Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2018-жылдын 26-июнундагы «Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна КОРУТУНДУСУ

27-06-2018 12:51

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2018-жылдын 26-июнундагы

«Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

 

КОРУТУНДУСУ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан сунушталган «Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун (Өкмөттүн 2018-жылдын 7-июнундагы №275-токтому) карап чыгып жана талкуулап, төмөндөгүлөрдү билдирет.

Бул Мыйзам долбоору 2017-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси күчүнө киргендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларын ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.

Кыргыз Республикасынын кабыл алынган Бюджеттик кодексинин ченемдерине ылайык атайын каражаттардын ченемдери жоюлат жана анда Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине ылайык мамлекеттик акыга кызмат көрсөтүүлөрдөн, бюджеттик мекемелер тарабынан демөөрчүлүк жардамдарды алуудан же ыктыярдуу төгүмдөн, камкорчулук төгүмдөн, кайрымдуулуктан  же гранттык жардамдардан, биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык институттар которгон чегеримдерден, жеке өндүрүлгөн товарларды сатуудагы каражаттардан түшкөн каражаттар топтолгон атайын казыналык эсептер жөнүндөгү ченем киргизилет.

Төлөм, жыйноо, айып пул түрүндө келип түшкөн бардык акча каражаттары республиканын бюджетинин кирешесине которулушу керек.

Бул мыйзам менен атайын казыналык эсептерде топтолгон каражаттарды түзүү боюнча мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жатат.

Талкуулоонун жүрүшүндө депутат К.М. Жумалиев тарабынан мыйзам долбоорун экинчи окууда кароого даярдоодо мекемелер жана ишканалар тарабынан атайын казыналык эсепке чегерилген акча каражаттарын алардын андан ары, кыйынчылыксыз, жеке керектөөлөрүнө пайдалануу механизмин түзүү боюнча сунуш киргизүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселе көтөрүлдү.

Комитет тарабынан бул сунуш колдоого алынды.

 

Баяндалгандардын негизинде, Комитет төмөнкүдөй корутундуга келди:

 

1. «Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун (Өкмөттүн 2018-жылдын 7-июнундагы №275-токтому) концепциясы жактырылсын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин кароосуна киргизилсин жана аны биринчи окууда кабыл алуу сунушталсын.

2. Ушул корутунду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Бюджет жана финансы боюнча Комитетине жөнөтүлсүн.

 

Төрайым                                                                             М.Э. Мавлянова

 

Көрүүлөрдүн саны : 567