Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин «Кеме жүргүзүү жөнүндө Макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тескемесинин долбооруна 2018-ж. 24-январь

25-01-2018 12:00

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

 

«Кеме жүргүзүү жөнүндө Макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тескемесинин долбооруна

 

  •  

 

2018-ж. 24-январь

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги тарабынан берилген «Кеме жүргүзүү жөнүндө Макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тескемесинин долбоорун карап жана  талкуулап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.

Кеме жүргүзүү жөнүндө Макулдашуунун ушул долбоору ЕАЭБ жөнүндө келишимди ишке ашыруу максатында Евразия экономикалык бирдигинин мүчө - мамлекеттери тарабынан иштелип чыккан.

Макулдашуунун долбоору мүчө-мамлекеттердин ички суу жолдору боюнча кемелердин сүзүү тартибин жана шарттарын аныктайт жана суу транспорту чөйрөсүндөгү мүчө-мамлекеттердин өнүгүүчү экономикалык интеграциясынын жобосун камтыйт.

Баяндалгандын негизинде Комитет төмөнкүдөй чечимге келди:

  1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги тарабынан берилген «Кеме жүргүзүү жөнүндө Макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тескемесинин долбоору жактырылсын.
  2. Комитеттин чечими Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине жиберилсин.

 

Төрага                                                                                  М.А. Аманкулов

Көрүүлөрдүн саны : 1512