Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2018-жылдын 27-февралындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө Ч Е Ч И М И

01-03-2018 10:00

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2018-жылдын 27-февралындагы

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө

 

Ч Е Ч И М И

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын атына Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарынын айдоочулар Союзунун Борбордук кеңешинин жамаатынан Свердлов райондук транспорт каражаттарынын айдоочулар Союзунун Борбордук кеңешинин төрагасы Турганов Жылдызбек Момунжановичти көп жылдык жана ак ниет эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо тууралуу кайрылуусу келип түшкөн.

 

Комитет бул кайрылууну карап чыгып, ч е ч т и:

 

  1. Турганов Жылдызбек Момунжановичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы           Д.А. Джумабековго сунушталсын.

 

  1. Комитеттин чечими Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кароосуна  жиберилсин.

 

 

 

Төрага                                                                                   М.А. Аманкулов

 

Көрүүлөрдүн саны : 832