Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2018-жылдын 15-майындагы “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууга КОРУТУНДУСУ

17-05-2018 10:30

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2018-жылдын 15-майындагы

 

“Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууга

 

КОРУТУНДУСУ

                                              

                                              

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети (мындан ары – Комитет) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 18-январындагы № 2365-VI токтому менен экинчи окууда жактырылган “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-декабрындагы №792 токтому)  карап чыгып, төмөндөгүлөрдү белгилейт.

Ушул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы кызматы менен макулдашылган жана 2015-жылдын 27-июлунда Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши тарабынан жактырылган, мамлекеттик башкаруу системасындагы коррупциялык схемаларды жоюу жана коррупциялык тобокелдикти четтетүү боюнча деталдаштырылган пландын (мындан ары – коррупцияны жоюу боюнча деталдаштырылган план) алкагындагы иш-чараларды жүзөгө ашыруу, Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигинин ведомстволук жактан баш ийген уюмдары, түзүмдүк бөлүмчөлөрү тарабынан жол курулушун жөнгө салуу, жолдорду жана жол курулмаларын күтүү жана пайдалануу боюнча чарбалык-экономикалык иштерди жүргүзүү, ошондой эле “Автомобиль жолдорунун коопсуздугу” боюнча ББнын техникалык регламентине улуттук мыйзамдарды адаптациялоо жана ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.

Комитет тарабынан мыйзам долбооруна редакциялык жана лингвистикалык мүнөздөгү түзөтүүлөр киргизилди.

 

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Комитет төмөнкүдөй корутундуга келди:

 

1. «Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын                      7-декабрындагы №792 токтому) жактырылсын жана кабыл алынган сунуштарды эске алуу менен үчүнчү окууда аны кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин пленардык жыйынында кароодо баяндамачы Комитеттин төрагасы М.А. Аманкулов жана тең баяндамачы болуп Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри Ж.К. Калилов аныкталсын.

 

Төрага                                                                                     М.А. Аманкулов

 

Көрүүлөрдүн саны : 487