Манас” аэропортунун, ошондой эле анын балансында турган республиканын калктуу конуштарындагы аэропорттордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тийиштүү иштер аткарылып жаткандыгын белгилейт.

2016-жыл үчүн туунду ишканаларды эсепке алганда “ЭМА” ААКнын финансылык-экономикалык ишинин жыйынтыктары боюнча 1 млрд. 629 млн. 739 миң сом өлчөмүндө таза пайда алынган. 2015-жыл менен салыштырганда өскөн таза пайданын көлөмү 262 млн. 677 миң сом суммасын түзөт. 2016-жылы “ЭМА” ААК туунду ишканаларын кошпогондо 1 млрд. 545 млн. 652 миң сом өлчөмүндө таза пайда алган. 2015-жыл менен салыштырганда таза пайданын өлчөмүн жогорулатуу 215 млн. 358 миң сом суммасын түзгөн.

Операциялык кирешелер 2015-жылга салыштырмалуу алганда 23,4% жогорулоо менен 4 млрд. 162 млн. сом суммасын түзгөн.

2016-жылы операциялык киреше 1 млрд. 810 сом млн. сом суммасын түзгөн. 2015-жылдын жыйынтыгына келгенде мындай көрсөткүчтүн жогорулашы 41% же 530 млн. 017 миң сомду түзгөн. 2017-жылдын 9 айынын аралыгында “ЭМА” ААКнын финансылык-экономикалык ишинин жыйынтыктары боюнча накта пайданын өлчөмү 1 млрд. 515 млн. сомду түзгөн.

2016-жылы “ЭМА” ААКнын өндүрүштүк иштеринин жыйынтыктары боюнча 28629 рейсти тейлөө жүргүзүлгөн (учуп келүү/учуп кетүү), бул 2015-жылдагы көрсөткүчтөрдөн 111 рейске же 0,4% көптүк кылат.

Отчеттук мезгилде эл аралык багыттар боюнча тейленген рейстердин саны 19623 рейсти түзгөн (учуп келүү/учуп кетүү), бул 2015-жылга салыштырмалуу алганда 390 рейске же 2% көптүк кылат.

2016-жылы ички багыттар боюнча авиаташуулардын көлөмү 9006 рейсти (келип конуу/учуп кетүү) түзгөн. Ички багыттар боюнча рейстердин көлөмүнүн төмөндөшү 2015-жыл менен салыштырганда 3% же 279 рейсти түзгөн.

Жалпысынан соңку 5 жылда өндүрүштүк көрсөткүчтөр боюнча оң тенденция байкалат.

2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча “ЭМА” ААК боюнча аткарылган рейстердин жалпы көлөмү 23796 рейсти (учуп келүү/учуп кетүү) түзгөн, бул 2016-жылдагы ошол мезгилдин көрсөткүчүнөн 3248 рейске же 15,8% көп.

2016-жылдын жыйынтыгы боюнча “ЭМА” ААК боюнча жүргүнчүлөрдүн саны 3082931 жүргүнчү болгон (учуп келүү/учуп кетүү), 2015-жыл менен салыштырганда жүргүнчүлөрдүн 40539 жүргүнчүгө же 3,1% көбөйгөн.

Эл аралык багыттар боюнча жүргүнчүлөрдүн саны 2073493 жүргүнчүнү түзгөн. Бул 2015-жылдагы көрсөткүчтөн 49812 жүргүнчүгө же 2,5% жогору болгон.

Ички багыттар боюнча жүргүнчүлөрдүн саны 1009438 жүргүнчүнү түзгөн, бул 2015-жылга салыштырганда 9273 жүргүнчүгө аздык кылат.

Соңку 5 жылда жүргүнчүлөрдүн саны 63% көбөйгөн.

2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча “ЭМА” ААК аэропортторунда 22836,4 тонна жүк иштелип чыккан, алардын ичинен 22523,7 тоннасы эл аралык рейстер боюнча, 312,7 тоннасы ички рейстер боюнча аткарылган.

2016-жылга карата 2017-жылдын 9 айындагы жүк ташуу 29,8% же 5238,7 тоннаны түзгөн.

Өлкөнүн алыскы аймактарында жайгашкан аэропортторду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. 2017-жылы “ЭМА” ААКнын өздүк каражаттарынын эсебинен “Баткен” эл аралык аэропортунун аэровокзалынын колдонуудагы имараты реконструкцияланган. Азыркы учурда реконструкцияланган аэровокзал пайдаланууга берилди.

Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында “Жалал-Абад” аэропортунун аэровокзалынын имаратын реконструкциялоо жана кеңейтүү боюнча иштер башталды. Долбоорду жүзөгө ашырууну аяктоо 2018-жылга пландаштырылган.

“ЭМА” ААКнын өздүк каражаттарынын эсебинен “Ош” Эл аралык аэропортунда инфратүзүмдүк долбоор аякталды. “Ош” Эл аралык аэропортунун учуп-конуучу тилкесин 400 метрге узартуу боюнча курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. Долбоорду жүзөгө ашыруу аяктагандан кийин “Ош” аэропортунун учуучу-конуучу тилкесинин жалпы узундугу 3214 метрди түзөт.

2016-жылдын мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан “Манас” Эл аралык аэропортунун жабдууларын жакшыртуу” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Эл аралык кызматташуу агенттигинин (JICA) ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору кабыл алынган.

Ушул макулдашуунун негизинде Япониянын өкмөтү “Манас” аэропорту үчүн авиациялык техникаларды жана атайын жабдууларды пайдалануу үчүн 1,6 млрд. япон йени (16 млн. АКШ долларына жакын) бөлүнгөн.

Ошону менен бирге “Манас” Эл аралык аэропорту ААКнын иштеринде ишкананын натыйжалуулугун жогорулатуу жана анын түзүмүнө кирген аймактарындагы аэропортторду өнүктүрүү боюнча белгиленген программаларды ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн кечеңдетилген бир катар факторлор бар.

Биринчи кезекте мамлекеттик сатып алуулар – толук түрдө же жарым-жартылай мамлекеттик каражаттардын эсебинен каржылануучу, ушул Мыйзамда белгиленген ар кандай усулдар менен сатып алуучу уюм тарабынан товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну белгилеген “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормалары мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун жана алардын туунду ишканаларынын чарбалык маселелерин ыкчам чечүүдө кошумча кыйынчылыктарды жана тоскоолдуктарды жаратып, аларды башка жеке компанияларга карата тең эмес абалда калтырып, мындай коомдорду рыноктук мамилелерден четтетип, кошумча чыгымдарды жаратууда.

Акционердик коомдордун сатып алууларды ачык, айкын жана мыйзамдуу жүргүзүүсү тийиштүү деңгээлде “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат жана коомдун ички документтери менен кошумча түрдө бекемделиши мүмкүн.

Мындан тышкары, мындай норма Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1, 2, 223 жана 224-беренелерине карама-каршы келет.

Комитет мамлекет тарабынан ишкердик ишке обужок кысым көрсөтүүнү жана жөнгө салууну четтетүү максатында “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жана “мамлекеттик каражаттар” деген түшүнүктөн мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун каражаттарын ажыратып бөлүүнү максатка ылайыктуу деп эсептейт. Мыйзамга мындай түзөтүүлөрдү киргизүү “Манас” Эл аралык аэропорту” ААКга жаралган көйгөйлүү маселелерди ыкчам чечип, ыңгайлуу баада жана кыйла сапаттуу жабдууларды сатып алууга мүмкүнчүлүк берет.

“Манас” жана “Ош” аэропортторунун аэровокзал комплекстеринде иштеген кызматтын ишин уюштурууда көптөгөн мүчүлүштөр бар, алардын ортосунда тийиштүү түрдөгү өз ара аракеттер байкалбайт, натыйжада жүргүнчүлөрдүн сын-пикирин жана тынчсыздануусун жараткан текшерүүдөн өткөн учурда адамдардын кезекте топтолуп калган учурлары бар.

Жүктөрдү кабыл алуучу жана берүүчү залдардын видео байкоо жүргүзүү системасы менен толук эмес жабдылышынан улам жүктөрдүн уурдалган жана жоголгон фактылары кездешет.

“Манас” эл аралык аэропортун” келечекте өнүктүрүүнү эске алуу менен экинчи учуучу-конуучу тилкенин курулушун пландоо зарыл, курулушу болжолдонгон тилкелердин зонасына курулмаларды курууга уруксат берүүчү документтерди берүүгө тыюу салуу керек.

“Манас” жана “Ош” аэропортторунда иштеген чек ара жана бажы кызматынын дарегине көп сын-пикирлер бар. Чек арачылардын аскер кызматчыларынын штаттык санынын жетишсиздигинен улам бир эле учурда бир нече рейстер тийиштүү деңгээлде камсыз кылынбай жатат.

Бажы контролунан өтүүдө бажы кызматы тарабынан “Жашыл коридор” деп аталган эл аралык стандарт колдонулбай жатат, мунун кесепетинен жүргүнчүлөрдүн обужок топтолгондугу байкалат.

Жүргүнчүлөргө орой жана көңүл бурбай мамиле жасаган бажы жана чек ара контролунун кызматынын кызматкерлеринин өздөрүнүн функционалдык милдеттерин бузган фактылары кездешет.

Аймактардагы аэропорттордун ийгиликтүү иштеп турушу жана алардын натыйжалуулугу боюнча көптөгөн маселелер бар.

Жергиликтүү бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүнүн жоктугу дээрлик бардык аэропорттордун курч проблемаларынан болуп саналат, ушунун кесепетинен жергиликтүү бийлик органдарынын күнөөсү боюнча колдонулуп жаткан аэропорттордун инфратүзүмдөрү бузулуп, аэропортко жакын жайгашкан аймактарда курулуштарды чектөөнүн нормалары бузулуп, бул өз кезегинде учуулардын коопсуздугуна коркунуч келтирип жатат.

Маселен, Ош шаарынын аэропорту боюнча түндүк-батыш капталында учуп конуучу тилкелерден “Ош” аэродромунун тосмолорунан аралыгы 5-10 метр болгон макулдашылбаган курулуш бар.

Мындан тышкары, түштүк-чыгыш жагында учуп-конуучу тилкелерден “Ош” аэродромунун тосмолорунан аралыгы 3-5 м. болгон макулдашылган эмес курулуш бар.

Ошондой эле түштүк-чыгыш жана түндүк-батыш жактарындагы учуучу-конуучу тилкелердеги бак-дарактарды маркировкалоо жана учуу үчүн тоскоолдуктарды жаратып жатат. Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 95-беренесинин 3-пунктуна ылайык учуу коопсуздугуна коркунуч келтирген бөгөттөр жылдырылууга же алынып салынууга жатат, ал эми учуулардын коопсуздугуна таасирин тийгизген бөгөттөр маркировкаланууга тийиш, күндүзгү жана түнкү мезгилде же көрүүсү чектелген шарттарда белги коюлууга жатат.

Кара-Суу районунун Нариман жана Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жана Кара-Суу районунун мамлекеттик райондук администрациясы коопсуздук зонасына кирип калган бак дарактарды көчүрүү же кыюу жана бул зоналарда ар түрдүү багыттагы курулуштарды курууга жол бербөө боюнча жергиликтүү калк менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү зарыл.

Иликтөөнүн жүрүшүндө белгилөө болгон турак жай имараттары жана курулмалары Кыргыз Республикасынын жарандык авиациянын органында макулдашуудан өткөн эмес.

“Исфана” аэропорту боюнча жер участогу 2013-жылы калктуу конуштардын жери категориясына трансформацияланган. 21,2 га аянттагы бул жер участогу 226 жеке турак жай курулууга тийиш болгон. Ушул жер участогунун тургундарынын жер участокторуна жеке менчик укугу жөнүндө колдорунда мамлекеттик актысы бар. Бул аталган укукту аныктоочу жана уруксат берүүчү документтер жарандык авиация агенттиги менен макулдашпастан берилген.

“Баткен” аэропортунун жалпы аянты 66,0 га түзөт. Аэропорт 1958-жылдан бери иштеп жаткандыгына карабастан, ал 1983 жана 2006-жылдарда иштелип чыккан Баткен шаарынын генералдык планына киргизилген эмес, мына ушундай жагдай колдонулуп жаткан аэропорттун айланасына иретсиз курулуштардын курулушунун себептеринен болгон.

“Баткен” аэропортунун аймагынын айланасында конуучу-учуучу тилкеден 150 метр алыстыкта бийиктиги 10 м. келген турак үйлөр курулуп, тосмолорду бойлото 0,4 кВ электр берүүчү аба линиялары курулган.

Ал эми батыш тарабындагы аэродромдун тосмосуна бойлото “Туура-Таш” турак жай массивин куруу башталган, анын генералдык планы жарандык авиациянын агенттиги менен макулдашылган эмес.

“Баткен” аэропортунун чыгыш тарабында көп кабаттуу имарат курулган.

Жалал-Абад шаарындагы аэропорттун жалпы аянты 78,9 га түзөт. Аэропорт 1974-жылдан бери иштеп жаткандыгына карабастан, ал Жалал-Абад шаарынын генералдык планына киргизилген эмес, бул аэропорттун тегерегинде баш аламан курулуштарды курууга себеп болгон. Ал эми “Жалал-Абад” аэропортунун санитардык-коргоо зонасы белгиленген эмес.

Жалал-Абад аэропортунун күн батыш жагында учуу тилкесинен 75 м. аралыкта турак жайлардын бийиктигинин нормаларын бузуу менен эки кабаттуу турак жайды (бийиктиги 10 м.) куруу башталган. Бул турак жай конушун курууда жарандык авиациянын агенттиги менен макулдашуу жүргүзүлгөндө турак жайлардын максималдуу бийиктиги 6 метрге чейин макулдашылган. “Жалал-Абад” аэропортунун түндүк жагындагы конуучу зонада да жаңы курулуп жаткан объектилер бар.

Чыгыш жагындагы учуучу тилкеден 440 метр алыстыкта 5 кабаттуу турак жайын куруу башталган, бул курулуштун колдо бар документтерин иликтей келгенде, объект санитардык нормалар эске алынбай Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлигине караштуу жарандык авиация агенттиги менен макулдашпай туруп, Жалал-Абад шаардык архитектурасы тарабынан бекитилген 24.08.2016-жылдагы № 669 архитектуралык пландоо шарттарынын негизинде курулууда.

“Талас” жана “Кербен” аэропортторуна жакын жайгашкан калктуу конуштарда жашаган элден көптөгөн даттануулар жана арыздануулар түшүүдө, алардын аракетсиздигинен улам кызмат көрсөтүүдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн алар ажырап калышкан.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Комитет төмөндөгүдөй чечимге келет:

1. Ишкананы, ошондой эле аймактардагы аэропортторду өнүктүрүү боюнча “Манас” Эл аралык аэропорту” ААК жетекчилиги жүргүзүп жаткан иштер жөнүндө “Манас” Эл аралык аэропорту” ААКнын президенти Э.М. Чукуевдин маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөндөгүлөр сунуш кылынсын:

- “Манас” Эл аралык аэропорту” ААКнын жана аймактардагы аэропорттордун натыйжалуулугун жогорулатуу жана өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин;

- курулуштарды чектеген зоналарды сактоо жана аэродромдорго чектеш аймактарда объектилерди жана курулмаларды курууга уруксат алуунун эрежелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо үчүн жергиликтүү бийлик органдарына контролду күчөтсүн;

- аба кемелеринин учуу коопсуздугуна бөгөт катары таасир этүүчү аэродромдордун аймактарында же анын чет жакаларында объектилерди, курулмаларды куруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жарандык авиациянын органдарынан уруксат алгандан кийин жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен макулдашуу жол-жоболорунан өткөндөн кийин жүзөгө ашырыла тургандыгын жөнгө салган Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин талаптарын кыйшаюусуз аткарууга жетишилсин;

- “Манас” аэропортун келечекте өнүктүрүүнү жана экинчи учуучу-конуучу тилкени курууну эске алуу менен аларды куруу үчүн чектеш аймактар резервге алынсын.

3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу жарандык авиация агенттиги:

- аймактардагы аэропорттордун инфратүзүмдөрүн өнүктүрүү, аэродромдордун райондорунда имараттарды, курулмаларды же башка объектилерди куруу, жайгаштыруу, орнотуу же пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо маселесинде туруктуу контролду ишке ашырсын жана жергиликтүү мамлекеттик органдар менен тыгыз өз ара аракеттерди жүргүзсүн;

- Кыргыз Республикасына учуп келүүчү жана учуп чыгуучу авиаучууларды жүзөгө ашырган эл аралык авиакомпаниялардын паритеттүүлүктү сактоосу талдоого алынсын.

4. “Манас” Эл аралык аэропорту ААК:

- аймактарда жайгашкан аэропорттордун туруктуу иштеп турушу үчүн реконструкцияларды жүргүзүү максатында, улуттук кызыкчылыктарга жана ишкананын кызыкчылыгына ылайык келген инвестициялык өнөктөштөрдү кызматташууга тартуу боюнча ишти активдештирсин;

- жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатуу максатында “Манас” жана “Ош” эл аралык аэропортторунун аэровокзал комплекстерин модернизациялоо жана кеңейтүү боюнча долбоорду жүзөгө ашырууну, туристтерди тартуу максатында транзиттик залдарды түзүүнү, тейлөөнү жакшыртууну тездетсин;

- жүктөрдүн жоголуп жана уурдалып кеткен учурларына бөгөт коюу үчүн 2017-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө жүктөрдү кабыл алуучу жана берүүчү жайларды видео байкоо жүргүзүү системасы менен толук түрдө жабдуу боюнча чараларды кабыл алсын;

- Кербен жана Талас калктуу конуштарында жайгашкан аэропортторду пайдаланууну калыбына келтирип жүргүзүү боюнча иштерди активдештирсин, бул үчүн зарыл керектүү финансылык каражаттарга экономикалык талдоо жүргүзсүн жана сунуш кылсын;

- эл аралык авиалиниялар боюнча Ош шаарындагы аэропорттон авиарейсттердин учушун кайрадан жандандыруу боюнча чараларды кабыл алсын. (Стамбул, Үрүмчү ж.б.у.)

5. Мамлекеттик бажы кызматы бажы контролу кызматынын ишин өркүндөтүү, кызматчылардын тартибин бекемдөө, дүйнөлүк стандарттардын деңгээлиндеги алдыңкы усулдарды ишке киргизүү боюнча чараларды кабыл алсын.

6. Мамлекеттик чек ара кызматы чек ара контролунан жүргүнчүлөрдүн кыйынчылыксыз өтүүсүн уюштуруу, “Манас” жана “Ош” аэропортторундагы аскер кызматчыларынын штаттык санын көбөйтүү, алардын тартибин бекемдөө жана жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча чараларды кабыл алсын.

7. Комитеттин ушул чечиминин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө 2017-жылдын 31-декабрына карата маалымат берсин.

 

 

 

 

Комитеттин төрагасы                                   М.А. Аманкулов

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 1283