Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2018-жылдын 15-майындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө ЧЕЧИМИ

17-05-2018 10:26

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2018-жылдын 15-майындагы

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө

 

ЧЕЧИМИ

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын атына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты У.З. Ормоновдон жана Ош областынын Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими Д.М. Маматалиевден тиешелүү түрдө “СМУ-3” ЖЧКнын директорунун орун басары Ш.Ж.Сартбаевди жана Ноокат раймамадминистрациясынын Өнөр жай, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башкы адиси А.Маликовду көп жылдык жана үзүрлүү эмгектери үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо тууралуу суранган кайрылуулары келип түшкөн.      

Комитет бул кайрылууларды карап чыгып, төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабековго Сартбаев Шайманбек Жалиевичти жана Маликов Арапбайды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо сунушталсын.

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кароосуна киргизилсин.

 

 

Төрага                                                                                   М.А. Аманкулов

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 898