Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2018-жылдын 5-июнундагы Улуу манасчы Ж. Мамайдын эстелигин орнотууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын фондунан акча каражатын бөлүп берүү сунушу тууралуу ЧЕЧИМИ

13-06-2018 10:32

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2018-жылдын 5-июнундагы

 

Улуу манасчы Ж. Мамайдын эстелигин орнотууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын фондунан акча каражатын бөлүп берүү сунушу тууралуу

 

ЧЕЧИМИ

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюшча комитетине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты У.З. Ормоновдон Улуу манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына байланыштуу, анын атын түбөлүккө калтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын фондунан Ж. Мамайдын Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы улуу манасчылардын айкелдеринин катарына кызыл граниттен айкелин орнотуу үчүн кошумча 250 000 сом акча каражатын бөлүп берүү тууралуу суранган кайрылуусу келип түшкөн.

Комитет бул сунушту карап чыгып, төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы              Д.А. Джумабековго Улуу манасчы Ж. Мамайдын айкелин орнотуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын фондунан 250 000 (эки жүз элүү миң) сом бөлүп берүү маселеси сунушталсын.

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кароосуна киргизилсин.

 

 

Төрага                                                                                   М.А. Аманкулов

Көрүүлөрдүн саны : 734