Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2018-жылдын 5-июнундагы «Манас» эл аралык аэропорту» ААКны жана региондук аэропортторду өнүктүрүү боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун маалыматы боюнча ЧЕЧИМИ

13-06-2018 10:29

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2018-жылдын 5-июнундагы

 

«Манас» эл аралык аэропорту» ААКны жана региондук аэропортторду өнүктүрүү боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун маалыматы боюнча

ЧЕЧИМИ

  •  

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети «Манас» эл аралык аэропорту» ААКны жана региондук аэропортторду өнүктүрүү боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Р.Т.Тулебердиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, төмөндөгүнү тастыктайт.

Азыркы убакта Жарандык аэродромдорунун мамлекеттик реестринде 11 аэродром катталган, алардан 5 эл аралык («Манас», «Ош», «Ысык-Көл», «Каракол» жана «Баткен»), калганы – 6 ички аба каттамдагы аэропорттор («Исфана», «Жалалабад», «Кербен», «Нарын», «Талас» жана «Казарман»).

Бардык аталган аэропорттор «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын түзүмүнө кирет. Аэродромдор Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация агенттиги тарабынан сертификацияланган жана бул аэродромдорду пайдалануу үчүн (учуп-конуу тилкесинин - УКТнын канааттандырарлык эмес абалынын себеби боюнча) «Талас» жана «Кербен» аэропорттордон тышкары зарыл тиешелүү Сертификаттары бар. «Нарын» жана «Казарман» аэродромдорунда алардын учуп-конуу тилкесинин - УКТнын канааттандырарлык эмес абалына байланыштуу пайдаланууга чектөө киргизилген, бул аэродромдор жер аэродромдор катары ачылган.

1996-жылы аэродромдук тармак 23 аэропорттон турган, бүгүнкү күндө 11 иштеп жаткан аэропорттун – оптималдуу тармагы түзүлдү.

Аэропорттун персоналдарына эмгек акысын бөлүүнү кошуп алганда, бардык аэропортторду күтүү жана өнүктүрүү боюнча иштер «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын өздүк каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат. Республикалык бюджеттен финансылык каражат бөлүнбөйт.

«Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун – 79,0533%, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун – 8,4635%, жеке жана юридикалык жактардын – 12,4832% акционерлери болуп саналат.

Аны менен бирге «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын натыйжалуулугун арттыруу жана анын түзүмүнө кирген региондук аэропортторду өнүктүрүү боюнча белгиленген программаларды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун ишинде бир катар кечеңдеген факторлордун орун алганы бар.

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын – бул сатып алуучу уюмдун ушул Мыйзамда белгиленген усулдар аркылуу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик каражаттардын эсебинен толук же бөлүгүндө каржылоо менен сатып алуусу деген ченеми мамлекеттик үлүш катышы бар акционердик коомдун жана алардын туунду ишканаларынын чарбалык маселелерин ыкчам чечүүдө кошумча кыйынчылыктарды жана тоскоолдуктарды түзөт, башка жеке компанияларга караганда аларды бирдей эмес абалга калтырат, мындай коомдорду рыноктук мамилелерден чыгарат жана өзү менен кошо кошумча чыгашаларды алып келет.

Комитет ашыкча кысымды четтетүү жана мамлекет тарабынан ишкердик иштерди жөнгө салуу максатында «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана «мамлекеттик каражаттар» деген түшүнүктөн мамлекеттик үлүш катышы бар акционердик коомдордун каражаттарын алып салуу максатка ылайыктуу деп эсептейт. Комитеттин 2017-жылдын 28-ноябрындагы чечими менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталган:

- «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын жана региондук аэропорттордун натыйжалуулугун арттыруу жана өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

Тилекке каршы бул сунуштама Өкмөт тарабынан аткарылбай калды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн 2009-жылдын 16-майындагы № 295 токтому менен (премьер-министр И.Чудинов) «Манас» аэропортунун келечегине арналган 489,0 га жер "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулган болчу.

«Манас» эл аралык аэропортун» өнүктүрүүнүн келечегин эсепке алуу менен экинчи учуп-конуу тилкесин курууну пландоо, сунушталган тилкени куруу зонасына жабдууларды курууга уруксат документтерди берүүгө тыюу салуу зарыл.

(«Манас» жана «Ош» аэропортторунун аэровокзалдык комплекстеринде иштеген кызматтардын иштерин уюштурууда көптөгөн кемчилдиктер бар, алардын ортосунда талаптагыдай өз ара аракеттер жок, натыйжада жүргүнчүлөр жактан нааразычыктарды жана кыжырданууларды келтирип, карап-текшерүүдөн өтүү учурунда кезектеги адамдардын топтошууларын жаратууда

Жүктөрдү берүү жана кабылдоо залында видеобайкоо системасы жетишсиз жабдылганынан аларды уурдоо жана жок кылуу фактысы болууда.

Азыркы убакта «Манас» эл аралык аэропорту» ААК жүргүнчүлөр учкан үч эл аралык каттамдан ашыгын бир мезгилде тейлөөнү камсыз кыла албаган абалда, бир мезгилде эки каттамды тейлеген учурда жүргүнчүлөрдүн чоң кезекте туруусу байкалууда. Бир нече телескопикалык траптарды куруу зарыл. «Ош» аэропортунун жүк терминалы жок. Аэропортту өнүктүрүү үчүн жүк терминалын жана жүктөрдү иреттештирүү боюнча жабдууларды куруу зарыл.

 

«Манас» эл аралык аэропорту

 

«Манас» аэропортунун учуп-конуу тилкеси 40 жылдан ашык пайдаланып келет. УКТнын үстүн төшөп жабуу канааттандырарлык абалда, бирок УКТга капиталдык оңдоолорду аткаруу зарыл.

Аэропорттун өткөрмө мүмкүнчүлүгүн арттыруу жана транзиттик тейлөөнү иреттөө максатында телескопикалык траптарды куруу менен аэропорттун аэровокзалынын имаратын кеңейтүү жана оптималдаштыруу зарыл.

Жылуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылган аба кемелерин алыстатуу үчүн авариялык-куткаруу жабдууларын сатып алуу зарыл, алар аэропортто аз эле. Жылуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылган учактарды же УКТда турган учактарды УКТнын чегинен сүйрөгөн же бул учактарды учуу тилкесинен тышка чыгарган учур узак убакытты ээлейт, ал учуулардын иреттүүлүгүнө жана коопсуздугуна таасир этет.

 

«Ош» эл аралык аэропорту

 

Учуп-конуу тилкеси УКТнын керектөө узундугу боюнча айрым чектөөлөргө ээ. Асфальтбетон учуп-конуу тилкеси оңдоолорго муктаж, массасы боюнча аба кемелерин чектөөсүз кабылдоо үчүн УКТнын айрым участокторун күчтөндүрүү үчүн оңдоо иштери жүрүп жатат. Перрон менен турма орундар мүмкүнчүлүгүнө жараша чектелүү, перрон аба кемеси үчүн турманын чектелген орун санында. Тиешелүү аба кемесинин перронуна турма орундарды көбөйтүү жана АКда болгон турма орундардын мүмкүнчүлүгүн күчөтүү максатында перронду кеңейтүү талап кылынат.

Аэропортко электр менен жабдуу тутумдарынын жабдуулары 60-жылдары орнотулган. Электр менен жабдуу тутумдарынын (трансформаторлор, кабелдер, аэропорттун электринин резервдик булактары, бөлүштүргүч орнотмолор жана түзүлүштөр) начар ишенимдүүлүгү жана анын айрым чектөөлөрү учуу коопсуздугунун деңгээлине терс таасир берет. Аэропортту электр менен жабдуу тутумун толук реконструкциялоону талап кылат.

Азыркы убакта «Манас» аэропортун эскирген атайын техниканын ордуна жаңысын сатып алууда ал эскиси «Ош» аэропортуна берилет. Ошол себептен болгон өрткө каршы жана авариялык-куткаруу жабдуулар эскирген абалда жана өз ресурсун иштеп бүтүргөн, батыш учактарын тейлөө үчүн механика каражаттарынын жетишсиздиги сезилерлик. Аэродромдун категориясына ылайык эки өрт өчүргүч жана бир авариялык-куткаруу машиналарын сатып алуу талап кылынат.

Ушундай эле себептер менен атайын автотранспорт кыйроо абалында турат, аба кемелерин (сүйрөтмөлөр,автотраптар, ассенизациялык техникалар, АК, жүктөрдү жүктөө жана түшүрүү үчүн машиналардын кыймылдаткычтарынын жана салондорунун перрондук жылыткычтары, ж.д.б.) техникалык жана коммерциялык тейлөө үчүн жабдуулар жетишпегени байкалат. Жаңы аэродромдук тазалоо техникаларын жана батыштын аба кемелер тибине багытталган аба кемелер тейлөө үчүн перрондук техникаларды сатып алуу талап кылынат, ал «Ош» аэропортуна эл аралык жана ички учуулардын санын көбөйтүүгө актуалдуу.

«Ош» аэропортунун жүк терминалы жок. Аэропортту өнүктүрүү үчүн жүк терминалын жана иреттештирүү боюнча жабдууларды куруу зарыл.

Ошондой эле «Ош» аэропорту кыргыз-өзбек чек арасына түздөн-түз жакын жайгашканын жана «Ош» аэропортунун учуулары Өзбек Республикасынын аба мейкинине көз каранды болуп, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызыкчылыгына жана улуттук коопсуздуна таасир этерин белгилөө керек.

 

«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту

 

Азыркы убакта төмөнкүлөрдү аткарууну талап кылат:

- КРАЭ – 14 Авиациялык эрежелерине ылайык аэропорттун жайкы учуу тилкесинин өлчөмүн жана абалын иретке келтирүү;

- жүргүнчүлөр аэровокзалынын имаратын кеңейтүү жана аны саатына 400-500 жүргүнчүлөрдү өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар деңгээлге чейин жеткирүү;

Азыркы убакта «Ысык-Көл» аэропортунда авиаКММ кампасы жок. Авиакомпаниянын керектөөсүн канааттандыруу үчүн авиаКММдин зарыл саны менен аэропорттун жака-белине тиешелүү жабдуулары менен аэропорттун авиаКММ кампасын куруу зарыл;

- зарыл адистештирилген аэродромдук тазалоо техникаларын жана АКны зарыл техникалык перрондук тейлөө үчүн жабдууларды сатып алуу;

- өзгөчө кырдаалдар жана авариялык окуялар болуучу учурга өчүргүч машиналарын жана жабдууларды, авариялык-куткаруу жабдууларын сатып алуу жана Өрт ДЕПОну куруу зарыл, анда тиешелүү шаймандары менен өрткө каршы команда жана куткаруучулар жайгашат;

- инженердик тармактарды жана курулмаларды куруу керек. Аэропорттун жашоо ишмердигин кылуу үчүн инженердик курулмалардын жана суу менен камсыздоочу, сактоочу, тазалоочу жана канализациялык агындыларды утилдештирүүчү тармактардын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн көбөйтүү зарыл;

- аэропорт сел жүрүү коркунучу бар жерде жайгашканына байланыштуу тосулган селден коргонуу курулмаларын бекемдөө жана АУТнын учуу тилкесин узартуу үчүн улантуу иштерин куруу зарыл;

- ЖТУКнын (жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу кызматынын) иш орундарын жүргүнчүлөрдү каттоону автоматташтырылган тутум менен жаңылаштыруу.

 

 

 

«Каракол» эл аралык аэропорту

 

Тиешелүү учактардын жана жүргүнчүлөрдүн жоктугунан аэропортко үзгүлтүксүз учуулар болбой келет.

Азыркы убакта төмөнкүлөрдү аткарууну талап кылат:

- «Каракол» аэродромуна иштеп жаткан Кыргыз Республикасындагы АКны пайдалануу үчүн АУТнын талап кылынган узундугу аныктоо;

- Азыркы убакта «Каракол» аэропортунда авиаКММ кампасы жок. Авиакомпаниянын керектөөсүн канааттандыруу үчүн авиаКММдин зарыл саны менен аэропорттун жака-белине тиешелүү жабдуулары менен аэропорттун авиаКММ кампасын куруу зарыл;

- зарыл адистештирилген аэродромдук тазалоо техникаларын жана АКны зарыл техникалык перрондук тейлөө үчүн жабдууларды сатып алуу;

- ЖТУКнын (жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу кызматынын) иш орундарын жүргүнчүлөрдү каттоону автоматташтырылган тутум менен жаңылаштыруу.

Капталдык оңдоолор жүргүзүлгөн эмес. Аэродромго төмөнкүлөр талап кылынат:

а) аэродромдун (АУТнын, РДнын жана перрондун) иш аянтынын жасалма жабылышын үстүнкү катмар менен жаап капталдык оңдоо;

б) дренаждык системаны жана учуу тилкесинин жантыгын куруу менен учуу тилкесинин топурак участогун пландоо;

в) аэропорттун жүргүнчүлөр терминалынын имаратын капталдык оңдоо, текшерип өткөрүү техникаларын сатып алуу;

г) аэродромдук тазалоо техникаларын жана перрондук жабдууларды сатып алуу.

 

«Баткен» эл аралык аэропорту

 

«Баткен» аэродрому Баткен шаарынын түштүк-чыгышынан 600 м жана Ош шаарынан 184 км орун алган.

АУТнын, РДнын жана перрондун жасалма жабылышы эскилиги жеткен абалда, жарылган, бузулган, чөккөн, арыкка айланган жерлери бар. Азыркы убакта аэродромдо мындай аэродромго пайдалануу үчүн арналбаган Вае146-200 тибиндеги АК пайдаланылат, буга байланыштуу пайдалануу чектөөсү киргизилген.

«Баткен» аэродромунун статусу – эл аралык. Аэродромдо жарык белги берүү жабдуусу жок жана пайдалануу сутканын жарык учуруна жол берилген. Аэродромдо жумасына 2-3 каттам жыштыктагы авиакаттамдар такай аткарылат.

Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууда аэродромдун жака-белинде аэродромдун чек аймагында Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация агенттигинин макулдугусуз курулуштар жүрүп жатат. Турак үйлөрдү тыгыз курулганына байланыштуу аэродромдо аба кемелеринин учуусу чектелген жана аэродромдо турак үйлөр менен аба кемелеринин кагылышуу коркунучу курч өскөн кырдаалдар түзүлдү. Ошондой эле «Баткен» аэропорту шаардын башкы планына киргизилбеген, аэродромго чектеш райондордо курулуштар жүрүп жатат.

Ошондой эле регионду өнүктүрүү максатында «Баткен» аэродромуна эл аралык аэропорт статусу берилгенин жана аэропортту кеңейтүү боюнча иштер пландаштырылганын белгилөө зарыл. Бирок эмдигиче АУТнын учуу тилкесин узартуу үчүн жер берүү маселеси чечилбеген бойдон калууда жана аэродромуна эларалык статуска ылайык келбейт.

 

«Исфана», «Жалалабад», «Нарын», «Казарман», «Кербен» жана «Талас» региондук (ички аба каттам аэропорттору) аэропорттору

 

Аэропорттордун бардыгы техникалык оң абалда. Бул аэропорттордо күнүмдүк оңдоолор жана зарыл болгондо чукурларды толтуруу АУТнын, РДнын жана перрондун иш аянтында жасалма жабуулар жүргүзүлүп турат. Ошондой эле зарыл болгондо аэропорттордун радиотехникалык жана метеорологиялык жабдууларын оңдоолор.

Такай каттамдар «Исфана» жана «Жалалабад» аэропортторунда гана жумасына 2-3 жыштыкта аткарылат.

Бардык айтылган аэропорттордун техникалык абалы тосуу менен капиталдык оңдоолорду талап кылат. Маселен, бардык айтылган аэропорттордо учуп-конуу тилкесинин, учурма жолунун жана перрондордун жабуусу эскирген, радиотехникалык жана метеорологиялык жабдуулар физикалык жактан эскирген, ресурстарын иштеп бүткөн же текшерүү жабдуусу жок, зарыл атайын техникалар жок. Ошондой эле АУТны узартуу талап кылынат, ага байланыштуу Кыргызстанда 50-70 жүргүнчү батуучу учактар жок, ал аэропорттордо учуп-конууну чектөөсүз жүзөгө ашырат. ВАе146-200 тибиндеги аба кемесин пайдалануу ички аэродрому бар жерлерге арналган, ага байланыштуу АКнын ушундай тибин пайдалануу үчүн пайдалануу чеги киргизилген.

Мамлекет жана бийликтин жергиликтүү өз алдынча органдары тарабынан болгон колдоо жүзөгө ашпай жатат, региондук аэродромдордогу бардык иштер жана иш-мамилелер «МАМ» ААК өз каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

Аэродромдун жака-белинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен аэродромдун чек аймагында Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация агенттигинин макулдугусуз курулуштар жүрүп жатат. Турак үйлөрдү тыгыз курулганына байланыштуу аэродромдо аба кемелеринин учуусу чектелген жана аэродромдо турак үйлөр менен аба кемелеринин кагылышуу коркунучу курч өскөн кырдаалдар түзүлдү. Ошондой эле чектөөчү курулуштар зоналары бар аэропорттор шаарлардын башкы планына киргизилген эмес, ага байланыштуу аэродромго чектеш аймакта контролсуз курулуштар жүрүп жатат.

Ошол эле кезде ички аба каттамдарынын аэропорттору дайыма чыгашалуу болуп саналган жана саналат, анын артынан бул аэропорттордогу учуулар аткарылбайт же аткарылган каттамдардын саны жетиштүү эмес. Түзүлгөн кырдаалдын негизги себеби региондук жарандардын ички багыттар боюнча авиабилеттерди сатып алууга абалдары жок, алар бир кыйла арзан жана жер үстүндөгү транспортторду каалашат. Кыргыз Республикасынын авиакомпаниясынын аба паркы ички аба каттамдарынын учууларын аткаруу үчүн 50-70 кресло баткан аба кемелери жок.

«Кербен» аэропортунда 2018-жылга учуп-конуу тилкесин калыбына келтирүү боюнча иштер пландаштырылган. Бирок азыркы убакта Кыргыз Республикасында «Кербен» аэропортунда учуу мүмкүнчүлүгүн аткарууга, учуп-конуу тилкесинин чакан өлчөмүнө байланыштуу учактар жок.

АУТнын жабылышын оңдоо боюнча иштер такай учуулар болгон «Исфана» жана «Жалалабад» сыяктуу аэродромдордо жүргүзүлүп келет. Калган аэропорттордо капиталдык оңдоолорду жүргүзбөстөн күнүмдүк гана оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Аэродромдордун абалынын начарлаганына байланыштуу аэродромдордун ылайык келүү сертификаттарын узартуу, ага улай аларды пайдалануу мүмкүн эмес болууда. Маселен, «Кербен» жана «Талас» аэропортторунда учактарды пайдаланууга тыюу салынган, «Нарын» жана «Казарман» аэропортторуна пайдалануу чектөөлөрү киргизилген.

 

Кыргыз Республикасынын региондук аэропортторунун негизги проблемалары:

 

Анткени бул аэропорттордо учуулар аткарылбайт же жетиштүү эмес көлөмдө аткарылууда, бул аэродромдорго жетиштүү эмес көңүл бурулууда. Андыктан региондук аэропорттордун техникалык абалы эскирген абалда болууда. Жабуулардын ортосундагы оңдоо мезгили 8-10-жылды түзөт, андан соң жабууну асфальтбетондун жаңы жабуусу менен жабылышы зарыл болот. Бирок аэропорттордо пайдалануу мезгилинде учуп-конуу тилкесин жабуу аткарылбайт. Пайдаланууга эң алгачкы «Нарын» аэропорту 1964-жылы берилген. Региондук аэропорттордун узак мөөнөтөн бери пайдаланылып жаткандыгын эске алсак, алардын техникалык жана моралдык абалдары эскирген.

Кыргыз Республикасында 1700-2000 метр АУТнын узундугу менен аэродромдорду пайдалануу үчүн региондорго уча турган учактар жок. Азыркы убакта ички багыттар боюнча бардык каттамдар сыйымдуулугу 99 жүргүнчүгө чейинки ВАе146-200 тибиндеги учактарда жүзөгө ашырылат, бирок региондук аэродромдордогу АУТнын жетишсиздигине же мындай типтеги учактар үчүн бекемдиги чектелгенине байланыштуу мындай каттамдар авиакомпанияны чыгашага учуратып, жүргүнчүлөрдүн чектелген саны менен жүзөгө ашырылат. Жергиликтүү багыттар боюнча учактарды чектөөсүз жана учактардын кооптуу коркунучтарысыз аткаруу үчүн 50-70 кресло баткан өз ара-резервдик эки регионго уча турган типтеги аба кемесин сатып алуу зарылдыгын белгилөө зарыл. Мындай учурда мамлекет социалдык жана саясий маселелерди чечүүдө негизги кызыкдар жак катары улуттук авиаташуучуга мындай аба кемелерин сатып алууга колдоо көрсөтүүгө тийиш. Жетиштүү регулярдуу учууларды аткарган учурларда аэропорттор негизги ишинен алынган финансы каражаттарын бөлүү, күтүү жана аэропортторду өнүктүрүү абалына жетишет.

Иш жүзүндө бардык айтылган аэропорттор чыгашалуу болуп саналат. Ички багыттар боюнча регулярдуу учуулар «Жалалабад», «Баткен» жана «Исфана» аэропортторунда жүзөгө ашырылат. «Талас» жана «Кербен» аэропортторунун канааттандырарлык эмес техникалык абалынын себебинен региондук аэропортторду жетишсиз каржылоо болгон, мындан улам бул аэродромдордун сертификаттары чакыртып алынган. Ушундай эле себептер менен «Нарын» жана «Казарман» аэродромдорунун ылайык келүү Сертификаттарын чакыртып алуу коркунучу бар.

Аэропорттордун инфратүзүмдөрүнө, реконструкциялоо боюнча аталган иштерди жүргүзүү жана аэродром жабдууларын сатып алуу үчүн инвестицияларга муктаждыгы жыл сайын өсүүдө, «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын өздүк каражаты жетишсиз. Айтылган аэропорттордун рентабелдүү эместиги инвестицияларды салуу объектиси катары аэропорттордун инвестициялык тартымдуулугу бир кыйла төмөн. Аэропорттордун бир бөлүгү ал тургай, реконструкциялоону жүргүзгөн учурда, бир топко арзан инфратүзүмдөрү бар жолдорду жерде жүргөн транспортту пайдаланууну артык көргөн региондун жашоочуларынын айынан аларды пайдаланышпайт. Региондук аэропорттордо авиакаттамдарды уюштуруу аракети авиабилеттердин сатылбаганына байланыштуу үзгүлтүккө учуроодо.

Аэропорттордо айланасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын – Аба кодексин бузуу менен курулуштар активдүү жүрүүдө, аба кемелери келүү зонасында коопсуз учууларга терс таасир этүүчү курулмалар курулууда. Алсак, маселен «Баткен», «Каракол», «Жалалабад», «Кербен» аэропорттору ушундай курулган, демек аларды кеңейтүүгө болбойт. Аэропорттордун көпчүлүк бөлүгү региондордун өнүгүү планына кирбейт, айрым аэропорттордун ордуна башка объектилер пландаштырылат.

Комитеттин жыйынында депутаттар У.З. Ормонов, М.Э. Мавлянова, К.Ш. Баймуратов, Жунус уулу Алтынбек, С.М. Джураев, Н.К. Алимбеков жана А.М. Эргешов тарабынан май куюучу комплекстердин иши, финансы каражаттарын бөлүштүрүү, «Манас-Менеджмент» мекемесин сатып алуунун негиздүүлүгү жана максатка ылайыктуулугу, кирүү-чыгуу залдарындагы, жүк бөлүмдөрүндөгү ишти уюштуруу, имарат-жайларды ижарага берүү жана аларды тыкыр изилдөө үчүн жумушчу топ түзүү маселелери козголду.

Ошондой эле депутат У.З. Ормонов «Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын башкы директору Ж.Т. Бектургановго жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун жооптуу кызматкерлерине аталган мекемени аңдап туруп банкроттук абалга жеткиргендиги үчүн жоопкерчиликке тартуу зарылчылыгын белгиледи.

 

Баяндалгандардын негизинде Комитет төмөнкүдөй чечимге келди:

 

1. «Манас» эл аралык аэропорту» ААКны жана региондук аэропортторду өнүктүрүү боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Р.Т. Тулебердиевдин маалыматы эске алынсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын:

- бийликтин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан аэропорттор жайгашкан аймакка «Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын бардык аэродромдору стратегиялык объект болгондугунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 532 токтомунун талаптарын кыйшаюусуз сактоого жана аэропортко тоскоол кылган курулуштарды калктуу конуштарды курууга тыюу салууга жетүүсү;

- «Манас» аэропортунун келечек өнүгүшүнө арналган 489,0 га жерди кайтаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-майындагы № 295 токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө маселени карасын;

- Комитеттин 2017-жылдын 28-ноябрындагы чечиминин төмөнкүлөр сунушталган пунктун кароого кайрадан кайрылсын - «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын жана региондук аэропорттордун натыйжалуулугун арттыруу жана өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелесин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.

- «Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын башкы директору Ж.Т.Бектургановго жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун жооптуу кызматкерлерине аталган мекемени кризистик абалга жеткиргендиги үчүн укуктук баа берилсин.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду:

- инвестициялык өнөктөштөрдү кызматташууга тартуу боюнча чараларды кабыл алсын, ал сунуш «Манас» эл аралык аэропорту» ААКны жана региондук аэропортторду өнүктүрүү боюнча бир кыйла артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн улуттук кызыкчылыкдарга ылайык келет;

- чарбалык иштердин натыйжасында алынуучу жыл сайын республикалык бюджетке чегерилүүчү пайдадан дивиденддердин үлүшүн төмөндөтүү жөнүндө жана аларды аэропортторду өнүктүрүүгө андан ары багыттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдына сунуштасын.

 

4. «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы:

- жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын арттыруу максатында «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторунун аэровокзалдык комплексттерин модернизациялоо жана кеңейтүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууну, транзиттик залдарды уюштурууну, туристтик тартымдуулук максатында тейлөөнү жакшыртууну тездетсин;

- «Манас» аэропортун өнүктүрүүнүн келечегин жана экинчи учуп-конуу тилкесин курууну эске алуу менен аны курууга жаткан аймакты резервдөөнү карасын.

5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттиги:

 

- региондук аэропорттордун инфратүзүмдөрүн өнүктүрүү маселелеринде аэродромдун жака-белине имараттарды, курулмаларды же башка объекттерди куруу, жайгаштыруу, орнотуу же пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптардын сакталышына, курулуштар чектелүүчү зоналардын ченемдердин сакталышына такай контролду жана Архитектура, курулуш жана турмуш-тиричилик коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз өз ара аракеттенүнү жүзөгө ашырсын;

- Мамлекеттик санитардык-эпидиомологиялык кызмат менен бирдикте аэродромдун жака-белинде санитардык-коргоо зоналарынын талаптарынын сакталышына такай контролду жүзөгө ашырсын.

6. «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын ишмердүүлүгүн ар тараптуу изилдөө үчүн жумушчу тобу түзүлсүн;

7. Комитеттин чечиминин аткарылышынын жүрүшү тууралуу 2018-жылдын 30-декабрына чейин маалымат берилсин;

8. Чечимдин аткарылышын контролдоо Комитеттин бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                  М.А. Аманкулов

Көрүүлөрдүн саны : 1083