Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2018-жылдын 3-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ош областынын Өзгөн районунда болгон өзгөчө кырдаалдар фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө» 2017-жылдын 17-майындагы №1589-VI, 2017-жылдын 29-июнундагы №1805-VI жана 2018-жылдын 25-январындагы №2209-VI токтомдорун аткаруу жөнүндө ЧЕЧИМИ

11-04-2018 14:33

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2018-жылдын 3-апрелиндеги

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ош областынын Өзгөн районунда болгон өзгөчө кырдаалдар фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө» 2017-жылдын 17-майындагы №1589-VI, 2017-жылдын 29-июнундагы №1805-VI жана 2018-жылдын 25-январындагы №2209-VI токтомдорун аткаруу жөнүндө

 

ЧЕЧИМИ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ош областынын Өзгөн районунда болгон өзгөчө кырдаалдар фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө" 2017-жылдын 17-майындагы №1589-VI, 2017-жылдын 29-июнундагы №1805-VI жана 2018-жылдын 25-январындагы №2209-VI токтомдорун аткаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Д.А. Кенекеевдин маалыматын угуп, төмөнкүлөрдү белгилейт.

Мурда берилген маалыматка (кир.№6-4097/18. 03.03.2018-ж.) караганда Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылынын жаӊы конушунун жашоочуларын ичүүчү таза суу менен камсыздоо максатында 2017-жылы республикалык бюджеттен «капиталдык салымдар» беренеси боюнча 3.0 млн сом бөлүнгөн.

Ош областынын Өзгөн районунда болуп өткөн өзгөчө кырдаалдардан жабыр тарткан калкка жардам көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жогоруда көрсөтүлгөн токтомдорунда коюлган тапшырмалар толук аткарылган эмес же иштердин кээ бир түрлөрү аткарылып жатат.

Жаратылыш кырсыктарынын кесепетин калыбына келтирүү жана жоюу иштерине керектүү акча каражаттары бөлүнүп жатат.

2018-жылдагы республикалык бюджеттин «капиталдык салымдар» беренеси боюнча Өзгөн районунун Ана-Кызыл жана Бостон айылдарынын долбоорлук-сметалык документациясын иштеп чыгуу үчүн 200.0 миң сом суммасындагы каржылоо каралган.

Учурда Жазы дарыясынын үстүндөгү көпүрөдө (Өзгөн-Кеӊеш-Айгыржал унаа жолунун тилкеси) 7198,9 миӊ сом суммасына курулуш иштери аткарылган жана жээкти бекемдөө иштери жүргүзүлүп жатат. Өзгөн-Кеӊеш-Айгыржал унаа жолунун 14-чакырымындагы көпүрөнүн ремонт иштерине 2018-жылдагы республикалык бюджеттен 3000.0 миӊ сом каралган.  

2018-жылдын 20-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары У.З. Ормонов, Н.К. Алимбеков, К.Ш. Баймуратов, А.К. Касымалиева, К.Т. Зулушев, А.Ш. Осмонова жана А.М. Эргешовдор Куршаб айылында жергиликтүү калк менен жолугушуу өткөрдү, анда тургундар аткаруу бийлигинин дарегине бир топ нааразычылыктарын айтышты.

Тагыраак айтканда, ичүүчү таза суу менен камсыздоо, мектеп, ФАПтын куруу жана автожолдорду ремонттоо, жол чырактарды орнотуу, бала төрөлгөндө жөлөк (сүйүнчү) пул берүү жана башка социалдык маселелерге карата сындар айтылды.

Комитет жогоруда көрсөтүлгөн токтомдорду аткаруу боюнча министрликтер менен ведомстволордун мурда берген каттары менен маалыматтары андагы иштин реалдуу абалына дал келбегендигин белгилейт.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары У.К. Кокочаровдун, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри Ж.К. Калиловдун, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Р.Р. Рыспаевдин, Кыргыз Республикасынын Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана суу бөлүштүрүүнү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Ю.А. Мирзакаримовдун жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба жана мелиорация департаментинин башкы директорунун орун басары Э. Ж. Жусуматовдун маалыматтары угулду жана алардын маалыматтарына жолугушуунун катышуучулары толук канааттанган жок.  

Комитет Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жогоруда көрсөтүлгөн токтомдорунун аткарылышы боюнча маселелерди талкуулап, төмөнкү чечимге келди:

1. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри                       Д.А. Кенекеевдин Ош областынын Өзгөн районунда болгон өзгөчө кырдаалдар фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 17-майындагы №1589-VI, 2017-жылдын 29-июнундагы №1805-VI жана 2018-жылдын 25-январындагы №2209-VI токтомдорун аткаруу жөнүндө маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнѳ:

  • 2018-2019-окуу жылынын башталышына чейин Ош областынын Өзгөн районунун социалдык объектилеринин курулушун жана автожолдорун калыбына келтирүүнү бүтүрсүн;
  • Азыркы учурда кооптуу аймактарда жашап турган Ош областынын Өзгөн районундагы жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткандар үчүн трансформация аркылуу (Ынтымак конушуна кошумча) жеке турак үйлөрдү курууга жер тилкелерин бөлүп берүүнү карасын;
  • 2018-жылдагы республикалык бюджеттен «капиталдык салымдар» беренеси боюнча Ынтымак айылында бала бакчаны жана ФАПты курууга, ошондой эле Ынтымак жана Ана-Кызыл айылдарынын ички жолдорун курууга жергиликтүү бюджеттен кошумча каржы каражаттары карасын;
  • Азыркы учурда ичүүчү таза суунун транзити гана болуп турган Ана-Кызыл айылынын өзүн ичүүчү таза суу менен камсыздоо максатында таза ичүүчү сууга кошуу боюнча зарыл иштерди ошол эле подрядчиктер тарабынан аткаруу мүмкүнчүлүгүн карап чыксын;
  • Ош областынын Өзгөн районундагы жаратылыш кырсыктарынын кесепетинен жабыр тарткан тургундар тарабынан алынган ипотекалык насыяларды төлөө мөөнөтүн узартуунун максатка ылайыктуулугу боюнча маселени карап чыксын.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтүлсүн.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                М.А. Аманкулов

Көрүүлөрдүн саны : 704