Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2017-жылдын 14-ноябрындагы “Лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна КОРУТУНДУСУ

24-01-2018 12:44

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2017-жылдын 14-ноябрындагы

 

“Лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

 

КОРУТУНДУСУ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы №369-токтому менен жактырылган “Лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөндөгүлөрдү белгилейт.

Ушул Мыйзам долбоорунун концепциясы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын Евразия экономикалык бирлигинин нормативдерине ылайык келтирүүгө багытталган. Мындан тышкары, рыноктук мамилелердин өнүгүшүнө байланыштуу ишкердик ишти жөнгө салган ченемдик укуктук базасы олуттуу түрдө өзгөрүүлөргө тушукту, башкача айтканда “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына редакциялык мүнөздөгү сыяктуу эле, инновациялык толуктоолорду да киргизүү зарылчылыгы жаралды.

Мыйзам долбоору лицензиялык тутумду жана колдонуудагы мыйзамдар менен жөнгө салынуучу коомдук мамилелерди андан ары оптималдаштырууга жана либералдаштырууга жөнгө салууга багытталган.

Комитетте Мыйзам долбоорунун концепциясы боюнча сын-пикирлер жана сунуштар жок.

Бирок, Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин 1-пунктунда “9-берененин төртүнчү абзацын күчүн жоготту деп таануу” деп көрсөтүлгөн, демек мындай ченем бардык үй куруучуларга архитектура-курулуш иштери чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча аймактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын уруксаты жок калктуу конуштарда жеке турак үйлөрдү курууну баштоого мүмкүнчүлүк берет.

Ушуга байланыштуу комитет Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин 1-пунктун алып салууну же толуктап иштеп чыгууну максатка ылайыктуу деп эсептейт.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Комитет төмөндөгүдөй корутундуга келет:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы №369-токтому менен жактырылган “Лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун концепциясын жактыруу жана аны биринчи окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуш кылынсын.

2. Ушул корутунду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жөнөтүлсүн.

 

 

 

Төраганын орунбасары                                                    М.Э. Мавлянова

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 878