Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна КОРУТУНДУСУ 2018-жылдын 23-октябрындагы

05-11-2018 17:06

                                                                                                                  

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

«Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

КОРУТУНДУСУ

                  2018-жылдын 23-октябрындагы

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджеттик резолюциясында жана 2020-2021-жылдарга божомолунда аныкталган негизги артыкчылыктарды жана багыттарды эсепке алуу менен иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-сентябрындагы №450-токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри К.А. Боронов жана финансы министри А.А. Касымалиевдин маалыматарын угуп, кураторлук кылуучу министрликтерден жана ведомстволордон келип түшкөн сунуштар менен таанышып, төмөнкүлөрдү белгилейт.

Бюджеттин долбоорундагы эсептердин негизи болуп фискалдык саясатынын негизги багыттарынын параметрлери кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын 2019-2021-жылдарга фискалдык саясатынын негизги багыттарын түзүүдө максаттуу багыттарды эсепке алуу менен, 2019-жылга түзөтүлгөн орто мөөнөттүү мезгилге Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн базалык (болжолдуу) макроэкономикалык сценарийи негиз болду.

2019-жылында ИДПнын реалдуу өсүү темпи экономика тармактарынын өсүшүнүн эсебинен 4,0%, 2020-жылында 4,4% жана 2021-жылында 4,2% деңгээлине жетет: кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү (2019-ж. – 3,6%, 2020-ж. – 3,8%, 2021-ж. – 3,9%), курулуш (2019-ж. – 11,6%, 2020-ж. – 8,7%, 2021-ж. – 9,1%), айыл чарбасы (2019-ж. - 2,7%, 2020-ж. – 3,0%, 2021-ж. - 3,3%), өнөр жайы (2019-ж. – 2,3%, 2020-ж. – 5,0%, 2021-ж. – 3,2%).

ИДП өндүрүшүнүн  структурасында кызмат көрсөтүүлөрдүн салыштырма салмагынын өсүү динамикасы 2019-ж. 48,6%,  2020-ж. 48,9% (2021-ж. – 49,3%) деңгээлде болжолдонот. ИДПда өнөр жайдын үлүшү 2019-ж. 17,6%дан  2020-ж. 17,4%га чейин төмөндөйт (2021-ж. - 17,0%). Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды кошпогондо өнөр жайдын салыштырма салмагы  2019-жылы  9,3%дан  2020-жылы 9,9%га чейин жогорулайт (2021-ж. – 10,3%). ИДПда курулуштун салыштырма салмагы 2019-жылы  8,7%дан 2020-жылы 8,9%га чейин жогорулайт (2021-ж. - 9,1%). Айыл чарбасынын салыштырма салмагы 2019-жылы 11,9%дан 2020-жылы 11,5%га чейин төмөндөйт (2021-ж. – 11,2%).

Маалымат жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмү 2019 – 2021-жылдарда орточо - 1,1%га көбөйүшү болжолдонот.

Транспорттук иштердин жана жүктөрдү сактоонун кызмат көрсөтүүлөрүнүн өсүшү 2019 – 2021-жылдарга салыштырмалуу 6,2%, 6,0%, 5,9% деңгээлине болжолдонот.

Бул өсүш эл аралык автотранспорттук кызматтарды көрсөтүүдөн, жаңы жолдорду куруудан жана иштеп жаткан жолдорду жаңылоодон, учуу географиясын улантуудан, кеңейтүүдөн, атамекендик жүк ташуучулар үчүн шарттарды жакшыртуунун эсебинен камсыздалат.

2019-2021-жылдардагы курулуштун өсүү темпи салыштырмалуу 11,6%, 8,7%, 9,1% деңгээлине болжолдонот.

Курулуштагы артыкчылыктуу багыттар төмөнкүлөр:

  • муниципалдык автожолдорду куруу жана реконструкциялоо жолу менен шаар жолдорун жана тротуарларды куруу;
  • ченемдик сапаттагы ичүүчү суу менен калктын камсыздалышын жогорулатуу үчүн ичүүчү суу жабдууларын жана суу бөлүштүрүү системаларын куруу, реконструкциялоо жана жаңылоо;
  • жеке турак жай объекттерин куруу;
  • айыл чарба азыктары үчүн логистикалык борборлорду, сактоочу жайларды курууну өнүктүрүү;
  • капиталдык курулуштун керектөөлөрүн жана курулуш материалдарынын саппаттуу түрлөрүнө эксплуатациялык муктаждыктарды камсыздоо;
  • эл аралык талаптарга жооп берген жаңы курулуш материалдарын өндүрүү.

Калктын жеке башына болгон ИДПнын көлөмү 2019-жылкы 1 399,8 АКШ доллардан 2021-жылы 1 602,7 АКШ долларга чейин өсөт.

2019-жылга мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эсепке алуу менен мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 170 151,8 млн. сом суммасына же ИДПнын 28,1 % деңгээлине болжолдонот. ИДПга карата мамлекеттик бюджеттин болжолдонгон кирешеси 2018-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу салык кирешелерин 0,1%га төмөндөтүүнүн жана 0,8%га алынган расмий трансфеттердин эсебинен 1,0%га төмөндөйт. 2018-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу кирешелердин көлөмүнүн көрүнүшү 8,8%га же 13 798,2 млн. сомго көбөйөт.

2020-2021-жылдар мезгилинде мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эсепке алуу менен мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү салыштырмалуу 177 127,3 млн. сомго жана 183 236,3 млн. сомго чейин өсөт.

Мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эсепке алуу менен 2019-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 151 454,5 млн. сом суммасында же ИДПнын 25,0%ында каралууда.

Кыргыз Республикасынын 2019-жылга Бюджеттик резолюциясына жана 2020-2021-жылдарга божомолуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2019-2021-жылдарга фискалдык саясатынын негизги багыттарына ылайык 2019-2021-жылдарга мамлекеттик чыгашалар саясатынын максаты артыкчылыктуу эмес чыгашаларды кыскартуу менен катар, бардык социалдык милдеттемелерди аткаруу менен, мамлекеттик чыгашалардын социалдык багыттуулугун сактоо болот.

Финансылык активдерди эсепке албаганда, 2019-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 161 710,7 млн. сом деңгээлине же ИДПнын 26,7%ына белгиленген, ал 2018-жылга бекитилген бюджеттен 561,3 млн. сомго (161 149,4 млн. сом) көп.

 

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги

(мындан ары – ТжЖМ)

 

2019-жылга «транспорт» деген бөлүм боюнча чыгаша атайын эсептин 90 млн. сом каражатынын эсебинен же 2018-жылдын бекитилген бюджетинин деңгээлинде, мамлекеттик инвестициялардын 12 020,1 млн. сом каражатынын эсебинен, 2018-жылдын бекитилген бюджетинен 6 413,1 млн. сомго же 30,9%га азайтуу менен 14 361,6 млн. сом суммасында каралган.

 

млн. сом

Аталышы

2017-ж. факт

2018-жыл бекитил

2019-ж. долбоор

чет. каг.

2020-жыл

болжол

2021-жыл болжол

Бары

17 561,7

20 774,7

14 361,6

-6 413,1

10 617,7

6 224,1

бюджеттик каражат

2 388,8

2 221,5

2 251,5

30,0

2 270,0

2 278,8

ТжЖМ БА

77,8

69,2

43,1

-26,1

43,1

43,1

Жол чарба департаменти

1 977,6

1 894,8

1873,3

-21,5

1 896,4

1 908,8

Жарандык авиация агенттиги

191,9

95,3

179,9

84,6

173,3

153,3

ТжЖМ караштуу АСТ ж. СТӨКА

141,5

162,2

155,2

-7,0

157,2

173,0

Атайын эсептин каражаты

37,9

90,0

90,0

0

90,0

90,0

ЖЧД

37,9

90,0

90,0

0

90,0

90,0

Маминвестициялар

15 135,0

18 463,2

12 020,1

-6 443,1

8 257,7

3 855,3

 

 

Автожолдорду оңдоого, пайдаланууга жана реабилитациялоого 13 893,4 млн. сом суммасында каражатты багыттоо каралган, ал каралган каражаттын 96,7%ын түзөт.

Мамлекеттик инвестициялардын каражаттарынын эсебинен кошумча каржылоого 711,0 млн. сом, тышкы каржылоого 11 309,1 млн. сом каралган. Инвестициялык чыгашалардын белгилүү көлөмү төмөнкү долбоорлордун эсебинен күтүлүүдө: Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан каржылануучу «БАРЭК 3 коридорун өркүдөтүү (Бишкек-Ош автожолу), 4-Фаза»; Япония (JICA) каржылануучу «Эл аралык каттам жолдорун жакшыртуу»; Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан каржылануучу «БАРЭК 1 жана 3 коридорлорун бириктирүүчү жолдор»; Ислам Өнүктүрүү Банкы тарабынан каржылануучу «Ош-Баткен-Исфана» автомобиль жолдорун реабилитациялоо»; Евразия Өнүктүрүү Банкы тарабынан каржылануучу «Бишкек-Ош» автожолун жакшыртуу»; Кытай Эл Республиксы тарабынан каржылануучу «Түндүк-Түштүк» альтернатива жолун куруу».

КР ТжЖМ милдеттерди аткаруусу 2019-жылга 2 933 582,1 миң сом суммасына кошумча каржылоо зарыл, анын ичинде:

- КР ТжЖМнын борбордук аппаратына- 21 430,1 миң сом;

- «Эл аралык уюмдарга утурумдук гранттар» деген 2621-статья боюнча кошумча 16 123,5 миң сом зарыл;

- ЖЧД борбордук аппараты боюнча 7 361,3 миң сом;

- ЖЧД (ведомствого караштуу уюмдар) боюнча 641 100,0 миң сом суммасында кошумча каржылоо зарыл;

- анын ичинде, кредиттик карыздарды жоюу үчүн 2019-жылга кошумча 576,6 млн. сом зарыл.

Жарандык авиация агенттигине,  Кыргыз Республикасынын расмий өкүлчүлүктөрүн аба транспорту менен кызмат көрсөтүү үчүн бөлүнгөн каражат  жетиштүү эмес, айтылган иш чараларга 150 000 миң.сомго чейин кошумча чыгымдарды көбөйтүү керек.

2018 жылга Мамлекеттер аралык авиация агенттигине (МАК)  Кыргыз Республикасынын  мүчөлүк акысы 2341,8 миң.росс.рубль  карызды түзөт (2341,8миң. росс.рубль *1,0522 сом КРУБ курсу 16.10.2018ж=2461,1 миң.сом). 2019 жылга төлөнүүчү  мүчөлүк акы боюнча маалымат келген эмес. 2019 жылына карата, 2018-жылдын мүчөлүк көлөмүндөгү акыны 2341,8 миң.росс.рубль  киргизүү керек.

Кыргыз Республикасы  Мамлекеттер аралык авиация агенттигине (МАК)  мүчөлүгүнө маанилүүлүгүн эске алып, Бюджеттин орто мөөнөттө болжолу 2019-2021 жылдар долбооруна киргизип,  мүчөлүк акыларды Мамлекеттер аралык авиация агенттигине (МАК) төлөө жөнүндө маселени чечип  жана эл аралык уюмдардын артыкчылыктуу тизмесинин негизинде төлөнүүсү зарыл.

 

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети (мындан ары – МТжБМК)

 

2019-жылга МТжБМКнын чыгашалары 1 536,9 млн. сом суммасында каралган:

- МТжБМКнын борбордук аппараты боюнча 2018-жылга бекитилген бюджетке карата 20,8 млн. сомго көбөйтүү менен бюджеттик каражаттын эсебинен 653,3 млн. сом (бөлүм 7049);

- МТжБМКга караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги боюнча 108,9 млн. сом, анын ичинде 26,2 млн. сомго жана атайын каражаттардын эсебинен - 4,9 млн. сомго же 2018-жылдын бекитилген бюджетинин деңгээлине көбөйтүү менен бюджеттик каражаттын эсебинен – 104,0 млн. сом;

- МТжБМКга караштуу Мамлекеттик фельдъегер кызматы боюнча бюджеттик каражаттын эсебинен же 2018-жылдын бекитилген бюджетинин деңгээлинде 32,8 млн. сом;

- МТжБМКга караштуу кайра түзүлгөн Электрондук өз ара аракеттенүү борбору боюнча 14,1 млн. сом (субсидия).

727,7 млн. сом суммасында мамлекеттик инвестициялардын каражаттары каралган.

 млн. сом

Аталышы

2017-ж. факт

2018-ж. бекит

2019-ж. долбоор

чет. каг.

2020-ж. болжол

2021-ж. болжол

Бары

 

405,3

 

1 392,3

 

1 536,9

 

144,6

 

1 169,0

 

1 427,8

бюджеттик каражаттар

238,2

743,1

804,3

61,2

246,2

248,8

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамкомитети (аппарат)

156,7

632,5

653,3

20,8

93,0

94,0

Байланыш мамагенттиги

49,2

77,8

104,0

26,2

105,0

106,0

Фельдкызмат

32,3

32,8

32,8

0

33,2

33,2

Электрондук өз ара аракеттенүү борбору

 

 

14,1

14,1

 

 

атайын эсептин каражаттары

 

167,1

 

4,9

 

4,9

 

0

4,9

4,9

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамкомитети (аппарат)

48,9

0

0

-

0

0

Байланыш мамагенттиги

118,2

4,9

4,9

0

4,9

4,9

Мамлекеттик инвестициялар

0

644,4

727,7

83,3

917,9

1 174,1

 

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин борбордук аппараты боюнча чыгашаларды 20,8 млн. сом суммасына көбөйтүү өлкөнүн санариптик трансформациясынын жалпы улуттук программасын 500 млн. сом суммасы бөлүгүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаңы доорго – кырк кадам» программасын ишке ашырууга чыгашалардын кыскарышына, ошондой эле «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компененттеринин техникалык-экономикалык негизделишине ылайык конкурстун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн келишимдерге ылайык подрячиктерден, ошондой эле «Коопсуз шаар» автоматташтырылган маалыматтык системаны техникалык коштогон жана колдогон техникалык операторлор тарабынан иш жүзүндө төлөнгөн айыптардын эсептерин жүзөгө ашыруу үчүн 561,3 млн. сом суммасындагы чыгашалардын кошулушуна байланыштуу.

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети тарабынан 2 819,6 млн. сом жалпы суммага «Digital CASA» (ДБ) долбоору ишке ашырылат.

Бул мезгилде транспорт секторунда 24 133,1 млн. сом жалпы суммага бир катар ири долбоорлор ишке ашырылат.

Мында 2019-жылга жүктөлгөн милдеттерди жана иш-милдеттерди аткаруу максатында Мамкомитетке 1 932 280,0 миң сом жалпы суммадагы финансы каражаты зарыл. КР Мыйзам долбоору боюнча каралган жана 2019-жылга талап кылынган сумманын ортосундагы айырма 414 374,5 миң сом сумманы түзөт. 2019-жылы жеткиликтүү каржыланбай калган учурда бул сумма төмөнкү иш-чараларды ишке ашырууда үзгүлтүккө алып келүү тобокелдигин жаратат.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттиги боюнча да 4437185,7 миң сом жалпы суммага каржылоонун белгилүү көлөмү каралат, бирок өздөрүнүн иш-милдеттерин толук кандуу аткаруу үчүн 2019-жылга 222,0 млн. сом кошумча каржылоо зарыл, анын ичинде:

- (жаңыларды иштеп чыгууга жана иштеп жаткан ЧТДны кайра кароого), колдонуудагы ченемдерди эл аралык, европалык жана регионалдык ченемдер менен шайкештирүүгө - 20,0 млн. сом;

- Ысык-Көл курорттук-рекрациондук зонанын Башкы схемасын иштеп чыгуунун 3-этабын бүтүрүүгө; Ысык-Көл курорттук-рекрациондук зонанын Инженердик инфратүзүмдөрүнүн концепциясына - 7,0 млн. сом;

- «2015-2019-жылдарга Кыргыз Республикасында сейсмикалык коопсуздугу» мамлекеттик программасын ишке ашырууга - 38,6 млн. сом;

- Мамлекеттик сейсмотуруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо институтунун өндүрүштүк корпусун жана лабораториясын калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө – 30,4 млн. сом;

- Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгууга - 50,0 млн.сом;

- процесстерге бардык тартылган маморгандарга жана ресурс- берүүчү уюмдарга орнотуу менен, курууга уруксат алуу үчүн онлайн режимдеги (электрондук түрдөгү) зарыл документтерди берүү мүмкүндүгү менен (Бир терезе) электрондук платформаны иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө - 40,0 млн. сом;

- республикалык деңгээлде мамлекеттик шааркуруу кадастрын түзүүгө (шааркуруу документтеринин көп катмардуу картасын түзүүгө, бардык деңгээлдерде шааркуруу ишинин субъекттерин маалыматтык камсыздоого жана шааркуруу документтеринин сакталышын электрондук камсыздоого жана шааркуруу документтерине өзгөртүүлөрдү ыкчам киргизүүгө) – 30,0 млн. сомов;

- курулушта лицензиларды жана квалификациялык сертификаттарды берүү үчүн электрондук системаны ишке киргизүүгө – 6,0 млн. сом.

млн. сом

1-таблица. Тышкы жана ички каржылоо

МИП

2016 факт

2017 факт

2018

бекит.

2019

долбоор

2020

болжол

2021 болжол

Тышкы

Гранттар

3 403,8

5 666,6

10 304,6

9 494,5

9 666,6

5 905,8

Кредиттер

20 767,5

22 222,8

27 336,1

22 834,7

22 914,2

13 321,2

 

Бардык тышкы

24 171,3

27 889,4

37 640,7

32 329,2

32 580,8

19 227,0

Ички

 

504,1

975,7

1 612,1

1 266,7

1 519,8

 711,2

жыйынтыгы

 

19 766,1

28 865,1

39 252,8

33 595,9

34 100,6

19 938,2

 

3-таблица. Донорлор боюнча бөлүштүрүү

млн. сом

Донор

2016

факт

2017

факт

2018

бекит.

2019

долбоор

2020

болжол

2021

болжол

Кытай Эл Республикасы

17 189,8

16 804, 7

12 837, 6

8 310,3

1 053,3

 

Азия Өнүктүрүү Банкы

2 191,5

3 406,5

5 271, 9

2 843,6

4 792,1

2 886,8

Дүйнөлүк Банк

1 704, 0

2 906,4

6 564, 6

6 753,2

7 051,7

4 450,1

АКГ (ИБР, СФР,КФАЭР, ФРАД)

1 254,3

1 402,4

2 771,1

4 030,8

5 933,4

3 435,5

ЕӨБжР (SECO кошумча каржылоо)

675, 5

1 182,3

3 723, 5

3 989,3

3 239,1

888,2

Германия Өнүктүрүү Банкы (КФВ)

397,0

757,2

1 555, 8

1 135,2

706,5

39,2

Башка (Япония, МФСР, ЕАБР ж. б.)

759,2

1 430

4 916,2

5 266,8

9 804,8

7 527,1

Бардыгы

24 171,3

27 889,4

37 640,7

32 329,2

32 580,8

19 227,0

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы (мындан ары – МКК)

ММК караштуу Кадастр жана кыймылсын мүлккө укуктарды каттоо департаменти, Кызматка караштуу ттранспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаменти, Кызматка караштуу «Кыргыз почтасы» Мамлекеттик ишканасы боюнча «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун телефонограммасына карата төмөндөгүнү билдирет.

2019-2021-жылдарга фискалдык саясаттын негизги багыттарынын алкагында «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан Кызматтардын бюджеттеринин контролдук цифралары жөнөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-мартындагы № 82-б буйругуна ылайык «Таза Коом» санариптик трансформация программасынын алкагында долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жана МКК караштуу «Кыргыз почтасы» Мамлекеттик ишкананын маалыматтык күркөлөрүн кармоого жана өнүктүрүүгө 40 000,0 миң сом бөлүнгөн. Ушуга байланыштуу Кызматтын бул сынамык долбоорун узартуу үчүн Кызматтын борбордук аппаратынын чыгаша сметасына 2019-жылга 40 000,0 миң сомду кароону өтүнөт.

Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменти жана Унаа каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо департаменти  учун 2019- жылга кошумча 30896,6  миң сом каржылоо каралсын.

Каралып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутаттар тарабынан финансы министрлиги министрликтерге жана ведомствстволорго: КРнын ТжЖМ; КР ИИМдин ЖКККББ; КРнын Бажы кызматына финансылык карыздарды (өткөн карыздарды жоюу) төлөп берүү зарылчылыгы боюнча бир катар сын-пикирлер жана сунуштар айтылды – бул боюнча Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министр К.А. Боронов макулдугун билдирди.

КРнын бажы кызматы боюнча, КРнын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 226 токтому менен бекитилген бажы кызматынын өнүктүрүү фонду бажы органдарынын натыйжалуу иштеши үчүн зарыл материалдык-техникалык шарттарды түзүү максатында түзүлгөн, ал күчүнө кирген учурдан баштап, Финансы министрлиги тарабынан МБКнын чыгымдар бөлүгүнөн атайын каражаттарды алып салуу демилгеленип 2019-жылга карата атайын каражаттар боюнча контролдук цифралар берилбегендиктен (2019-жылга бюджеттин долбоорунда 571 867,9 миң сом сумма көрсөтүлүп, бирок МБКнын материалдык-техникалык базасын кармоого чыгымдар каралган эмес).

Жыл жыйынтыгы боюнча мамлекеттик ишканалардын ишмердүүлүгүнүн рентабельдүүлүгүн жана эффективдүүлүгүн аныктоо максатында мониторинг өткөрүп, чыгашалуу болгон учурда жетекчиликтин кызмат ордуна ылайыктуулугун кароо боюнча маселесин, ошондой эле  Орус-Кыргыз Өнүктүрүү фондунан инвестиция тартуу менен жаңы ченемдерди жана инновациялык курулуш материалдарын иштеп чыгууга чакырылган, иш жүргүзүп жаткан институттардын илим-изилдөө базаларын жаңылоо боюнча чаралар көрүлсүн.

 

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Комитет төмөнкүдөй корутундуга келди:

1. Комитеттин сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору толугу менен жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү андан ары өркүндөтүү максатында «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна төмөнкүлөр үчүн кошумча финансы каражаттарын карасын:

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин борбордук аппаратына - 21,4 млн. сом;

- жол чарба департаментине - 648,4 млн. сом; анын ичинде кредиттик карыздарды жоюу үчүн  576,6  млн. сом;

- ЭАКтын мүчөлүк алымдарын төлөө маселесин чечсин, ошондой эле 2020-2021-жылдарга Орто мөөнөттүү болжолунун долбоорун Эл аралык уюмдун тизмесине киргизсин;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигине 222,0 млн. сом суммасында кошумча каржылоону карасын;

- Кыргыз Республикасынын калктуу пункттарынын башкы планын жана Бишкек шаарынын ДПД сын иштеп чыгууга 50,0 млн. сом жана Ысык-Көл курорттук-рекреациондук зонасынын башкы схемасын этабы менен бүтүрүү үчүн 7 млн. сом  каралсын;

- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине кошумча 414,4 млн. сом зарыл;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына 70,9 млн. сом суммасында кошумча каржылоону карасын;

- Кыргыз Республикасынын ИИМ ЖКККББсына 2015-жылдан  2017-жылга чейинки мезгилиндеги финансылык карыздарды төлөп берүү үчүн 47 млн. 971,7 миң сом жана жол кыймылынын коопсуздугун касыздоо боюнча толук кандуу иш алып баруу үчүн 473 млн.756,5 миң сом;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу бажы кызматынын материалдык-техникалык жана социалдык базасын өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн Өнүктүрүү фонду 500 млн. сом суммасында бекитилсин.

 

3. Бул корутунду аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү үчүн Бюджет жана финансы боюнча комитетке жөнөтүлсүн.

 

 

Төрайым                                                                              М.Э. Мавлянова

Көрүүлөрдүн саны : 521