“2018-жылдын 2-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (“Digital CASA - Кыргыз Республикасы” долбоору) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин корутундусу

05-11-2018 17:10

 

 

“2018-жылдын 2-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (“Digital CASA - Кыргыз Республикасы” долбоору) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин корутундусу

 

 

         23-октябрь 2018-жыл

 

         Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилген (2018-жылдын 4-октябрындагы № 459 токтому) “2018-жылдын 2-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (“Digital CASA - Кыргыз Республикасы” долбоору) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Комитетет төмөнкүлөрдү белгилейт.

         Долбоордун максаты жеке сектордун инвестицияларын инфратүзүмгө стимулдаштыруу жана мамлекеттик саясатты жана ченемдик-укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү жолу менен деңизге чыгуусу болбогон Борбордук Азия өлкөлөрүндө жана Түштүк Азиянын бөлүгүндө Интернетке кеңири жеткиликтүүлүктү жакшыртуу үчүн региондук трансчекаралык мамилени киргизүү болуп саналат.

         Финансылоо жөнүндө макулдашуу менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргыз Республикасына 25,0 миллион АКШ долларына экививаленттүү суммагы грант түрүндө жана 25,0 миллион долларды кредит түрүндө жылдык 0,75% менен берет. Кредитти тындыруу 2014-жылдын 15-апрелинен тартып башталат.

         Мурда ушул макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети тарабынан 2017-жылдын 12-сентябрында жактырылган.

         Жогоруда баяндалгандын негизинде Комитет төмөнкүдөй корутунду кабыл алды:

         1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилген (2018-жылдын 4-октябрындагы № 459 токтому) “2018-жылдын 2-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (“Digital CASA - Кыргыз Республикасы” долбоору) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун концепциясы жактырылсын жана аны биринчи окууда кабыл алуу сунушталсын.

         2. Ушул корутунду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине (И.А. Пирматов) жиберилсин.

 

 

 

Төрайым                                                                             М.Э. Мавлянова

 

 

 

 

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 366