Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата К О Р У Т У Н Д У С У

05-04-2018 16:44

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

 «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата

К О Р У Т У Н Д У С У

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-январындагы № 66 токтому менен демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.

Ушул мыйзам долбоору автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдардын айрым ченемдеринин жана талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу, транспорт жана лицензиялоо жагындагы  мыйзамдарды бузуучулардын жоопкерчилигин жогорулатуу, ошондой эле административдик айыппулдарын өлчөмдөрүн Евразия Экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерде белгиленген өлчөмдөргө шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.

Автомомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин ишке ашыруунун колдонуудагы механизмдери аларды толук  аткарууну камсыз кыла албай жатат. Натыйжада транспорт чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын, жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуунун коопсуздугун бузуу улантылып жатат, автомобиль жолдорунун сакталышы камсыз кылынбай жатат, укук бузуучуларга салынган административдик жаза чаралары аткарылбай жатат, ушуга байланыштуу, административдик айыппулдардын төлөнбөй калышынан көптөгөн акча каражаттары мамлекеттик казынага түшпөй калууда. Ансыз деле өлкөнүн жол инфраструктурасын куруу жана реконструкциялоо үчүн каражаттар жетишпей жатат.

Мыйзам долбоорун иштеп чыгууга автоташуучулар ассоциациясынын өкүлдөрү катышкан. Мыйзам долбоорунун ишкердик ишти жөнгө салуучу таасирин талдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын
30-сентябрындагы № 559 токтому менен бекитилген, ченемдик укуктук актылардын ишкердик субъекттеринин ишин жөнгө салуучу таасирин талдоонун Методикасына ылайык жүргүзүлгөн. Мыйзам долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт. Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерине каршы келбейт. Мыйзам долбоору «Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий http://www.gov.kg сайтында коомдук талкуу үчүн жайгаштырылган.

Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жана улуттук ташуучулардын иш-аракетин тартипке салууга мүмкүндүк берет, жүк жана жүргүнчү ташуу боюнча ишти укуктук жөнгө салууну жакшыртат, автомобиль транспортунун иштөөсү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу боюнча чараларды колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатат, мамлекеттик казынага кошумча акчалай түшүүлөрдү камсыз кылат жана мамлекеттик бюджетти кошумча чыгашаларга алып келбейт.

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 30-статьясынын бешинчи бөлүгүнө ылайык, Жарандарга салынуучу айыптын эң көп өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз (ушул Кодекстин  213-4, 238-статьяларын, 242-статьясынын төртүнчү бөлүгүн, 248-статьясынын үчүнчү бөлүгүн, 357-359-статьяларын копшогондо), кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз (ушул Кодекстин 357-359-статьяларын кошпогондо) өлчөмүнөн ашпоого тийиш, ушуга байланыштуу, Комитет мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 4-пунктун төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуш кылат:

«4) 213-5 – статьяда:

а) биринчи бөлүктүн экинчи абзацындагы «жүз» деген сөздү «эки жүз» деген сөзгө алмаштырылсын;

б) экинчи бөлүктүн экинчи абзацындагы «жүз» деген сөздү «эки жүз» деген сөзгө алмаштырылсын;».

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланган күндөн тартып кеминде он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет, ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 1-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоо керек:

«1) Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып кеминде 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.».

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Комитет төмөнкүдөй корутундуга келди:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан (2018-жылдын 31-январындагы №66 токтому) демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун концепциясын жактыруу жана аны биринчи окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине сунушталсын.

2. Ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин пленардык жыйынында кароодо баяндамачы катары Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри Ж.К. Калилов аныкталсын.

 

 

 

 

Комитеттин төрагасы                                                                 М.А. Аманкулов

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 817