Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2018-жылдын 16-январындагы “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата КОРУТУНДУСУ

17-01-2018 15:03

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт,

коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2018-жылдын 16-январындагы

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын  шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата

 

КОРУТУНДУСУ

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары А.А. Арапбаев, Н.К. Алимбеков, А.А. Шадиев, А.У. Жапаров, А.М. Нурбаев, Б.У. Сыдыков, Т.У. Шайназаров, А.Н. Шыкмаматов, И.А. Пирматов, Т.К. Конушбаев, К.С. Нурматов, С.А. Айдаров, Р.А. Казакбаев, И.И. Матраимов, Т.А. Масабиров, С.М. Джураев жана Ж.А. Калмаматовдор тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (“Кыргыз Республикасынын  шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2017-жылдын 27-декабрындагы токтому менен экинчи окууда жактырылган Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.

Аталган мыйзам долбоорун кароодо Комитетке мыйзам чыгаруу субъекттер тарабынан эч кандай сунуштар жана сын-пикирлер келип түшкөн жок.

Мыйзам жаратуу техникасын бузуудан качып, Комитет сунушталган мыйзам долбоорун төмөнкүдөй редакцияда  сунуштайт:

“1-берене

“Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3,85-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 39-статьяда:

а) 2-пунктундагы расмий тилдеги “Республика Кыргызстан” деген сөздөр “Кыргызской Республике” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

“4. Шаар куруу комплекстерди, имараттардын жана курулмалардын комплекстерин курууда этабы менен долбоорлоого жана курууга жол берилет. Долбоорлоо жана куруу этабы менен жүргүзүлгөн курулуштун ар бир объектисине  белгиленген тартипте этабы менен  иштеп чыгуугунун, макулдашуунун жана башка объекттерди курууга долбоорлоо-сметалык документациянын экспертизасынын жеке планы бекитилет.

Этабы менен долбоорлоонун жана куруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.”;

2) Шаар куруу комплекстерди, имараттардын жана курулмалардын комплекстерин этабы менен долбоорлоодо жана курууда аларды эксплуатацияга киргизүү капиталдык курулуштун ар бир объекти боюнча бөлөк жүзөгө ашырылат.”.

 

2-берене

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Ведомосттору, 1998-ж., 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

24-глава төмөнкүдөй мазмундагы 2362–статья менен толукталсын:

“2362–статья. Эксперттик жумуштарды талаптагыдай эмес аткаруу

1. Байкабастыктан адамдын өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келген эксперттик жумуштарды талаптагыдай эмес аткаруу –

эки жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Байкабастыктан адамдын же андан ашык адамдын өлүмүнө алып келген ушул берененин  биринчи бөлүгүндө каралган жосун –

беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.”.

 

3-берене

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.”.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Комитет төмөнкүдөй корутундуга келди:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары А.А. Арапбаев, Н.К. Алимбеков, А.А. Шадиев, А.У. Жапаров, А.М. Нурбаев, Б.У. Сыдыков, Т.У. Шайназаров, А.Н. Шыкмаматов, И.А. Пирматов, Т.К. Конушбаев, К.С. Нурматов, С.А. Айдаров, Р.А. Казакбаев, И.И. Матраимов, Т.А. Масабиров, С.М. Джураев жана Ж.А. Калмаматовдор тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (“Кыргыз Республикасынын  шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине үчүнчү окууга киргизилсин.

2. Аталган Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин пленардык жыйынында кароодо баяндамачы болуп Комитеттин төрагасы М.А.Аманкулов жана кош баяндамачы болуп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты А.А.Арапбаев аныкталсын

 

 

Төрага                                                                                         М.А. Аманкулов

 

Көрүүлөрдүн саны : 848