Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын кайрылуусу боюнча ЧЕЧИМИ

01-03-2018 09:59

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын кайрылуусу боюнча

 

ЧЕЧИМИ

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети “Кербен” аэропортунун ишин кайра жандандыруу зарылчылыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, төмөндөгүлөрдү белгилейт.

Жалал_абад областынын Чаткал, Ала-Бука, Аксы жана Ноокен райондорунун, Таш-Көмүр жана Майлуу-Суу шаарларынын калкын авиакаттамдар менен тейлөө үчүн 1979-жылы “Кербен” аэропорту эксплуатацияга берилген. Учурда бул региондогу калктын саны 350-400 миң адамды түзөт.

Бирок, бул аэропорттун иши 2007-жылдан тартып токтотулган. Анын негизги себеби болуп «Манас» Эл аралык аэропорту» ААКнын жетекчилигинин пикири боюнча авиакомпаниялардын авиабилеттерге койгон жогорку баалары жана ошол себептен аба кемелеринин жүргүнчүлөр менен толуусу төмөн болгондугу саналат.

Азыркы учурда бул региондун калкынын атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Жогорку Кеңешине жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарга “Кербен” аэропортунун ишин кайра жандандыруу зарылчылыгы боюнча кайрылуулардын жана арыздардын саны көбөйгөн.

 

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Комитет төмөнкү чечимге келди:

 

  1. “Кербен” аэропортунун ишин кайра жандандыруу зарылчылыгы боюнча маселе Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана депутаттардан ушул кайрылууну колдоо суралсын.

 

  1. Бул маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында кароодо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алмазбек Манасбекович Эргешов баяндамачы болуп аныкталсын.

 

 

Төрага                                                                                 М.А. Аманкулов

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 829