Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин “Түндүк-Түштүк” автомобиль жолунун 89-159-км түзгөн (БАРЭК 1 жана БАРЭК 2 жолдорун туташтырган) “Эпкин-Дыйкан” участогун реабилитациялоону каржылоо маселеси боюнча Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн ведомстволор аралык комиссиянын курамына Комитеттин мүчөсүн сунуштоо тууралуу Ч Е Ч И М И

01-07-2016 13:01

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

 

“Түндүк-Түштүк” автомобиль жолунун 89-159-км түзгөн (БАРЭК 1 жана БАРЭК 2 жолдорун туташтырган) “Эпкин-Дыйкан” участогун реабилитациялоону каржылоо маселеси боюнча Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн ведомстволор аралык комиссиянын курамына Комитеттин мүчөсүн сунуштоо тууралуу

 

Ч Е Ч И М И

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри З.К. Айдаровдун “Түндүк-Түштүк” автомобиль жолунун 89-159-км түзгөн (БАРЭК 1 жана БАРЭК 2 жолдорун туташтырган) “Эпкин-Дыйкан” участогун реабилитациялоону каржылоо маселеси боюнча Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн ведомстволор аралык комиссиянын курамына Комитеттин мүчөсүн сунуштоо тууралуу катын карап чыгып, ч е ч т и:

 

1. Комитеттин мүчөсү Баймуратов Калдарбек Шакировичтин талапкерлиги “Түндүк-Түштүк” автомобиль жолунун 89-159-км түзгөн (БАРЭК 1 жана БАРЭК 2 жолдорун туташтырган) “Эпкин-Дыйкан” участогун реабилитациялоону каржылоо маселеси боюнча Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн ведомстволор аралык комиссиянын курамына сунушталсын.

 

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жөнөтүлсүн.

 

 

Комитеттин төрагасы                                                                 М.А. Аманкулов

 

Көрүүлөрдүн саны : 1655