Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тескемесинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2018-жылдын 26-июнундагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Мамлекеттер аралык авиациялык комитетинин ортосундагы териштирүүлөр жаатындагы өз ара аракеттенүү жана авиациялык кырсыктардын алдын алуулар тууралуу макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө” ЧЕЧИМИ

27-06-2018 12:52

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тескемесинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2018-жылдын 26-июнундагы

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Мамлекеттер аралык авиациялык комитетинин ортосундагы териштирүүлөр жаатындагы өз ара аракеттенүү жана авиациялык кырсыктардын алдын алуулар тууралуу макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө”

ЧЕЧИМИ

 

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги тарабынан сунушталган “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Мамлекеттер аралык авиациялык комитетинин ортосундагы териштирүүлөр жаатындагы өз ара аракеттенүү жана авиациялык кырсыктардын алдын алуулар тууралуу макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тескемесинин долбоорун карап жана талкуулап чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет.

         Макулдашууга катышуучу-мамлекеттердин кызыкчылыктарында авиациялык кырсыктарды жана олуттуу жаңжалдарды териштирүүлөр ИКАО стандарттарына толук ылайыктуулукта региондогу жана чет өлкөдөгү мамлекеттерде өткөрүлөт.

ИКАОнун стандарттарына ылайык, териштирүү жаатындагы Мамлекеттер аралык авиациялык комитетинин (МААК) жогорку натыйжалуулугу жана профессионалдуулугу бир нече ирет ИКАО тарабынан ырасталган.

Европа биримдигинин “Бирикменин тизмесинен” (ЕБ “Кара тизмеси”) Кыргыз Республикасынын авиакомпанияларын чыгаруу боюнча иш-чаралардын планы менен “ИКАО талаптарына ылайык авиациялык кырсыктарды жана жаңжалдарды териштирүү тууралуу МААК менен макулдашууга кол коюу” иш-чаралары коюлган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен МААКтын ортосундагы териштирүүлөр жаатындагы өз ара аракеттенүү жана авиациялык кырсыктардын алдын алуулар тууралуу макулдашуунун долбооруна кол коюу, адистердин таңсыктыгы, кесиптик техникалык жабдууларга, тиешелүү лабораторияларга ээлик кылбаган Кыргыз Республикасына максатка ылайыктуу болот.

         Жогоруда баяндалгандын негизинде, Комитет төмөнкүдөй чечим кабыл алды:                                                                                                                                                                                                                                             1. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Мамлекеттер аралык авиациялык комитетинин ортосундагы териштирүүлөр жаатындагы өз ара аракеттенүү жана авиациялык кырсыктардын алдын алуулар тууралуу макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тескемесинин долбоору жактырылсын.                         

         2. Комитеттин чечими Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине жөнөтүлсүн.

 

Торайым                                                                              М.Э. Мавлянова

Көрүүлөрдүн саны : 611