Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2018-жылдын 15-майындагы «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууга КОРУТУНДУСУ

17-05-2018 10:53

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2018-жылдын 15-майындагы

 

«Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

долбооруна үчүнчү окууга

 

КОРУТУНДУСУ

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети (мындан ары – Комитет) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын                   30-ноябрындагы №780 токтому менен жактырылган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин №2364-VI 2018-жылдын                 18-апрелиндеги токтому менен экинчи окууда кабыл алынган «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Комитеттин дарегине сын-пикирлер жана сунуштардын түшпөгөндүгүн белгилейт.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасында транспорт каражаттарын мамлекеттик каттоону (кайра каттоону) жүзөгө ашырууну тактоо максатында иштелип чыкты. «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-статьясынын аталышын өзгөртүү жана аны бир нече бөлүктөр менен толуктоо сунуш кылынат.

Ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын 24-статьясына каттоо мөөнөтүн «10 жумушчу күнгө» көбөйтүүнү караган өзгөртүүнү киргизүү долбоордо сунушталат.

 

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Комитет төмөнкүдөй корутундуга келди:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу сунушталсын.

 

2. Бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин пленардык жыйынында кароо учурунда баяндамачы болуп Комитеттин төрагасы М.А. Аманкулов жана тең баяндамачы болуп Кыргыз Республикасынын юстиция министри А.Н. Абдылдаева аныкталсын.

 

 

Төрага                                                                                 М.А. Аманкулов

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 508