“Доха шаарында 2018-жылдын 21-январында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин КОРУТУНДУСУ

12-09-2018 14:19

“Доха шаарында 2018-жылдын 21-январында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

КОРУТУНДУСУ

      “Доха шаарында 2018-жылдын 21-январында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сунуш кылган Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети төмөнкүлөрдү белгилейт.

      Көрсөтүлгөн Макулдашууну Ратификациялоо Кыргыз Республикасы менен Катар Мамлекетинин ортосундагы эки тараптуу саясий, экономикалык, маданий кызматташтыкты өнүктүрүү жана эки мамлекеттин ортосундагы түздөн-түз аба катнашын жүзөгө ашыруу үчүн шарт түзүүгө мүмкүндүк берет, Кыргыз Республикасы менен Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн ортосундагы учуулардын географиясын кеңейтүү жана аба ташууларын көбөйтүү кызыкчылыктары коюлган.

      Баяндалгандардын негизинде Комитет төмөнкүдөй корутундуга келди:

1. “Доха шаарында 2018-жылдын 21-январында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын жана аны биринчи окууда кабыл алуу сунушталсын.

2. Комитеттин корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук (И.Пирматов) боюнча комитетине жиберилсин.

 

Төрага                                                           М.Э.Мавлянова

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 397