Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2018-жылдын 17-апрелиндеги “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууга КОРУТУНДУСУ

18-04-2018 09:53

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2018-жылдын 17-апрелиндеги

 

“Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууга

 

КОРУТУНДУСУ

                                              

                                              

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети (мындан ары – Комитет) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (2017-жылдын 7-декабрындагы №792 токтому) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 18-январындагы № 2197-VI токтому менен биринчи окууда жактырылган “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөндөгүлөрдү белгилейт.

Ушул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы кызматы менен макулдашылган жана 2015-жылдын 27-июлунда Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши тарабынан жактырылган, мамлекеттик башкаруу системасындагы коррупциялык схемаларды жоюу жана коррупциялык тобокелдикти четтетүү боюнча деталдаштырылган пландын (мындан ары – коррупцияны жоюу боюнча деталдаштырылган план) алкагындагы иш-чараларды жүзөгө ашыруу, Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигинин ведомстволук жактан баш ийген уюмдары, түзүмдүк бөлүмчөлөрү тарабынан жол курулушун жөнгө салуу, жолдорду жана жол курулмаларын күтүү жана пайдалануу боюнча чарбалык-экономикалык иштерди жүргүзүү, ошондой эле “Автомобиль жолдорунун коопсуздугу” боюнча ББнын техникалык регламентине улуттук мыйзамдарды адаптациялоо жана ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.

Бирликтин аймагында техникалык жөнгө салуу Бирликтин техникалык регламенттеринин бирдиктүү милдеттүү талаптарын белгилөө же мүчө-мамлекеттердин мыйзамдарында Бирликтин алкагында белгиленген продукциянын бирдиктүү тизмесине киргизилген продукцияга улуттук милдеттүү талаптарды киргизүү аркылуу жүзөгө ашырылат, ал төмөндөгүдөй принциптерге таянат: Экономикалык союздун техникалык регламенттерин мүчө-мамлекеттерде так пайдалануу жана аткаруу; мүчө-мамлекеттердин мыйзамдарын ылайык келтирүүнүн негизинде Экономикалык бирликтин техникалык регламенттеринин талаптарын сактоого мамлекеттик көзөмөлдү ишке ашырат жана Бирликтин аймагында тике колдонулат

Ошондой эле “Автомобиль жолдору жөнүндө” КР Мыйзамына “Жол фонду жөнүндө” КР Мыйзамына жасалган шилтеме ченемдер алынып салынган, анткени КР Бюджеттик кодексине ылайык социалдык фонддон башкаларга бюджеттик эмес фонддорду түзүүгө тыюу салынган.

Мыйзам долбоору менен “Автомобиль жолдору жөнүндө” КР Мыйзамын автомобиль жолдорунун коопсуздугу чөйрөсүндө техникалык жөнгө салууну киргизген жана ачып берген берене менен толуктоо сунуш кылынат.

Евразиялык Экономикалык Бирлик жөнүндө Келишимге ылайык Бирликтин алкагында техникалык регламенттер адамдын өмүрүн жана (же) саламаттыгын, мүлктү, айлана-чөйрөнү, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн өмүрүн жана (же) саламаттыгын коргоо максатында, керектөөчүлөрдү адаштырууга алып келген иш-аракеттерди эскертүү, ошондой эле энергетикалык натыйжалуулукту жана энергияны үнөмдөөнү камсыз кылуу максатында кабыл алынат.

Жарандык жана жер мыйзамдарында белгиленген тартипте алынуучу укукту белгилеген жана укукту тастыктаган документтердин негизинде мүлктүн мамлекетке таандыгын аныктоо жөнүндө ченем менен Мыйзамга толуктоо сунушталат.

Мыйзам долбоору менен “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ченем киргизүүдө, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесинин 1-пунктунун 36-бөлүгүнө ылайык автомобиль жолдорунун өнүгүүсүн стратегиялык пландоону, автомобиль жолдорун курууну жана кайра курууну долбоорлоону стратегиялык пландарга киргизүүнүн тартибин жана критерийлерин бекитүүгө ыйгарым укук берилет.

Ошондой эле жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун оңдоп-түзөө жана күтүү боюнча иштерди жыл сайын пландоонун жана аны бекитүүнүн тартибин белгилеген ченем киргизилген. Мындай ченем үстүбүздөгү финансы жылында каржылоого жаткан экономикалык негиздемеси жок жана долбоорлоо-сметалык наркы аныкталбаган объекттерди киргизүүнү четтетүүгө, андан сырткары, оңдоп-түзөө жана күтүү боюнча жумуштарды биринчи кезекте пландаштырууну жана аткарууну макулдашуунун тартибин аныктоого, ошондой эле план түзүлгөндөн кийин ага (Титулдук тизмеге) кийлигишүүнү чететтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

“Автомобиль жолдору жөнүндө” КР Мыйзамында автомобиль жолдорун долбоорлоонун, куруунун жана кайра куруунун жол-жоболору жана мөөнөттөрү тууралуу ченем жок. Азыркы учурда автомобиль жолдорун долборлоону, курууну, кайра курууну башкаруу (тескөө) ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынбайт.

Ченемди киргизүү менен тапшырманы этап-этап боюнча долбоорлоо, бекитүү жана милдеттерди макулдашуу жана автомобиль жолдорун курууну жана кайра курууну (башкарууну) жүзөгө ашыруу иштери жөнгө салынат.

Ушул Мыйзам долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс кесепеттерге алып келбейт.

Сунуш кылынган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайттарында 2017-жылдын 4-февралында коомдук талкууга коюлган, анын жүрүшүндө сунуштар жана сын-пикирлер келип түшкөн жок.

Колдонуудагы улуттук жана эл аралык мыйзамдардын ченемдерине жүргүзүлгөн талдоонун натыйжасы боюнча сунуш кылынган мыйзам долбоорунун ченемдери колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга каршы келбейт.

Мыйзамдын долбоору республикалык бюджеттен кошумча каражаттарды талап кылбайт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун боюндагы жана жол боюнда бөлүнүп берилген тилкелердеги кызмат көрсөтүү (сервис) объектилерин өнүктүрүү, көркүнө келтирүү жана аларды жайгаштыруу боюнча Башкы схеманы бекитүү тууралуу ченем киргизилгендигине байланыштуу, ошондой эле жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун боюнда жана жол боюнда бөлүнүп берилген тилкелерде сервис объектилерин жайгаштырууну долбоорлоо боюнча техникалык шартты мамлекеттик жөнгө салуу үчүн мыйзам долбооруна жөнгө салуучу таасирин талдоо (ЖСТТ) жүргүзүлгөн.

Комитет ушул Мыйзам долбооруна КР ЖК Аппаратынын Укуктук экспертиза бөлүмүнүн корутундусунда чагылдырылган мыйзам долбоорунун күчүнө кирүү датасы тууралуу сын-пикирлери боюнча сунуштарына макулдугун билдирет.

Мыйзам долбоорунун 2-беренесин “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 6-бөлүгүнүн талаптарына ылайык келтирүү боюнча Комитет мыйзам долбоорду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускамага так ылайык келтирүү менен даярдалгандыгына көңүл бурат, ал эми нускама менен мыйзам долбоорун жол-жоболоштурууга карата талаптар жөнгө салынат.

Комитет Лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн сын-пикирлерине жана сунуштарына маакул болуу менен мамлекеттик тилде сунушталган мыйзам долбоору оңдоп-түзөтүлдү.

Ушул Мыйзам долбоордун “Коррупцияга каршы экспертиза” бөлүмү боюнча КР Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертизанын адистештирилген түрлөрү бөлүмүнүн корутундусунда, атап айтканда, мыйзам долбоорго автордук көзөмөл жана мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү тууралуу жобону киргизүү боюнча КР Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан мыйзамда мурда камтылган, архитектуралык-курулуш ишин жөнгө салган ченемдер сунуш кылынган.

Терминдерди жана түшүнүктөрдү “Автомобиль жолдорунун коопсуздугунун” техникалык регламентинин терминдерине жана түшүндүрмөлөрүнө ылайык келтирүү боюнча Комитет улуттук мыйзамдардын ченемдерин аталган регламенттин талаптарына ылайык келтирүү ушул Мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун негизги максаттарынын бири болгондугун белгилейт. Ушуга байланыштуу Мыйзамдын өзүндөгү жоболорду конкреттештирүү үчүн иштеп чыгуучулар тарабынан зарыл болгон терминдер жана аныктамалар гана каралып, мыйзам долбооруна киргизилген.

Комитет «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, мыйзамдолбоорго (2018-ж. 02.03төгү кир.№ 6-4183/18) карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А.Аманкуловдун:

1. Мыйзам долбоордун 1-беренесинин 4-пунктунун 6-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: «Жол боюндагы тилкенин кеңдигин аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет» деп келип түшкөн негиздемеси менен жазуу жүзүндөгү сунушун карады.

2. Мыйзам долбоордун 17-пунктундагы жаңы редакцияда сунушталган 23-статьянын 10-бөлүгүндөгү «жайгаштырууну долбоорлоо» деген сөздөр «жайгаштыруу»деген сөз менен алмаштырылсын.

3. Мыйзам долбоордун 1-беренесинин 25-пункту төмөнкүдөй мазмундагы б) пунктча менен толукталсын: «б) 32-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын: «Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоого жана күтүүгө ченемдик финансылык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет» деген сунушту КР ЖК Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөттү, ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн оң корутундусун (2018-ж. 05.04төгү кир.№ 6-6665/18) алып, аларды кабыл алды.

 

«Кыймылдын төрт жана андан көп тилкеси бар жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору үчүн каршы багыттагы транспорт агымдарын бөлүү үчүн тосмолорду орнотууга милдеттүү» деген мазмундагы толуктоону киргизүү жөнүндөгү Мыйзам долбоорго (2018-ж. 05.02деги кир.№ 6-2356/18) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешевдин сунушуна карата.

Комитет Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертизалардын адистештирилген түрлөрү жана Укуктук экспертиза бөлүмдөрүнүн корутундуларына макул болуп, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешевдин сунушун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусун алуу үчүн (2018-ж. 14.02деги чыг.№ 6-2902жана/18) жөнөткөн, ага республикалык бюджеттин финансылык каражаттарынын жетишсиздигине шилтеме жасалган негиздемеси менен 2018-жылдын 22-мартында Вице-премьер-министр Д.А.Кенекеевден (кир.№5455/18) жооп алынган.

КР Өкмөтүнүн жиберген жообуна карабастан, Комитет автоунаанын көбүнчө жолдогу карама-каршы тилкеге чыккандыгына байланыштуу жашоо менен коошпогон жол-унаа кырсыктарынын Кыргызстанда катталып жаткандыгын эске алып, депутаттар адам өмүрүнөн кымбат нерсе жок деген бир пикирге келишти жана демилгечинин сунушун кайра түзөтүү шарты менен КР Өкмөтүнө автомобиль жолдорун курууда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чараларды мындан ары карап кетүүнү сунушташты. Ушуга байланыштуу депутат Д.Д. Бекешевдин сунушун максатка ылайыктуу деп эсептейт.

 

2018-жылдын 18-январындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында бул мыйзам долбоорду биринчи окууда талкуулоонун процессинде депутаттар А.А.Карашев, Э.Д.Байбакпаев жана М.К.Жээнчороев тарабынан айтылган оозеки сунуштарын эске алуу менен, Комитет бул мыйзамдолбоорго айрым (негизинен тактоочу жана редакциялык мүнөздөгү) түзөтүүлөрдү киргизүү зарылдыгы жөнүндө депутаттар тарабынан киргизилген сунуштарды карап чыкты жана демилгечилер менен бирдикте мыйзам долбоорду иштеп чыгып, аларды кабыл алды.

 

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Комитет төмөнкүдөй корутундуга келди:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-декабрындагы «Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын жана кабыл алынган сунуштарды эске алуу менен экинчи окууда аны кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышында кароодо баяндамачы Комитеттин төрагасы М.А. Аманкулов жана тең баяндамачы болуп Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри Ж.К. Калилов аныкталсын.

 

Төрага                                                                                 М.А. Аманкулов

Көрүүлөрдүн саны : 534