Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2018-жылдын 22-майындагы «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууга КОРУТУНДУСУ

29-05-2018 15:21

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2018-жылдын 22-майындагы

 

«Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууга

 

КОРУТУНДУСУ

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети (мындан ары – Комитет) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-январындагы № 66 токтому) «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.

Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдардын белгилүү ченемдерин жана талаптарын аткарууну камсыздоо, транспорт жана лицензиялоо мыйзамдарын бузгандардын жоопкерчилигин жогорулатуу, ошондой эле Евразиялык экономикалык союзга мүчө-өлкөлөрүндө коюлган администрациялык айыппулдардын өлчөмү менен айкалыштыруу максатында иштелип чыкты.

«Кыргыз Республикасынын Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык мыйзам чыгаруу демилгеси укугу бар субъектилер бир учурда жооптуу комитетке жана эксперттик кызматка мыйзам долбооруна карата негиздемеси менен жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү аркылуу өз мөөнөтүндө жиберүүгө тийиш, бирок 15-майга карата мыйзам долбооруна карата сунуштар жана түзөтүүлөр түшкөн эмес.

Жогорудагыларды эске алып, Комитет төмөнкүдөй корутундуга келди:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-январындагы № 66 токтому) «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жактыруу жана аны экинчи окууда кабыл алуу сунушталсын.

 

2. Ушул Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин пленардык жыйынында кароодо Комитеттин төрагасы М.А.Аманкулов баяндамачы жана  Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри Ж.Калилов тең баяндамачы болуп аныкталсын.

 

 

 

Төрага                                                                                 М.А. Аманкулов

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 509