Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө Ч Е Ч И М И

11-01-2018 09:41

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө

 

Ч Е Ч И М И

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын атына «Бэсто» ААКсынын жамаатынан ишкананын директору А.Д. Койчубаевди көп жылдык жана үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту жана жол чарбасы жумушчулары күнүн майрамдоого байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо тууралуу кайрылуусу келип түшкөн.

Ошондой эле, Баткен областынын Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын жамаатынан биринчи вице-мэр А.М. Гапаровду жана мэриянын муниципалдык менчик департаментинин директору А.М. Эрматовду эмгектеги жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо тууралуу кайрылуулар келип түшкөн.

 

Комитет бул кайрылууларды карап, ч е ч т и:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабековго Койчубаев Анарбек Дуйшенбековичти, Гапаров Адилжан Матаевичти жана Эрматов Абдимиталип Мамаисаевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо сунушталсын.

 

  1. Комитеттин чечими Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кароосуна  жиберилсин.

 

 

Төрага                                                                                   М.А. Аманкулов

 

Көрүүлөрдүн саны : 1163